Ислам динине жүктөөгө аракет кылынган караңгы жана кан төгүүчү көз-караш – чындыгында Мусулмандык эмес, фанатизм. Бул динди жамынып радикализмди жактоо дегенди билдирет. Фанат киши, б.а. радикалдуу киши сүйүүнү билбейт, жүрөгү капкара, фанат жана түшүнүгү жок. Ар кандай сулуулукка, кооздукка, искусствого, илимге каршы. Жашоого каршы; кубанычка, сүйүнүчкө, бактылуулукка каршы.
Фанаттык маанайдагы бир киши ар кандай сулуулукка жек көрүү менен карайт. Гүлдү жек көрөт, жаш баланы жек көрөт, мышыкты, итти, койонду жек көрөт. Ичи жана жүрөгү бопбош. Жүрөгүндө кыпындай да сүйүү жок. Адамды барктабайт, эч бир жандыкка маани бербейт. Эстүүлүк, боорукердик, мээрим деген түшүнүктөр алардан алыс.
Булардын натыйжасында бир фанат аялды да жек көрөт. Кээ бир кишилер тарабынан Исламга жүктөөгө аракет кылынган аял душмандыгы – чындыгында аялды эң көп барктаган, аялды даңктап коргогон Исламдын эмес, фанат жана радикалдардын өзгөчөлүгү. (Бул кийинчерээк терең каралат)
Фанат көз-караштагы бир киши эч кимди сүйбөгөн сыяктуу, өзү да жактырылбайт. Бүт адамдар бир фанаттын бар болушунан, көз-карашынан, жашоо формасынан, ой-пикирлеринен тынчсызданат. Ал тургай, фанаттык көз-караштагы башка фанаттар да жек көрүшөт. Эч качан биримдикте, достук жана бейпилдикте болушпайт. Бул, албетте, алардын Курандан алыс жашашы себептүү.
Бул жерде кайрадан баса белгилеп кетүү керек: бир фанат же башкача айтканда бир радикалдуу адам ар кайсы динде, ар кайсы коомдо болушу мүмкүн. Мусулмандардын эле эмес, Христиан жана Иудейлердин арасында да динди чыныгы абалынан алыстатууга аракеттенген, Аллахка ишенүүдөн келип чыккан кубаныч менен сүйүүнүн ордуна капкараңгы жана кан төгүүчү бир маанайды орнотууга аракеттенген адамдар кездешет. Бул жерде Мусулмандар арасына кирүүгө аракеттенген фанаттар тобунан сөз кылынууда.
Бир фанат кайсы топтон же кайсы динден болбосун, бир эле кир жана караңгы пикирдин өкүлү болот. Мындай үрөй учуруучу маанайдын бир натыйжасы катары фанаттык көз-караштагы бир киши дайыма кан каалайт. Бүт жерде кан издейт. Кан жана зулумдук менен гана көңүлү тынчтанат. Ичиндеги жек көрүүнү кан төгүү, жамандык менен гана чыгарат. Исламдын атын жамынып чыгып кан төгүүнү жактаган, Христиандарга, Иудейлерге, ал тургай, Мусулмандарга да душмандык менен жек көрүү чачкан кишилер – Куранда сүрөттөлгөн чыныгы МУСУЛМАНДАР ЭМЕС, дажжалияттын таасиринде калган ФАНАТТАР.
Мына ушул себептерден улам Христиан бир туугандарыбыз фанаттарды чыныгы Мусулмандардан, фанаттык көз-карашты болсо чыныгы Ислам дининен өтө жакшы айырмалашы зарыл. Ошондо гана өздөрүнүн Ислам динине эмес, радикализмге каршы чыгып жатышканын түшүнүшөт.
Анда Ислам эмне үчүн дүйнөдө фанаттар тарабынан такыр башкача көрсөтүлүүдө жана буга мүмкүндүк берилүүдө?
Мусулман душмандыгын күчөткөн дажжалият менен радикализмдин байланышы
Мусулмандарга душмандыкты жайылтуу – дажжалдын негизги бир максаты. Себеби Ислам акыркы акыйкат дин жана Куран 1400 жылдан бери эч өзгөргөн жок. Аллахтын коргоосундагы Куран аяттары акыйкат диндин толук жашалышы үчүн жетиштүү. Куранга толук моюн сунуп жашалган чыныгы Ислам менен бекем жана күчтүү ыйман жаралат.
Мына ушул күчтүү ыйман, адамдардын барган сайын динчил болушу жана үч диндин ыймандуулары арасында күн өткөн сайын көмөктөшүүнүн өсүшү – дажжал үчүн чоң бир коркунуч. Ислам ахлагында маанилүү бир орду болгон биримдик-ынтымактан келип чыккан материалдык жана моралдык күч дажжалдын көп жылдар бою иштеп чыккан бүт шайтандык системаларын жана идеологияларын жок кыла алат. Дажжал Мусулмандардын баары биримдикте болгондо жана ал биримдик Иудей жана Христиандар менен биримдик курганда мунун дүйнөдө канчалык чоң күчкө айланаарын, философиясынын илимий жана пикирдик тараптан кантип кыйраарын өтө жакшы билет.
Дажжал системасынын алдыңкылары өздөрү түзгөн шайтандык системанын маңдайында турган бул руханий күчтүн бар экенин көптөн бери билишет. Көп жылдардан бери тымызын саясат жана стратегиялар менен түзгөн кандуу армагеддон планынын себеби да ушул. Бул план менен чындыгында дарвинист жана атеист болгон бир катар кишилерди «Мусулман» деген ат менен террорист кылып өстүрүшүп, калп «Исламга кызмат» деген ат менен кыргындарга жөнөтүшкөн. Ошондой эле, ал топтор күнөөсүз адамдарга карата жасалган кылмыш, кол салуу, кыргын, өзүн-өзү жардыруу сыяктуу Исламга бүтүндөй карама-каршы болгон түшүнүктөрдү Исламда бардай кылып көрсөтүшкөн. Ал тургай, Исламга карама-каршы келген пикирлерди ушунчалык жайышкандыктан, өздөрүн Ислам аалымы деп көрсөткөн бир катар кишилер да бүт диндер арасында боло турган жана миллиондогон адамдын өлүмү менен аяктай турган бул кандуу согуш планын апачык жактай турган абалга келишкен. Жүз миңдеген кишини ынандырып, жүз миңдеген кишиге адам өлтүрүүнү, кыргын жасоону кадыресе көрсөтө алышкан. Болгондо да муну Аллах үчүн кылгандарына өздөрүн жана айланасындагы кишилерди ынандыра алышкан.
Бул китепте каралган армагеддон согушун күтүү сыяктуу Исламга жүктөөгө аракет кылынган кыргын жана согуш сценарийлери да ошол эле дажжал идеологиясынын чыгарганы. Дажжал бул ыкманы колдонуп ыймандуулар арасында бөлүнүүчүлүктү чыгарууну, аларды бир-бири менен уруштурууну, ыймандуулардын күчүн азайтууну жана ошентип өзүнүн бузуку пландарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жана шарт түзүүнү максат кылган жана мында бир топ ийгиликке жете алды.
Муну эч унутпаш керек. Дажжал ыймандуулардын алдынан дайыма Аллахтын атын колдонуп чыккан. Ал эч качан өзүнүн жүзүн ачык билдирбейт. Ыймандууларды туура жолдон алыстатуу үчүн сөзсүз динди жана динчил көрүнгөн бир катар адамдарды колдонот. Мына ушул себептен дажжал динчил адамдарды бир топ таасири астына алып, өзүнүн шайтандык системасын колдой турган жана күчтөндүрө турган ар кандай негизсиз жана бузуку пикирлерди оңой гана жайылта алган.
Исламга байланыштырууга аракет кылынган бузуку пикирлердин –булардын арасында Мусулмандардын Христиандарды жана Иудейлерди өлтүргүсү келиши, Мусулман эместерди эч жашаткысы келбеши, сүйүү жана боорукердиктен алыс болушу сыяктуу чындыкка сыйбас пикирлерди саноого болот- баары ойдон чыгарылган, негизсиз.
Чыныгы бир тынчтыктын жана сүйүүнүн дини болгон Исламдын өзүн билбеген, Куран аяттарындагы бир туугандык, адилеттик, тынчтык, мээрим жана боорукердик жөнүндөгү аяттардан кабарсыз кишилер бул чындыкка сыйбас пикирлердин бузуку тараптарын байкай албашы мүмкүн. Дажжалдык очоктор Исламга жүктөөгө аракеттенген бул Ислам көрүнүшүнүн бузуку жана жалган экенин түшүнө алуу үчүн Куран менен өкүм кылган, Курандын рухун билген, Куранды Пайгамбарыбыз (сав)дай түшүнгөн жана ишке ашырган адамдар болуу керек. Эгер бир адам «фанат» болсо, б.а. Ислам динин бузуку кошумчалар менен чечмелеп, өз оюнда акыл менен логикага сыйбаган –ошол эле учурда Куранга да туура келбеген- өкүмдөрдү чыгарып, бир жеңилдик дини болгон Исламды оор, түшүнүксүз, конфликттүү, сүйүүсүз ж.б. сыяктуу көрсөтүп жатса, анда бул чындыкты түшүнүшү –Аллах кааламайынча- мүмкүн эмес. Эң негизгиси фанатизм – бир эле Ислам үчүн эмес, Христиандык жана Иудейлик үчүн да чоң бир коркунуч. Ошондуктан Исламга жүктөөгө аракет кылынган бузуку түшүнүктөрдүн негизин түшүнүү үчүн фанатизмдин Курандан жана жалпы эле бүт акыйкат диндерден канчалык алыс экенин жакшы түшүнүү керек.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder