Террордук кол салууларды, кыргындарды, өзүн-өзү жардыргандарды Исламга байланыштырган кээ бир кишилер дүйнөдө Исламды жамынып террор жасагандарды Мусулман деп ойлошуп жаңылышууда. Болгондо да ал кишилерди Курандын өкүмдөрүн аткарган чыныгы Мусулмандар деп ойлошууда. Чындыгында болсо ал кишилердин Ислам менен да, ыйык китебибиз Курани Керим менен да эч байланышы жок.
Ислам дини террордук кол салууларга, кыргындарга, өзүн-өзү жардыргандарга жана ар кандай жырткычтыкка каргыш айтат
Учурда дүйнөгө таанылган жана өз өлкөлөрүндө заалымдыктарды жасаган террорист лидерлердин көпчүлүгү чындыгында провокация үчүн атайын даярдалган чалгындоо кызматынын (разведка) агенттери. Алар Америка жана Европадагы белгилүү чалгындоо кызматтарынын өкүлү жана түздөн-түз ошол уюмдардан буйрук алышат. Ал кишилердин баары материалисттик жана дарвинисттик билим алып өсүшкөн. Ал кишилер – Аллах буйруган чыныгы Ислам ахлагын өмүрлөрүндө эч качан жашабаган, Пайгамбарыбыз (сав)дын сүйүү жана боорукердикке толгон, мээримдүү, кечиримдүү жана адилеттүү адеп-ахлагынан алыс, дарвинисттик пикирлердин таасиринде калган кишилер. Ал кишилердин өтө жаңылыш ою боюнча, жашоону улантуунун жана күчтүү болуунун жалгыз жолу – бул кагылышуу, согушуу. Зомбулук менен зулумдук жашоонун бир талабы, сүйүү, боорукердик жана мээрим сыяктуу сезимдер болсо адамды күчсүз көрсөтүүчү алсыздыктар.
Кээ бир ибадаттарды аткарышы, кайсы бир Ислам өлкөсүнүн жараны болушу, паспортторунда Мусулман деп жазылышы чындыкты өзгөртпөйт. Ал кишилер бүтүндөй дарвинисттик дүйнө көз-карашындагы адамдар. Айланасындагы адамдарды да материалист-дарвинист көз-караш боюнча баалашат:
Алардын чоң жаңылыштыгы боюнча, «адамдар – бул бир аз көбүрөөк өнүккөн айбандар; рухтары жана өздүгү жок, эч кимдин алдында жоопкерчиликтүү эмес. Башка айбандар сыяктуу адам да өмүрүн улантуу үчүн өзүмчүл болууга, өзүн гана ойлоого мажбур. Бул айбандар тобунун ичинде алсыздар сөзсүз электен өтүп, жок кылынышы зарыл.» Албетте, мындай туура эмес көз-караштагы бир адамдын массалык кыргындарды жасашына тоскоол боло турган эч кандай адеп-ахлактык жана абийирдик бир себеп жок.
Бул террорист лидерлер чындыгында Америкада жана ар кайсы Европа өлкөлөрүндө Ислам ахлагынан алыс, «көпкөн, текебер» тарбия алган, түнкү клубдардан чыкпаган, Батыш маданиятынын терс жана адеп-ахлактык бузулган тараптарын өзүнө сиңирген атеисттик көз-караштагы кишилер. Бул жерде муну айта кетүү керек: бир адам дин ахлагын жашап баштай электе өмүрүн ар кандай өткөргөн болушу мүмкүн, муну сындоого болбойт. Ал кишинин чын ниеттен тообо кылып Аллах ишенимине кайтышы менен Аллахтын ал каталарын кечиришин үмүт кылууга болот. Бирок сөз болуп жаткан кишилердин жагдайы башка.
Ал кишилер кызмат кылаар убактысы келгенде, сакал коюп, ахли сүннөт бир Мусулман көрүнүшүнө кирип иштин башына өтүшөт. Бир катар чалгын уюмдарынын тымызын бөлүмдөрүнөн тиешелүү буйруктарды алып, аларга ылайык иш-аракеттерди эч ойлонбостон орундатышат. Алардын Мусулмандык менен, Ислам менен эч кандай байланышы жок. Алардын дини – Ислам эмес; материализм, дарвинизм. Куранга толук моюн сунган, чын ниеттүү Мусулмандардын Куранга карама-каршы болгон мындай зулумдук системасын колдошу жана анын бир бөлүгүнө айланышы мүмкүн эмес. Дүйнөдө бул зулумдукту жасагандар – дарвинисттер, материалисттер, Сталинди идеал туткандар, Че Гевараны идеал туткандар, Ленинди идеал туткандар, Муссолинини идеал туткандар, Гитлерди идеал туткандар жана Маону идеал туткандар. Булар – кандуу материалисттердин, коммунисттердин, фашисттердин бузуку пикирлерин өз ойлорунда Исламды жамынып ишке ашырууга аракеттенген, дин ахлагынан бүтүндөй алыс көз-караштагы адамдар. Бир катар чөйрөлөр тарабынан куру доомат менен Ислам динине жүктөөгө аракет кылынган бул заалым система мына ушундайча иштейт.
Кээ бир Мусулмандар калп Ислам атынан жасалган мындай заалым иш-аракеттер чындыктарды чагылтпайт деши мүмкүн жана муну бүтүндөй танышы мүмкүн. Чындыгында болсо эң туурасы – андай иш-аракеттерди тануу эмес, алардын бир катар динге каршы чалгындоо агенттери тарабынан, өз ойлорунда Ислам динин дүйнөдө натыйжасыз кылуу жана Ислам дининин күчтөнүшүнүн алдын алуу үчүн жасалганын айтып берүү. Булардын баарынын Ислам дининде анык арам кылынган иш-аракеттер экенин бүт адамзатка жеткирүү.
Хиросимага ташталган бомба Христиандарга жүктөлгөн эмес, террористтик акттарды да чыныгы Мусулмандарга жүктөөгө болбойт
Жогоруда айтылган пикирдеги Христиандар Мусулмандарга карата мындай негизсиз дооматтарды айтып жатып, маанилүү бир жагдайды билмексен болушууда. Белгилүү болгондой, тарыхта Америка Кошмо Штаттары өтмүштө Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасын таштап он миңдеген күнөөсүз адамдын өлүмүнө себеп болгон. Ал кишилер арасында Мусулмандар, Христиандар жана Иудейлер да бар эле. Жаш балдар да бар эле, улгайгандар да, күнөөсүз аял жана эркектер да. Бирок Ислам ааламы эч качан көпчүлүгү Христиандардан турган АКШ өкмөтү жасаган бул ишти Христиандарга жүктөгөн жок.
Эч качан бомбаны таштаган кишилер кайсы динде эле деген жок, бул бомбалоону бир «Христиан кол салуусу» деген жок. Ошондой эле өтмүштө болгон жана аты ачык «Кресттик жүрүш» деп аталган кол салуулар учурунда да миңдеген Мусулман жырткычтык менен шейит кылынды, ал тургай башка конфессиялардагы Христиандар да кыйноого алынып өлтүрүлдү, мечиттер менен кошо чиркөөлөр да талап-тонолду. Жакынкы жылдары Иракта, Афганистанда жана башка кээ бир Мусулман өлкөлөрүндө төгүлгөн кандар да Мусулман каны эле. Бирок эч качан Мусулмандар буларга таянып, Инжилге моюн сунгандар кан төгүшөт деген жоромол жасашкан жок.
Акылы ордунда болгон ар бир адам зулумдук кылынган бир жерде сөзсүз динсиздиктин өкүмчүлүк кылаарын оңой гана түшүнө алат. Куранга моюн сунган, Аллахка ыйман кылган акылы жайында Мусулмандар эч качан ал кыргындардын жоопкерчилиги Христиан дининин мойнунда дебейт. Бул Аллахка чын жүрөктөн ишенген бир киши кыла турган нерсе эмес.
Мусулмандарга карата мындай начар сөздөрдү айткан бир катар Христиандардын да эми бул туура эмес көз-караштарын жана көнүмүш адаттарын токтотуу убактысы келди. Көбүнчө мындай сөздөрдүн түбүндө сабатсыздыктын ролу чоң. Ушул себептен Христиандар стереотипсиз бир көз менен Куранды окуп, Пайгамбарыбыз (сав)дын өмүрүн анализ кылышы керек жана сөзсүз чыныгы Ислам ахлагын жашаган салих (чын ниеттүү) ыймандуулардын эмгектерин, өмүрлөрүн, көз-караштарын жана иш-аракеттерин эске алышы зарыл.


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder