6 Ağustos 2013 Salı

«Исламда зомбулук» пикири – бул дажжалияттын жана аны ээрчиген фанаттардын чыгарганы

Куран боюнча, Исламда зомбулуктун, террордун, өзүн-өзү жардыруулардын эч кандай орду жок. Куран боюнча, согуш жан, мал-мүлк, намыс коопсуздугуна коркунуч келгенде коргонуу максатында гана жасалышы мүмкүн. Ушундай учурда дагы Мусулмандар эч качан чектен чыкпашка, туткунга алган учурда туткундарга адилеттүү мамиле кылууга, ал тургай, өздөрү ачка болсо да туткундарга биринчи тамак берүүгө, аларды кечирип койо берүүгө, эртерээк тынчтыкты камсыз кылууга, күнөөсүздөрдү жана катардагы кишилерди коргоого милдеттүү. Пайгамбарыбыз (сав)дын өмүрүн караганда да Исламдын бул темада кандай мамиле талап кылаары апачык көрүнөт.
 
Мусулмандар коргонуу максатында согушушкан
Пайгамбар Мырзабыз (сав) менен сахабалар Меккеде жашаган 13 жыл бою Меккелик мушриктердин акылга сыйбас кыйноолоруна, кол салууларына, дооматтарына туш болуп, үйлөрүнөн мажбурлап чыгарылып, өлүм менен коркутулушкан. Ошончолук кол салуу жана кысымчылыкка карабастан эч качан күч колдонууга барышкан эмес.
Меккедеги кысымчылыктар өтө көбөйгөн соң Мединага хижрат кылып (көчүп), Мединада да ушундай эле кол салууларга туш болгондуктан жана жан коопсуздуктарына ачык коркунуч келгендиктен, өздөрүн коргонуу максатында гана мажбурлуу согуштарга катышышкан. Мисалы, Бедир согушу Меккелик мушриктер армия чогултуп Мусулмандарды шейит кылуу максатында чабуулга өткөндө чыккан.
Хендек (казылган аң) согушу болсо Мусулмандар өздөрүн коргоо үчүн шаардын айланасына ор казган, толугу менен бир коргонуу согушу. Кыскасы өтмүштөгү согуштар путпарасттар түздөн-түз айоосуз кол салышы натыйжасында мажбурлуу чыккан коргонуу согуштар болгон. Эч бири кол салуу согушу болгон эмес. Ал доордо Пайгамбарыбыз (сав)га түшүрүлгөн коргонуу жөнүндөгү өзгөчө өкүмдөр да ал согуштардагы өзгөчө кырдаалга арналып түшүрүлгөн аяттар болгон.
 
Аз. Мухаммед (сав) да Аз. Иса (ас) сыяктуу сүйүүгө толо, боорукер жана мээримдүү болгон
Кээ бир Христиандар экөөсү тең биз үчүн өтө баалуу болгон Пайгамбарларыбызды өз ойлорунда –караңгылык менен- салыштырууга барышууда. Аз. Иса (ас) бир сүйүү адамы болгон, бирок Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)ды болсо согушту жактаган бир мамиледе болгон деген сабатсыз жыйынтыктарды чыгарышат. Бул Аз. Мухаммед (сав)дын да, Аз. Иса (ас)дын да Аллахка моюн сунган, вахий менен иш-аракет кылган куттуу элчилер экенин ойлобогон караңгы (сабатсыз) жана стереотиптүү бир катар Христиандар тарабынан чыгарылган бир доомат.
Бул эки куттуу инсан тең Аллахтын сүйүктүүлөрү, достору болгондуктан, албетте, экөө тең – сүйүү, боорукердик жана мээрим инсандары. Мунун тескериси мүмкүн эмес.
Пайгамбарыбыз (сав)дын 23 жылдык бир пайгамбарлык доору болгон. Путпарасттардын түздөн-түз кол салуулары болгон өтө оор доорлорду да камтыган бул 23 жылдык убакыт аралыгы ичинде Пайгамбарыбыз (сав) Мусулмандардын жанына кол салган жана Мусулмандардын бүт тынчтыкты каалаган мамилелерине карабастан, үзгүлтүксүз уланган кол салуулардан ыймандууларды коргоо үчүн коргонуу максатындагы согуштарды кылган. Жана бүт ал согуштар учурунда Аллахтын вахийи менен кыймыл-аракет кылып, Аллахтын вахийи менен чечимдер чыгарган. Эгер Мусулмандарды коргоону максаттаган согуш милдети Аллахтан келген бир вахий менен Аз. Иса (ас)га билдирилгенде, ал да дал Пайгамбарыбыз (сав) сыяктуу бул ибадатты моюн сунуп орундатмак. Бирок Аз. Иса (ас) 3 жылга созулган пайгамбарлык доору бою путпарасттардын мындай бир кол салуусуна туш болгон эмес. Ошондуктан согуш менен коргонуу жөнүндөгү бул аяттардын түшүрүлүшүнө зарылдык болгон эмес.
Согуштун Пайгамбарыбыз (сав)га жана Мусулмандарга жакпаса да парз кылынганы Куран аяты аркылуу билдирилген.
Согуш көңүлүңөргө жакпаса да силерге жазылды (парз кылынды). (Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер. (Бакара Сүрөсү, 216)
 
Исламда коргонуу согушунда да чектен чыкпоо, кечиримдүү болуу буйрулат
Аллах Куранда бизге сүрөттөгөн ыйман тереңдигин көрүп түшүнө алган бир адам Мусулман үчүн негизгисинин дайыма кечиримдүүлүк экенин да оңой гана түшүнө алат. Мисалы, Куранда Аллах согуш учурунда чектен чыкпоону, согушуп жаткан коом согушту токтотсо Мусулмандардын да токтошу керек экенин кабар берет:
Силер менен согушкандарга каршы Аллах жолунда согушкула, (бирок) чектен чыкпагыла. Албетте Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт. (Бакара Сүрөсү, 190)
Алар (согушту) токтотушса (силер да токтоткула); күмөнсүз Аллах кечиримдүү, боорукер. (Бакара Сүрөсү, 192)
Мусулмандар согушка кире алышы үчүн экинчи тараптан бир кол салуу болушу шарт. Согуш эскертүүлөргө карабастан эч сөз түшүнбөгөн, зомбулукчу, заалым бир коомдун зулумдугунан коргонуу максатында барылган бир мажбурлук. Мындай абалда да Мусулмандар чектен чыкпоого милдеттүү, б.а. өздөрүн коргонушу гана керек. Жогорудагы аятта Раббибиз билдиргендей, кол салган тарап согушту токтотсо Мусулмандардын да токтотушу кеңеш кылынган. Ошондой эле, Ислам боюнча согуш убагында аялдарга, жаш балдарга, улгайгандарга жана майыптарга этият болуу, аларды коргоо, алар жабыркабашы үчүн болгон чаралардын баарын көрүү өтө маанилүү.
 
Исламда күнөөсүз жерден жан кыйуу арам
Ошондой эле Куранда жан кыйуунун арам экени апачык айтылган:
«Ким бир жанды, ал башка бирөөнү өлтүрүп же бир бузукулук чыгарбаса да (эч күнөөсүз жерден) өлтүргөн болсо, бардык адамдарды өлтүргөндөй (күнөө кылган) болот. Ким аны (өлтүрүлүшүнө жолтоо болуп) тирилтсе, бүт адамдарды тирилткендей болот. Ант болсун, элчилерибиз аларга апачык далилдер менен келишти. Кийин андан соң алардын көпчүлүгү жер жүзүндө чектен чыгышты. (Маида Сүрөсү, 32)
Жана алар Аллах менен бирге башка бир Кудайга сыйынышпайт. Аллах арам кылган жанды күнөөсүз жерден өлтүрүшпөйт жана зина (ойноштук) кылышпайт. Ким буларды кылса «оор бир жазага» жолугат. (Фуркан Сүрөсү, 68)
Аяттардан да апачык көрүнүп тургандай, бир Мусулмандын бир бузукулук кылбаса да же башка бир жанды кыйбаса да, күнөөсүз жерден бирөөнү өлтүрүшү Куранда арам кылынган. Маида Сүрөсүндө Аллах жөнөтүлгөн элчилер бул арамды адамдарга жеткиргенине карабастан, көпчүлүгүнүн чектен чыгаарын билдирет. Б.а. Куран аркылуу өкүм белгиленгенине карабастан, Куранды жетиштүү көрбөй чектен чыга турган, күнөөсүз жерден зулумдукту жана кан төгүүнү көздөгөн бир коомдон сөз кылынат. Мына ушул коом – Исламды жамынып ортого чыккан, бирок дажжалияттын таасиринде калган бир катар фанат кишилер.
Ошондой эле, Куранда согушта туткунга алынган кишилердин кечирилиши жана койо берилиши кеңеш кылынган. Аллах кылмыш кылынганда дагы өлтүрүлгөн кишинин жакындары тарабынан кылмышкердин кечирилишинин жакшыраак болоорун Куранда билдирген. Мусулмандын Куран боюнча жоопкерчилиги – бул дайыма Аллах ыраазылыгы үчүн эң жакшысын тандоо. Кылмыш кылынганда дагы Аллах кечирүүнү жакшыраак дейт, демек Мусулмандын орундатышы керек болгон өкүм ушул. Ислам – боорукердиктин, мээримдин, сүйүүнүн, тынчтыктын, адилеттиктин жана бейпилдиктин дини. Исламды Куранда сүрөттөлгөнүнөн башкача көрсөтүүгө аракет кылгандар андай мамилесин эртерээк токтотушу керек.

Урматтуу Аднан Октардын Гаркад дарагы хадиси жөнүндөгү түшүндүрмөлөрү


 
Гаркад дарагы хадиси аркылуу акыр замандагы жашыруун камера системалары кабар берилген
АДНАН ОКТАР: Хадисте «Еврейлер менен согушуп, аларды өлтүрөсүңөр.» дейт. Эгер Иудей бир адам динге каршы болсо жана Мусулмандарга кол салып жатса, кан төгүп жатса, жаш балдарды өлтүрүп жатса, адамдарды өлтүрүп жатса өзүңдү албетте коргоносуң. Бул жердеги хадисте коргонуу айтылып жатат, барып күнөөсүз бир Иудейди өлтүрүү арам.
«Ошентип таш да: «Эй Мусулман, мына еврей, артымда (жашынды), кел, өлтүр аны» дейт.» Азыр мисалы 3-4 жашта бир жаш бала бар, таштын артында турат, таштан бир үн укту киши «Эй Мусулман кел, еврей бар артымда өлтүр» деген. Сен демек галлюцинация көрүп жатасың, сага шайтан сүйлөп жатат болуш керек. Жаш баланы өлтүрүүгө болбойт, күнөөсүздү өлтүрүүгө болбойт, аялды өлтүрүүгө болбойт. Өзүңдү коргонушуң гана мүмкүн. Мындан тышкары адам өлтүрүүгө болбойт. Ошондуктан биз бир таштын артында еврей бир жаш баланы көрсөк, таштан бизге добуш келсе, биз «галлюцинация көрүп жатабыз» деп айтабыз жана ал үндү укпайбыз.
Мисалы, он Иудей жаш бала, баарын өлтүрсө бирөө, Кудай сактасын. «Каяктан чыгардың муну» десек, «Мага таш айтты, ошол үчүн жасадым» десе, биз анын жинди экенин түшүнөбүз жана кылмыш кылган болот ал адам, киши өлтүргүч, демек. Апачык кылмыш кылган болот, зулумдук кылган болот жана жазасы тозок.
Хадистин маанисин жакшы түшүнүү керек. Акыр заманда байланыш каражаттарына көңүл бурууда Пайгамбар Мырзабыз (сав)... Таштан, таштын ичинен келген маалымат менен аларга каршы операция жасалат же дарактарга жашырылат. Дарактын ичине сездирбестен жашырылат жана ал жерден маалымат алынат жашыруун камера менен. Бул коргонуу согушунда түзүлө турган системага көңүл буруу. Аз. Мехди (ас) доорундагы жогорку технологияга көңүл бурууда Пайгамбар Мырзабыз (сав). Күнөөсүздү өлтүрүү арам.
Эч бир Иудей Пайгамбар Мырзабыз (сав) доорунда минтип өлтүрүлгөн эмес. Эч бир Христиан өлтүрүлгөн эмес. Пайгамбарыбыз (сав) өзү тышкы кийимин чечип, жерге салчу, ахли китап анын үстүнө отурчу, аларга урмат көрсөтчү Пайгамбарыбыз (сав), сыйлачу. Пайгамбарыбыз (сав) убагында Мусулмандар Христиандардын жанына хижрат кылышты, аларга ишеништи, жан коопсуздугу үчүн. Алар менен бир тууган болушту, барып дасторконуна отурушту, тамактарын жешти, Христиан, Иудей аялдар менен үйлөнүштү.
АЛТУГ БЕРКЕР: Айткандарыңар менен байланыштуу аят окуйун Агай; 5-сүрөнүн (Маида Сүрөсү) 5-аяты: «Бүгүн силерге таза нерселер адал кылынды. (Аларга) Китеп берилгендердин тамагы силерге адал, силердин да тамагыңар аларга адал. Момундардан эркин жана намыстуу аялдар менен силерден мурда (аларга) китеп берилгендерден эркин жана намыстуу аялдар да, намыстуу, ойноштук кылбаган жана жашыруун достор тутунбаган катары –аларга акыларын (махрларын) төлөгөнүңөрдө- силерге (адал кылынды.)»
АДНАН ОКТАР: Христиан аял менен үйлөнүүгө болот, Иудей аял менен үйлөнүүгө болот. Үйлөнүү деген эмне? Сүйүү бар, достук бар, бир туугандык бар дегенди билдирет, туурабы? Балдарынын апасы болот. Бир төшөктө жатасың, бир жерде тамак ичип-жейсиң. Куран аяты биз окуган. Аят аркылуу айтылууда. (Урматтуу Аднан Октардын 2010-жыл 21-ноябрьдагы интервьюсунан)
 
 
Таштар менен дарактар акыр заманда Мусулмандарга маалымат берет
АДНАН ОКТАР: ...Пайгамбар Мырзабыз (с.а.в.) айтат; «Мусулмандар Иудейлер менен согушмайынча кыямат келбейт.» Еврейлер менен Палестинада согушушту. Алты күндүк согуш бар. Өтө чоң окуя болду. Египет менен согушушту, Сирия менен согушушту, Иордания менен согушушту. Бул хадис ишке ашты. Бул болду.
Башка бир хадисте Расулуллах (с.а.в.) айтат «Ар бир таш, ар бир дарак эй Мусулман артымда бир еврей бар, кел аны өлтүр дейт.» Биринчиден, бир адам кылмышына жараша жазаландырылат. Бир таштын артында бир еврей жаш балага жолуксак, күнөөсүз кичинекей бир жаш бала.  Таштан бизге үн чыкса. «Кара, бул жерде жанымда бир еврей жаш бала бар, аны өлтүр.» Бул шайтандан келген бир үн. Биз аны укпайбыз. Анткени ал кылмышка чакырган бир галлюцинация. Бул туура эмес. Биз эмне кылабыз? Артыбызда бир нерсе бар же жок экенин, мисалы бир электрондук каражат менен болушу мүмкүн, биз ошону менен аныктайбыз.
Электрондук байланыш каражаттары аркылуу адамдардын турган жерин аныктай алабыз. Бирок өлтүрүү үчүн эмес, аны таасирсиз кылуу үчүн. Зыян тийгизген бир еврей болсо, динсиз бир еврей болсо, Аллахсыз болсо, китепсиз болсо, Тооротко моюн сунбаса, Куранга моюн сунбаса, себеби Тооротто да Мусулмандарга зулумдук жок. Тоорот боюнча, Мусулмандарга, себеби Бани Нух деп карашы керек Иудейлер. Бани Нух. Бани Нух деген эмне? Мусулман, момун дегенди билдирет. Ар бир Иудей Мусулманды Бани Нух деп карайт, момун деп карайт, демек анын жанына, мал-мүлкүнө, абройуна, намысына тийиши арам. Тийе албайт, бирок зулумдук кылган бир еврей болсо, демек таштар, дарактар, ар кандай буюм, мебель да болушу мүмкүн, бир нерсе да болушу мүмкүн; микро камералар менен, техникалык каражаттар менен бизге муну кабар берет. Биз болсо аны таап таасирсиз кылабыз.
Өлтүрүү деген пикирдик жактан таасирсиз кылуу маанисине келет. Мисалы, Аз. Мехди (ас) үчүн да айтылат, дажжалиятты өлтүрөт. Дажжалды өлтүрөт, б.а. пикирин өлтүрөт. Пикирдик жактан өлтүрүү, илим менен өлтүрүү, денени эмес, иншаАллах. Ошондуктан таш менен дарактын Мусулмандарга кабар бериши акыр заманда ансыз да ишке ашууда азыр.
Биз айттык; «Түштүк-чыгышта аскерлерибиздин күрөшүндө микро камералар жайгаштырылсын, душмандын орду аныкталсын» дедик. Камера каерге коюлат? Жашыруун, душманга каршы күрөшүп жатканда, таштын ичине жайгаштыруу керек. Же дарактын ичине жайгаштырылат, көрүнбөшү үчүн. Тымызын душманды аныктоо үчүн кемчиликсиз бир технологияга, жашыруун бир чалгын торунун кантип курулаарына Пайгамбарыбыз (сав) вахий менен сонун ишарат кылган.
Бул акыр заманда гана болуп жатат учурда. Еврейлер үчүн эмес бул; атеист еврей, атеист Христиан, атеист Мусулман эгер зулумдук кылган болсо, азап берип жатса, кылмыш кылып жатса, аны биз аныкташыбыз керек. Расулуллах (сав) анын бир тарабын айткан, бир бөлүгүн айткан. Биз ал жерден баарын түшүнөбүз. Пайгамбарыбыз (сав) маңыздуу жана кыска сүйлөйт. Күрөш учурунда биз өзүбүздү коргогондо, Мусулман демек жашыруун маалыматты ушундай бир система аркылуу алат акыр заманда. Мисалы, Пайгамбар Мырзабыз (сав) «Адамдар алакандарынын ичине карап, Аз. Мехди (ас)ды көрөт» дейт. Азыр жасашты. Ipodдор бар, телефондор бар. Адам алаканынын ичине карап башка адамды көрөт. Бул ишке ашты. Ушул айтылып жатат, иншаАллах. (Урматтуу Аднан Октардын 2010-жыл 14-ноябрьдагы интервьюсунан)

Исламды зомбулук менен байланыштыруу чыныгы Исламды тааныбастыктан келип чыгат

Террордук кол салууларды, кыргындарды, өзүн-өзү жардыргандарды Исламга байланыштырган кээ бир кишилер дүйнөдө Исламды жамынып террор жасагандарды Мусулман деп ойлошуп жаңылышууда. Болгондо да ал кишилерди Курандын өкүмдөрүн аткарган чыныгы Мусулмандар деп ойлошууда. Чындыгында болсо ал кишилердин Ислам менен да, ыйык китебибиз Курани Керим менен да эч байланышы жок.
 
Ислам дини террордук кол салууларга, кыргындарга, өзүн-өзү жардыргандарга жана ар кандай жырткычтыкка каргыш айтат
Учурда дүйнөгө таанылган жана өз өлкөлөрүндө заалымдыктарды жасаган террорист лидерлердин көпчүлүгү чындыгында провокация үчүн атайын даярдалган чалгындоо кызматынын (разведка) агенттери. Алар Америка жана Европадагы белгилүү чалгындоо кызматтарынын өкүлү жана түздөн-түз ошол уюмдардан буйрук алышат. Ал кишилердин баары материалисттик жана дарвинисттик билим алып өсүшкөн. Ал кишилер – Аллах буйруган чыныгы Ислам ахлагын өмүрлөрүндө эч качан жашабаган, Пайгамбарыбыз (сав)дын сүйүү жана боорукердикке толгон, мээримдүү, кечиримдүү жана адилеттүү адеп-ахлагынан алыс, дарвинисттик пикирлердин таасиринде калган кишилер. Ал кишилердин өтө жаңылыш ою боюнча, жашоону улантуунун жана күчтүү болуунун жалгыз жолу – бул кагылышуу, согушуу. Зомбулук менен зулумдук жашоонун бир талабы, сүйүү, боорукердик жана мээрим сыяктуу сезимдер болсо адамды күчсүз көрсөтүүчү алсыздыктар.
Кээ бир ибадаттарды аткарышы, кайсы бир Ислам өлкөсүнүн жараны болушу, паспортторунда Мусулман деп жазылышы чындыкты өзгөртпөйт. Ал кишилер бүтүндөй дарвинисттик дүйнө көз-карашындагы адамдар. Айланасындагы адамдарды да материалист-дарвинист көз-караш боюнча баалашат:
Алардын чоң жаңылыштыгы боюнча, «адамдар – бул бир аз көбүрөөк өнүккөн айбандар; рухтары жана өздүгү жок, эч кимдин алдында жоопкерчиликтүү эмес. Башка айбандар сыяктуу адам да өмүрүн улантуу үчүн өзүмчүл болууга, өзүн гана ойлоого мажбур. Бул айбандар тобунун ичинде алсыздар сөзсүз электен өтүп, жок кылынышы зарыл.» Албетте, мындай туура эмес көз-караштагы бир адамдын массалык кыргындарды жасашына тоскоол боло турган эч кандай адеп-ахлактык жана абийирдик бир себеп жок.
Бул террорист лидерлер чындыгында Америкада жана ар кайсы Европа өлкөлөрүндө Ислам ахлагынан алыс, «көпкөн, текебер» тарбия алган, түнкү клубдардан чыкпаган, Батыш маданиятынын терс жана адеп-ахлактык бузулган тараптарын өзүнө сиңирген атеисттик көз-караштагы кишилер. Бул жерде муну айта кетүү керек: бир адам дин ахлагын жашап баштай электе өмүрүн ар кандай өткөргөн болушу мүмкүн, муну сындоого болбойт. Ал кишинин чын ниеттен тообо кылып Аллах ишенимине кайтышы менен Аллахтын ал каталарын кечиришин үмүт кылууга болот. Бирок сөз болуп жаткан кишилердин жагдайы башка.
Ал кишилер кызмат кылаар убактысы келгенде, сакал коюп, ахли сүннөт бир Мусулман көрүнүшүнө кирип иштин башына өтүшөт. Бир катар чалгын уюмдарынын тымызын бөлүмдөрүнөн тиешелүү буйруктарды алып, аларга ылайык иш-аракеттерди эч ойлонбостон орундатышат. Алардын Мусулмандык менен, Ислам менен эч кандай байланышы жок. Алардын дини – Ислам эмес; материализм, дарвинизм. Куранга толук моюн сунган, чын ниеттүү Мусулмандардын Куранга карама-каршы болгон мындай зулумдук системасын колдошу жана анын бир бөлүгүнө айланышы мүмкүн эмес. Дүйнөдө бул зулумдукту жасагандар – дарвинисттер, материалисттер, Сталинди идеал туткандар, Че Гевараны идеал туткандар, Ленинди идеал туткандар, Муссолинини идеал туткандар, Гитлерди идеал туткандар жана Маону идеал туткандар. Булар – кандуу материалисттердин, коммунисттердин, фашисттердин бузуку пикирлерин өз ойлорунда Исламды жамынып ишке ашырууга аракеттенген, дин ахлагынан бүтүндөй алыс көз-караштагы адамдар. Бир катар чөйрөлөр тарабынан куру доомат менен Ислам динине жүктөөгө аракет кылынган бул заалым система мына ушундайча иштейт.
Кээ бир Мусулмандар калп Ислам атынан жасалган мындай заалым иш-аракеттер чындыктарды чагылтпайт деши мүмкүн жана муну бүтүндөй танышы мүмкүн. Чындыгында болсо эң туурасы – андай иш-аракеттерди тануу эмес, алардын бир катар динге каршы чалгындоо агенттери тарабынан, өз ойлорунда Ислам динин дүйнөдө натыйжасыз кылуу жана Ислам дининин күчтөнүшүнүн алдын алуу үчүн жасалганын айтып берүү. Булардын баарынын Ислам дининде анык арам кылынган иш-аракеттер экенин бүт адамзатка жеткирүү.
 

Хиросимага ташталган бомба Христиандарга жүктөлгөн эмес, террористтик акттарды да чыныгы Мусулмандарга жүктөөгө болбойт
Жогоруда айтылган пикирдеги Христиандар Мусулмандарга карата мындай негизсиз дооматтарды айтып жатып, маанилүү бир жагдайды билмексен болушууда. Белгилүү болгондой, тарыхта Америка Кошмо Штаттары өтмүштө Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасын таштап он миңдеген күнөөсүз адамдын өлүмүнө себеп болгон. Ал кишилер арасында Мусулмандар, Христиандар жана Иудейлер да бар эле. Жаш балдар да бар эле, улгайгандар да, күнөөсүз аял жана эркектер да. Бирок Ислам ааламы эч качан көпчүлүгү Христиандардан турган АКШ өкмөтү жасаган бул ишти Христиандарга жүктөгөн жок.
Эч качан бомбаны таштаган кишилер кайсы динде эле деген жок, бул бомбалоону бир «Христиан кол салуусу» деген жок. Ошондой эле өтмүштө болгон жана аты ачык «Кресттик жүрүш» деп аталган кол салуулар учурунда да миңдеген Мусулман жырткычтык менен шейит кылынды, ал тургай башка конфессиялардагы Христиандар да кыйноого алынып өлтүрүлдү, мечиттер менен кошо чиркөөлөр да талап-тонолду. Жакынкы жылдары Иракта, Афганистанда жана башка кээ бир Мусулман өлкөлөрүндө төгүлгөн кандар да Мусулман каны эле. Бирок эч качан Мусулмандар буларга таянып, Инжилге моюн сунгандар кан төгүшөт деген жоромол жасашкан жок.


Акылы ордунда болгон ар бир адам зулумдук кылынган бир жерде сөзсүз динсиздиктин өкүмчүлүк кылаарын оңой гана түшүнө алат. Куранга моюн сунган, Аллахка ыйман кылган акылы жайында Мусулмандар эч качан ал кыргындардын жоопкерчилиги Христиан дининин мойнунда дебейт. Бул Аллахка чын жүрөктөн ишенген бир киши кыла турган нерсе эмес.
Мусулмандарга карата мындай начар сөздөрдү айткан бир катар Христиандардын да эми бул туура эмес көз-караштарын жана көнүмүш адаттарын токтотуу убактысы келди. Көбүнчө мындай сөздөрдүн түбүндө сабатсыздыктын ролу чоң. Ушул себептен Христиандар стереотипсиз бир көз менен Куранды окуп, Пайгамбарыбыз (сав)дын өмүрүн анализ кылышы керек жана сөзсүз чыныгы Ислам ахлагын жашаган салих (чын ниеттүү) ыймандуулардын эмгектерин, өмүрлөрүн, көз-караштарын жана иш-аракеттерин эске алышы зарыл.

Христиандар фанатизмди чыныгы Ислам дини менен адаштырбашы керек


Куранда эч кандай орду болбогон; Исламды жамынып согуштарды чыгарган, зулумдук кылган, өзүн-өзү жардырып кол салган, өлтүрүү жана кан төгүүнү көздөгөн Мусулмандык модели Христиан менен Иудейлердин Ислам дини жөнүндө туура эмес ойдо болушуна себеп болууда.
Жогоруда да айтылгандай, кан төгүүчү зулумдук системасын жактагандар чыныгы Исламдан, б.а. Куран ахлагынан бүтүндөй алыс. Алар сабатсыздык менен өздөрү чыгарган негизсиз кошумчаларга жана жалган ишенимдерге толгон батыл (негизсиз, жалган) диндеринин бир талабы катары буларды жасашууда. Куранда сүйүүсүз, мээримсиз, согушчаак бир идеологияга эч орун жок.
Куранда Раббибиз кайсы гана динден болбосун, фанатизмди жактаган, динди кошумчалар менен башаламан кылууга жана оор кылып койууга аракеттенген, Аллахтын аты менен адамдарды алдоого аракет кылган мындай кишилерди төмөнкүчө таанытат:
Алардан ушундайлар бар: тилдерин Китепке карата ойнотушат, силерди аны (андай окуп жаткандай көрүнгөнүн) китептен деп ойлошсун деп. Чындыгында болсо ал китептен эмес. «Бул Аллахтын Кабатынан» дешет. Чындыгында болсо ал Аллах Кабатынан эмес. Өздөрү да билип туруп Аллахка карата (ушундай) жалган сүйлөшөт. (Али Имран Сүрөсү, 78)
Чыныгы Мусулмандык Аллах Куранда билдирген, куттуу Пайгамбарыбыз (сав) чечмелеген Ислам ахлагына моюн сунуу менен болот. Б.а. Мусулмандар кээ бир фанаттардын жалгандарына жана ойдон чыгарган сөздөрүнө карап эмес, Куранга жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнө карап жашоого милдеттүү. Негизги критерий ойдон чыгарылгандар эмес, Куран менен сүннөт. Асры Саадет (Бакыт кылымы) убагында Куранга жана Пайгамбарыбыз (сав)дын жашоосуна карап жашалган Ислам – чыныгы Ислам. Пайгамбарыбыз (сав)дын өтө боорукер, сүйүүгө толгон, мээримдүү, акылдуу, искусствого, сулуулукка, кооздукка, тазалыкка, сылыктыкка өтө баа берген өмүрү ар бир Мусулман үчүн эң идеалдуу өрнөк. Ошондуктан Мусулман эместердин Исламды чыныгысына карап эмес, кээ бир фанаттардын караңгы жашоосуна карап баалашы чоң жаңылыштык.

Фанаттар Куранды аткарышпайт жана аткартышпайт


Фанатизм, б.а. радикализм – Исламга каршы дажжалдын эң чоң тараптарлары. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) муну бир куттуу хадисинде мындайча кабар берген:
«Үммөтүмдөн башы чалмалуу жетимиш миң аалым киши дажжалды ээрчийт.» (İmam Ahmed Bin Hanbel, Müsned, б. 796)
Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде дажжалды ээрчий турган кишилерди сүрөттөп жатканда, өзгөчө Мусулман үммөтүнүн ичинен чыга турган жана өзүн «аалым»дай көрсөтө турган кишилерди айткан. Хадисте дажжал тараптары катары бүт Аллах досторуна каршы иш-аракет жүргүзгөн жана динге эң көп зыян тийгизген негизги топтун өзүн Мусулман көрсөткөн фанаттар экенине көңүл бурулууда.
Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав) бир куттуу хадисинде мындай дейт:
«Акыр заманда «жаңылар» чыгат: мээлери иштебейт. Сүйлөгөндө өтө сулуу сүйлөшөт. Куран окушат, бирок ыймандары тамактарынан ылдый өтпөйт...» (Buhari, Sahih 3611, 5057, 6930, Müslim, 1066, Ebu Davud 4767, Ahmed bin Hanbel, Müsned 1, 81, 113, 131, 289; Tayalisi, el-Müsned, nr. 1984.)
Куттуу хадисте айтылгандай, ал кишилер өтө кооз сүйлөгөн жана Куранды окуган кишилер болот; бирок «ыймандары тамактарынан өтпөйт», б.а. Куранды негиз катары кабыл алышпайт. Курандан сөз кылышат, бирок Куранга моюн сунбайт жана Куранга кошумчаларды кошуп өкүм чыгарышат. Курандын түшүндүрмөлөрүн жетишсиз көрүп, Ислам атынан өздөрү чыгарган динди ишке ашырышат.
Фанаттардын максаты – бул Куранды ишке ашыртпаш. Алар Куранда болбогон нерселерди Ислам динине кошууга аракеттенип, Куран аяттарында орун алган жана алардын жалган кошумчаларына туура келбеген өкүмдөрдү жана кеңештерди болсо четке кагышат.
Курандын сүйүүгө, боорукердикке, бир туугандыкка, биримдикке, тынчтыкка үндөшү, Куранда бүт жакшылык, сулуулуктардын макталышы, Курандын искусствого, илимге чакырышы аларды өтө ачуулантат. Куран ахлагы алып келе турган руханий сапаттуулук жана тереңдик, акылдуу, сулуу, модерн, сүйүүгө толгон Мусулман модели алардын ойдон чыгарылган динине эч туура келбейт. Мына ушул себептен дажжал өз оюнда Куранга таянган Ислам динине ичинен сокку уруу жана өз оюнда жок кылуу үчүн фанатизмди колдонууда. Бирок баса белгилеп айта кетүү керек: дажжалдын армиясынын маанилүү бөлүгүн ар кайсы динден чыккан жана өз диндерине да, бүт дүйнөгө да зыян тийгизүүнү көздөгөн фанаттар түзөт. Христиан фанаттар да, Иудей фанаттар да, Мусулман фанаттар да бир эле кандуу сценарий үчүн биригип, ал согуштун чыгышы жана дүйнөдөгү дажжалдык системанын жайылышы үчүн колдорунан келгендин баарын кылышууда.
Бул жерде дагы бир нерсени айта кетүү керек: чындап чын ниеттүү болгон, Улуу Аллахты чын жүрөгүнөн сүйгөн, сабатсыздыктан же алган туура эмес таалиминен улам Ислам дининде чындыгында болбогон пикирлерди жактаган кишилер болушу мүмкүн. Учурда дүйнөдөгү радикалдуу адамдардын көп бөлүгүн ушундай кишилер түзөт жана ал кишилерге сөзсүз мээрим менен туураны түшүндүрүү керек. Алар – Курандын нуру менен агарганда сөзсүз туураны жана акыйкатты кабыл ала турган кишилер. Улуу Аллах сөзсүз чын ниеттүү кулдарына туура жолду көрсөтөт.
 
Фанатизм Христиандык үчүн да бир коркунуч
Жогоруда да айтылгандай, фанат ар кайсы динден чыгышы мүмкүн. Аз. Иса (ас)га өз ойлорунда зыян тийгизүүгө аракеттенгендер да – диндин атынан чыккан ошол доордун фанаттары эле.
Инжилде Аз. Иса (ас) эки жүздүүлөр, сокурлар жана жыландар деп кайрылган фанаттарды төмөнкүдөй ачык сүрөттөгөн:
«Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Асман Падышачылыгына адамдардын кирүүсүнө тоскоолдук кыласыңар. Өзүңөр кирбейсиңер, киргиси келгендерди да киргизбейсиңер.»
«Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Ишенимиңерди бир адам болсо да кабыл алышы үчүн, жер-сууну айланып чыгасыңар. Кабыл алгандан кийин, аны өзүңөрдөн эки эсе ашып түшкөн тозоктук кыласыңар.»
«Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, силерге кайгы! Эки жүздүүлөр! Силер жалбыздан, анистен жана зиреден ондук бергениңер менен, мыйзамдагы эң негизги нерселерди: акыйкаттыкты, ырайымдуулукту жана ишенимди таштап койдуңар. Тигини да кылыш керек, бирок муну калтырбаш керек эле! Сокур жол башчылар! Чиркейди сүзүп бөлүп аласыңар, бирок төөнү жутасыңар!»
«Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Чөйчөгүңөр менен табагыңардын сыртын тазалайсыңар, бирок алардын ичи ачкөздүк менен адилетсиздикке толгон. Сокур фарисей! Адегенде чөйчөгүң менен табагыңдын ичин тазала, ошондо алардын сырты да таза болот.»
«Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Силер сыртынан кооз көрүнгөн, бирок ичи өлүктөрдүн сөөктөрүнө жана ар кандай ыпылас нерселерге толгон, акталган мүрзөлөргө окшошсуңар. Сыртыңардан адамдарга адил көрүнгөнүңөр менен, ичиңер эки жүздүүлүк менен жамандыкка толгон.»
«Жыландар, жылан тукумдары! Тозоктун жазасынан кантип качасыңар? Ошон үчүн силерге пайгамбарларды, даанышмандарды жана мыйзам окутуучуларды жиберип жатам. Силер болсо алардын кээ бирөөлөрүн өлтүрөсүңөр, ... кээ бирөөлөрүн синагогаларыңарда уруп-сабап, шаардан шаарга кууйсуңар. Адилеттүү Абылдын канынан тартып, ибадаткана менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда силер өлтүргөн Берехия уулу Захариянын канына чейинки адил адамдардын төгүлгөн каны силердин мойнуңарда! (Матфей 23: 13-35)

Радикализм – бул Куранга карама-каршы, сүйүүсүз системанын аты


Ислам динине жүктөөгө аракет кылынган караңгы жана кан төгүүчү көз-караш – чындыгында Мусулмандык эмес, фанатизм. Бул динди жамынып радикализмди жактоо дегенди билдирет. Фанат киши, б.а. радикалдуу киши сүйүүнү билбейт, жүрөгү капкара, фанат жана түшүнүгү жок. Ар кандай сулуулукка, кооздукка, искусствого, илимге каршы. Жашоого каршы; кубанычка, сүйүнүчкө, бактылуулукка каршы.
Фанаттык маанайдагы бир киши ар кандай сулуулукка жек көрүү менен карайт. Гүлдү жек көрөт, жаш баланы жек көрөт, мышыкты, итти, койонду жек көрөт. Ичи жана жүрөгү бопбош. Жүрөгүндө кыпындай да сүйүү жок. Адамды барктабайт, эч бир жандыкка маани бербейт. Эстүүлүк, боорукердик, мээрим деген түшүнүктөр алардан алыс.
Булардын натыйжасында бир фанат аялды да жек көрөт. Кээ бир кишилер тарабынан Исламга жүктөөгө аракет кылынган аял душмандыгы – чындыгында аялды эң көп барктаган, аялды даңктап коргогон Исламдын эмес, фанат жана радикалдардын өзгөчөлүгү. (Бул кийинчерээк терең каралат)
Фанат көз-караштагы бир киши эч кимди сүйбөгөн сыяктуу, өзү да жактырылбайт. Бүт адамдар бир фанаттын бар болушунан, көз-карашынан, жашоо формасынан, ой-пикирлеринен тынчсызданат. Ал тургай, фанаттык көз-караштагы башка фанаттар да жек көрүшөт. Эч качан биримдикте, достук жана бейпилдикте болушпайт. Бул, албетте, алардын Курандан алыс жашашы себептүү.
Бул жерде кайрадан баса белгилеп кетүү керек: бир фанат же башкача айтканда бир радикалдуу адам ар кайсы динде, ар кайсы коомдо болушу мүмкүн. Мусулмандардын эле эмес, Христиан жана Иудейлердин арасында да динди чыныгы абалынан алыстатууга аракеттенген, Аллахка ишенүүдөн келип чыккан кубаныч менен сүйүүнүн ордуна капкараңгы жана кан төгүүчү бир маанайды орнотууга аракеттенген адамдар кездешет. Бул жерде Мусулмандар арасына кирүүгө аракеттенген фанаттар тобунан сөз кылынууда.
Бир фанат кайсы топтон же кайсы динден болбосун, бир эле кир жана караңгы пикирдин өкүлү болот. Мындай үрөй учуруучу маанайдын бир натыйжасы катары фанаттык көз-караштагы бир киши дайыма кан каалайт. Бүт жерде кан издейт. Кан жана зулумдук менен гана көңүлү тынчтанат. Ичиндеги жек көрүүнү кан төгүү, жамандык менен гана чыгарат. Исламдын атын жамынып чыгып кан төгүүнү жактаган, Христиандарга, Иудейлерге, ал тургай, Мусулмандарга да душмандык менен жек көрүү чачкан кишилер – Куранда сүрөттөлгөн чыныгы          МУСУЛМАНДАР ЭМЕС, дажжалияттын таасиринде калган ФАНАТТАР.
Мына ушул себептерден улам Христиан бир туугандарыбыз фанаттарды чыныгы Мусулмандардан, фанаттык көз-карашты болсо чыныгы Ислам дининен өтө жакшы айырмалашы зарыл. Ошондо гана өздөрүнүн Ислам динине эмес, радикализмге каршы чыгып жатышканын түшүнүшөт.
Анда Ислам эмне үчүн дүйнөдө фанаттар тарабынан такыр башкача көрсөтүлүүдө жана буга мүмкүндүк берилүүдө?
 
Мусулман душмандыгын күчөткөн дажжалият менен радикализмдин байланышы
Мусулмандарга душмандыкты жайылтуу – дажжалдын негизги бир максаты. Себеби Ислам акыркы акыйкат дин жана Куран 1400 жылдан бери эч өзгөргөн жок. Аллахтын коргоосундагы Куран аяттары акыйкат диндин толук жашалышы үчүн жетиштүү. Куранга толук моюн сунуп жашалган чыныгы Ислам менен бекем жана күчтүү ыйман жаралат.
Мына ушул күчтүү ыйман, адамдардын барган сайын динчил болушу жана үч диндин ыймандуулары арасында күн өткөн сайын көмөктөшүүнүн өсүшү – дажжал үчүн чоң бир коркунуч. Ислам ахлагында маанилүү бир орду болгон биримдик-ынтымактан келип чыккан материалдык жана моралдык күч дажжалдын көп жылдар бою иштеп чыккан бүт шайтандык системаларын жана идеологияларын жок кыла алат. Дажжал Мусулмандардын баары биримдикте болгондо жана ал биримдик Иудей жана Христиандар менен биримдик курганда мунун дүйнөдө канчалык чоң күчкө айланаарын, философиясынын илимий жана пикирдик тараптан кантип кыйраарын өтө жакшы билет.
Дажжал системасынын алдыңкылары өздөрү түзгөн шайтандык системанын маңдайында турган бул руханий күчтүн бар экенин көптөн бери билишет. Көп жылдардан бери тымызын саясат жана стратегиялар менен түзгөн кандуу армагеддон планынын себеби да ушул. Бул план менен чындыгында дарвинист жана атеист болгон бир катар кишилерди «Мусулман» деген ат менен террорист кылып өстүрүшүп, калп «Исламга кызмат» деген ат менен кыргындарга жөнөтүшкөн. Ошондой эле, ал топтор күнөөсүз адамдарга карата жасалган кылмыш, кол салуу, кыргын, өзүн-өзү жардыруу сыяктуу Исламга бүтүндөй карама-каршы болгон түшүнүктөрдү Исламда бардай кылып көрсөтүшкөн. Ал тургай, Исламга карама-каршы келген пикирлерди ушунчалык жайышкандыктан, өздөрүн Ислам аалымы деп көрсөткөн бир катар кишилер да бүт диндер арасында боло турган жана миллиондогон адамдын өлүмү менен аяктай турган бул кандуу согуш планын апачык жактай турган абалга келишкен. Жүз миңдеген кишини ынандырып, жүз миңдеген кишиге адам өлтүрүүнү, кыргын жасоону кадыресе көрсөтө алышкан. Болгондо да муну Аллах үчүн кылгандарына өздөрүн жана айланасындагы кишилерди ынандыра алышкан.
Бул китепте каралган армагеддон согушун күтүү сыяктуу Исламга жүктөөгө аракет кылынган кыргын жана согуш сценарийлери да ошол эле дажжал идеологиясынын чыгарганы. Дажжал бул ыкманы колдонуп ыймандуулар арасында бөлүнүүчүлүктү чыгарууну, аларды бир-бири менен уруштурууну, ыймандуулардын күчүн азайтууну жана ошентип өзүнүн бузуку пландарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жана шарт түзүүнү максат кылган жана мында бир топ ийгиликке жете алды.
Муну эч унутпаш керек. Дажжал ыймандуулардын алдынан дайыма Аллахтын атын колдонуп чыккан. Ал эч качан өзүнүн жүзүн ачык билдирбейт. Ыймандууларды туура жолдон алыстатуу үчүн сөзсүз динди жана динчил көрүнгөн бир катар адамдарды колдонот. Мына ушул себептен дажжал динчил адамдарды бир топ таасири астына алып, өзүнүн шайтандык системасын колдой турган жана күчтөндүрө турган ар кандай негизсиз жана бузуку пикирлерди оңой гана жайылта алган.
Исламга байланыштырууга аракет кылынган бузуку пикирлердин –булардын арасында Мусулмандардын Христиандарды жана Иудейлерди өлтүргүсү келиши, Мусулман эместерди эч жашаткысы келбеши, сүйүү жана боорукердиктен алыс болушу сыяктуу чындыкка сыйбас пикирлерди саноого болот- баары ойдон чыгарылган, негизсиз.
Чыныгы бир тынчтыктын жана сүйүүнүн дини болгон Исламдын өзүн билбеген, Куран аяттарындагы бир туугандык, адилеттик, тынчтык, мээрим жана боорукердик жөнүндөгү аяттардан кабарсыз кишилер бул чындыкка сыйбас пикирлердин бузуку тараптарын байкай албашы мүмкүн. Дажжалдык очоктор Исламга жүктөөгө аракеттенген бул Ислам көрүнүшүнүн бузуку жана жалган экенин түшүнө алуу үчүн Куран менен өкүм кылган, Курандын рухун билген, Куранды Пайгамбарыбыз (сав)дай түшүнгөн жана ишке ашырган адамдар болуу керек. Эгер бир адам «фанат» болсо, б.а. Ислам динин бузуку кошумчалар менен чечмелеп, өз оюнда акыл менен логикага сыйбаган –ошол эле учурда Куранга да туура келбеген- өкүмдөрдү чыгарып, бир жеңилдик дини болгон Исламды оор, түшүнүксүз, конфликттүү, сүйүүсүз ж.б. сыяктуу көрсөтүп жатса, анда бул чындыкты түшүнүшү –Аллах кааламайынча- мүмкүн эмес. Эң негизгиси фанатизм – бир эле Ислам үчүн эмес, Христиандык жана Иудейлик үчүн да чоң бир коркунуч. Ошондуктан Исламга жүктөөгө аракет кылынган бузуку түшүнүктөрдүн негизин түшүнүү үчүн фанатизмдин Курандан жана жалпы эле бүт акыйкат диндерден канчалык алыс экенин жакшы түшүнүү керек.

КЭЭ БИР ХРИСТИАНДАРДЫН МУСУЛМАНДАР ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫЛЫШ КӨЗ-КАРАШТАРЫ


Бир диндин талаптарын аткарып жаткандай көрүнүп, бирок чындыгында ал динге кийин кошулган кошумчаларга моюн сунган, ал тургай, кошумчаларды өзү чыгарган киши «фанат» деп аталат. Ар кайсы диндин ичинде фанаттар болушу мүмкүн. Фанат бир адамдын эң негизги өзгөчөлүгү – бул анын өзү тутунган диндин өкүмдөрү боюнча жашоону четке кагышы, ал тургай, ал дин койгон жоопкерчиликтерди кабыл албашы, өз оюнан чыгарган бир дин түшүнүгүн кабыл алышы жана аны өзүнө жана элдерге кабыл алдырууга аракеттениши. Ошондуктан фанат бир адам үчүн динде жок нерселерди оңой гана динге кошууга болот. Динге туура келбеген нерселер уялбастан жасалышы мүмкүн, ал тургай, динди жамынып кылмыштар жасалышы, элдер караңгылыкка түртүлүшү мүмкүн, кысымчылык көрсөтүлүп, сүйүүнү алдыңкы планга чыгарган акыйкат диндер жек көрүү диндериндей көрсөтүлүшү мүмкүн. Мына ушул себептен бир фанат өтө кооптуу.
Бир аз мурда да айтылгандай, фанат ар кайсы динден чыгышы мүмкүн. Христиан фанаттар чыгып, Христиандыкты такыр башкача көрсөтүп, бул сүйүү динин бир жек көрүү дининдей көрсөткөн сыяктуу, Исламды чыныгысынан башкача көрсөтүүгө аракет кылгандар да – бул фанаттар. Ислам атын жамынып кекенүү, жек көрүү, өзүн-өзү өлтүрүү, кыргын сыяктуу түшүнүктөр менен эскерилген; илимге, искусствого, сонун нерселердин баарына каршы болгон; немат-жакшылыктардан ырахат ала албаган жана Христиан менен Иудейлерге душман мамилесин кылган көз-караш – Мусулмандардын эмес, фанаттардын көз-карашы. Көп адамдар муну Ислам деп түшүнүп аны сындашууда жана ушул себептен Исламга каршы болушууда. Чындыгында болсо каршы чыгыла турган нерсе – Ислам эмес, фанатизм, радикалдуу көз-караш.