6 Ağustos 2013 Salı

Тоорот менен Инжилдеги аялдар жөнүндө айтылган терс сөздөргө мисалдар

Ислам дининин аялга болгон көз-карашы жөнүндөгү туура эмес маалыматтар өзгөчө акыркы убактарда кээ бир Христиан топтор тарабынан көп айтылууда. Чындыгында болсо, жогоруда терең баян кылынгандай, Курандын аялдарга болгон көз-карашы сүйүү, боорукердик, мээрим жана адилеттикке таянат.
Исламды ушундайча сындаган кээ бир Христиан топтордун бул темада эмне үчүн Тоорот менен Инжилдеги кээ бир сөздөргө эч көңүл бурбашы күмөн жаратат. Тоорот менен Инжилди караганыбызда, аялдарга карата өтө маанилүү сөздөрдүн бар экенин көрөбүз.
Мисалы, Христиандар да Ыйык Мыйзам деп санаган, биз да жооптуубуз деп ойлогон жана өз китебибиз деп кабыл алган Тооротто зина (никесиз байланыш) кылган бир аялдын жазасы – ташбараң кылып өлтүрүлүү. Бир катар Ислам өлкөлөрүнүн кылгандарынын тескерисинче, ташбараң кылып адам өлтүрүү Куранда эч бир жерде жок. Бирок Тооротто бар. Бул жөнүндөгү тексттер мындай:
Эгер бир адам башка бирөөнүн аялы менен жатканда кармалса, аял менен жаткан адам да, аял да, экөөсү тең өлтүрүлөт. Израилден жамандыкты жок кыласыңар. (Мыйзамды кайталоо 22:22)
Эгер бир адам шаарда башка бирөө менен убадалашып койгон бир кызга жолугуп, аны менен жатса, экөөсүн тең шаардын эшигине алпарып, ташбараң кылып өлтүрөсүңөр. (Мыйзамды кайталоо 22:23)
Эгер анын айтканы чындык болуп, кыздын кыздыгына бир далил табыла албаса, кызды атасынын үйүнүн эшигине алып барышсын. Шаар калкы кызды таш бараң кылып өлтүрөт. (Мыйзамды кайталоо 22:20)
Бирөө башка бирөөнүн аялы менен, б.а. коңшусунун аялы менен ойноштук кылса, ал да, ойноштук кылган аял да сөзсүз өлтүрүлөт. (Лебилер 20: 10)
Атасынын аялы менен жаткан атасынын намысына доо кетирген болот. Экөө тең сөзсүз өлтүрүлөт. Өлүмгө татыктуу болушат. (Лебилер 20: 11)
Бир адам келини менен жатса, экөө тең сөзсүз өлтүрүлөт. Уятсыздык кылып, өлүмгө татыктуу болгон болот. (Лебилер 20: 12)
Бир адам бир кыз менен да, кыздын апасы менен да үйлөнгөн болсо, начар иш кылган болот. Араңарда мындай начар иштер болбосун үчүн үчөөсүн тең өрттөгүлө. (Лебилер 20: 14)
Куранда болсо кандайдыр бирөөнү ойноштук (никесиз байланыш) менен айыптаган кишинин ошол учурда окуяны өз көзү менен көргөн 4 күбө алып келиши шарт. Ошол 4 күбө болгондо гана жана күбөлөр окуя болуп жаткан жерде ойноштукка өз көздөрү менен күбө болушканда гана бир адам ойноштук кылды деген анык өкүм чыгарылат.
Өкүм коюлган соң жаза болсо жүз балак уруу гана (Нур Сүрөсү, 2-8). Бул жердеги жаза өкүмүнүн коркутуу максатында коюлганы анык. Себеби бир кишини ойноштук кылып жатканда дал ошол учурда ачык көрө турган 4 кишинин болушу иш жүзүндө дээрлик мүмкүн эмес.
4 күбө алып келинбегенде болсо мындай айыптоонун толугу менен четке кагылаары аяттарда билдирилет:
Бир күйөө аялына ойноштук айыбын жапканда жана күбө алып келбегенде болсо аялдын Аллахтын атына беш жолу ант ичиши анын үстүндөгү бул айыптоону бүтүндөй алып салат. (Нур Сүрөсү, 8-9)
Тооротто болсо ойноштуктун жазасы – «ташбараң кылып өлтүрүү». Болгондо да күбө алып келүү мажбурлугу да жок. Жазанын ишке ашышы үчүн айтып койуу эле жетиштүү. Кээ бир Христиандар Исламга бул темада сын-пикир айтышып, бирок Тоороттогу бул өкүм жөнүндө эч нерсе айтышпайт. Мынчалык оор жана апачык бир өкүм кааласа бүт Иудейлерге жана Христиандарга жүктөлүшү мүмкүн. Булар Иудейлер менен Христиандар жөнүндө өтө кызыктай пикирлердин пайда болушуна жол ачышы мүмкүн. Бирок Мусулмандар бул жердеги өкүмдү коркутуу максатында коюлган, иш жүзүндө жасалбайт, убакыт ичинде өзгөртүлгөн деп өкүм кылышат жана Иудей менен Христиандарга болгон көз-карашы да ушуга жараша болот.
Буга дагы бир мисал курчалган шаарлардагы туткун аялдар менен байланыштуу. Куранда эркек болсун, аял болсун бүт туткундар корголуп, согуштун аягында койо берүү буйрук кылынган. Бирок Тооротто болсо курчалган бир шаардагы аялдар менен жаш балдар «душман мүлкү» жана «талап-тоноого болот»:
Бирок тынчтык сунушуңардан баш тартып, силер менен согушкулары келсе, шаарды курчагыла. Теңириңер КУДАЙ өз колуңарга тапшырганда ал жерде жашаган бүт эркектерди кылычтагыла. Аялдарды, жаш балдарды, жаныбарларды жана шаардагы бүт нерсени талап-тоносоңор болот. Теңириңер КУДАЙ силерге берген душман мүлкүн колдоно берсеңер болот. (Мыйзамды кайталоо 20: 12-14)
Ал тургай, курчалган бир шаардагы аялдар, ал тургай жаш балдар, ал тургай, наристелер да ӨЛТҮРҮЛҮШҮ КЕРЕК:
«Бул аялдар Балам берген кеңешти угуп Пеор окуясында израилдиктердин КУДАЙга кыянат кылышына себеп болушту. Ушул себептен КУДАЙдын коому арасында өлүмгө алып барчу оору жайылды. Эми бүт эркек жаш балдарды жана эркек менен жаткан аялдарды өлтүргүлө. Эркек менен жатпаган жаш кыздарды гана өзүңөр үчүн аман алып калгыла. (Мыйзамды кайталоо 20: 16-18)
Муса согуштан кайткан аскер башчыларына –миңбашыларга, жүзбашыларга- ачууланды. Аларга «Бүт аялдарды аман калтырдыңарбы?» деди... (Сандар 31: 14-15)
«Өкүмдар КУДАЙ мындай дейт: Алардын үрөйүн учура турган, мал-мүлктөрүн талай турган бир топту жөнөтөм аларга. Аларды ташбараң кылып, кылычтары менен кесишет; балдарын, кыздарып өлтүрүп, үйлөрүн өрттөшөт.» (Жезекиел 23: 46-47)
Эркектер менен аялдарды, жаш балдар менен улгайгандарды, уландар менен жаш кыздарды, чабан менен малдарын, дыйкан менен өгүздөрүн, шаар жана дубан башчылары менен жардамчыларын өлтүрөм. (Жеремия, 51: 22-23)
Кармалгандын денеси жебеге сайылат, колго түшкөн кылычтан өлөт. Балдары көз алдында өлтүрүлөт. Үйлөрү таланат, аялдарынын абийири тебеленет... Октору менен жаш балдарды өлтүрүп, наристелерди аябайт, жаш балдарды аяшпайт. (Ышайа 13: 15-18)
Беркилерге «Шаарды кыдыргыла жана эч кимди аябастан, эч кимге боор оорубастан өлтүргүлө» дегениңди уктум. «Улгайганды, жашты, жаш кызды, аялды, жаш балдарды өлтүргүлө...» (Жезекиел, 13: 5-6)
Эми бар да, амалыктыктарды талкала, анын эмнеси бар болсо, ошонусунун баарын жок кыл. Аны аяба, эркегинен аялына чейин, өспүрүмүнөн эмчектеги баласына чейин, өгүзүнөн коюна чейин, төөсүнөн эшегине чейин кырып сал. (Биринчи Шемуел, 15: 3)
Кешпон падышасы Сихондун бүт шаарларын талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып салгандай, аларды да талкалап, элин кырып салдык. (Мыйзамды кайталоо, 3: 6)
Теңирибиз КУДАЙ аны колубузга тапшырды. Аны, балдарын жана бүт элин жок кылдык. Бүт шаарларын караттык, баарын жок кылдык. Аял, эркек, жаш бала, эч кимди соо калтырбадык. (Мыйзамды кайталоо, 2: 33-34)
Согушкан бир шаардагы аял-жаш бала эч кимдин аман калтырылбашы керек экени да Тоороттогу өкүмдөрдүн бири:
Ал элдерге караштуу эмес, сенден өтө алыс жайгашкан шаарларды да так ушундай кыл. Ал эми Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан мына бул элдердин шаарларында жашаган адамдардын бирин да тирүү калтырба. Кудай-Теңириң буйругандай, хеттиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды толугу менен кырып сал. (Мыйзамды кайталоо 20: 15-17)
Исламда уурулукка каршы, аятта апачык билдирилгендей, «кайталанышын алдын алуучу бир жаза катары» кол кесүү жазасы бар. Бирок кылган кылмышынан улам бир киши тообо кылса анда жазаланбайт (Маида Сүрөсү, 38-39). Мындай бир жазага туш болоорун билип туруп эч ким тообо кылып кечирим суроо нематынан, албетте, баш тартпайт. Ошондуктан бул жердеги өкүмдүн иш жүзүндө колдонулбай турган, кишилерди коркутуу үчүн гана экени анык.
Мусулмандарды бул өкүмдөн улам сындаган Христиандар бул темада негизи Тооротту кароолору зарыл. Тооротто өтө кызыктай себептер менен кол кесүү жазасы бар, болгондо да бул анык өкүм катары ишке ашырылат жана кылмыш кылган адамды айоо жок:
«Эгер эки адам урушуп, бирөөсүнүн аялы күйөөсүн ургандын колунан куткаруу үчүн келип колун созуп, берки кишинин эркектин органын кармаса, аялдын колун кесесиңер; аны аябайсыңар. (Мыйзамды кайталоо 22: 11-12)
Аялдар жөнүндө Тоороттогу кызыктай иштердин бирөөсү болсо төмөнкүдөй:
Бир аял жыныстык байланыш түзүү максатында бир жаныбарга жакындаса, аялды да жаныбарды да сөзсүз өлтүрөсүңөр. Өлүмгө татыктуу болушкан болот. (Лебилер, 20: 16)



Мындай абал Инжилге да тиешелүү. Кээ бир Христиандар Мусулмандарды аялды экинчи сорт адамдай көрөсүңөр деп айыпташат. Бирок Инжилди караганда аялдын экинчи сорт адам кейпине салынганы жана эркектин болсо ага башчы кылып жаратылганы жөнүндө баяндарды көрөбүз. Инжилдеги бул жөнүндөгү сөздөр төмөнкүдөй:
...Месих ... чиркөөнүн башы болгон сыяктуу, эркек да аялдын башы. (Эфестиктерге кат 5:23)
Аялдар чогулуштарыңарда унчугушпасын. Сүйлөшүнө уруксат жок. Ыйык Мыйзам да айткандай, тил алчаак болушсун. Үйрөнгүлөрү келген бир нерсе бар болсо, үйдө күйөөлөрүнөн сурашсын. Себеби аялдын чогулуш убагында сүйлөшү уят. (Корунттуктарга биринчи кат, 14: 34-35)
Аялдын үйрөтүшүнө, эркекке башчы болушуна уруксат бербейм; унчукпасын. Себеби алгач Адам, анан Обо жаратылган; алданган да Адам эмес эле, аялы алданып күнөө кылган. (Тиметейге биринчи кат, 2:12-14)
Эркек аял үчүн эмес, аял эркек үчүн жаратылган. (Корунттуктарга биринчи кат, 11: 9)
Көрүнүп тургандай, Христиандыкта жана Иудейликте аялдарды төмөн көрүү жөнүндө өтө оор сөздөр турганда, кээ бир кишилердин ал сөздөрдү көрмөксөн болуп Исламды жамандаганга аракет кылышы түшүнүксүз. Ал кишилердин Куранда ансыз да жок болгон өкүмдөрдөн улам Исламды өз ойлорунда сындашы эч түшүнүксүз. Мусулмандар Христиан менен Иудейлер жөнүндө мындай көз-карашта болбогон сыяктуу, Иудейлер менен Христиандар арасында да аялдарды басмырлаган фанаттар бар экенин билип, муну эч качан бул эки диндин чыныгысына жүктөбөгөн сыяктуу; Христиандар да –Куранда болбогон ойдон чыгарылган кошумчаларды жана аларды жасаган фанаттарды далил көрсөтүп- Ислам жөнүндө туура эмес көз-карашта болбошу зарыл.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder