Аллах адамдар арасында бейпилдик менен адилеттикти камсыздашы үчүн билдирген Куран ахлагы аркылуу аялдын коом жашоосундагы да, үй-бүлө жашоосундагы да бүт укуктары коргоого алынган. Албетте, бул аялдар үчүн өтө чоң бир мээрим, чоң бир жеңилдик жана жакшылык. Аллах билдирген ахлакка моюн сунулганда, аялдар эч кыйын абалда калбайт, келечеги жана бейпилдиги кепилдикке алынат.
Төмөндө Аллах Куран аяттары менен билдирген аялды жана анын коомдук укуктарын кепилдикке алган аяттардын кээ бирлерине токтолуп, Ислам ахлагында аялдын канчалык баркталаарын жана канчалык бапестелээрин көрсөтөбүз.
Ажырашканда аялдардын көңүлүнүн алынышы жана ыраазы кылынышы
Ажырашуу напсилеринин каалоосуна карап жашаган кээ бир адамдар үчүн экинчи тарап менен болгон бүт кызыкчылык байланыштарын үзүү маанисине келет. Мындай кишилер кызыкчылык байланыштары бүткөн жерде берки тарапты бапестеп, ага көңүл буруунун кажети жок деп ойлойт. Көбүнчө ажырашкан адамына болгон бүт сүйүү жана сыйлоо сезимдерин да жоготкондуктан өз кызыкчылыктарын гана көздөп, анын оор, муктаж абалда калышын көрмөксөн болуп коюшу мүмкүн. Улуу Раббибиз Куранда болсо ажырашкан соң аялдарга боорукердик жана мээрим менен, жакшы мамиле кылуу керек экенин мындайча сүрөттөгөн:
Аялдарды ажырашканда, күтүү мөөнөтүн аяктаган болсо, аларды же жакшы мамиле кылып алып калгыла же жакшы мамиле менен жибергиле...» (Бакара Сүрөсү, 231)
Эй ыйман кылгандар, ыймандуу аялдарды никелеп, анан аларга тийбестен ажырашсаңар, анда силер үчүн санай турган бир иддет (күтүү убактысы) жок. Анан (ылдам) аларды пайдаландыргыла (аларга жете турган көлөмдө бергиле) жана жакшы мамиле менен аларды жибергиле. (Ахзаб Сүрөсү, 49)
Ажырашуу учурунда жана ажырашкан соң эркектин аялга көрсөтүшү керек болгон сый-урмат, сылык мамиле, мээрим жана боорукердик – Курандын буйругу. Мындай адеп-ахлак Куран менен гана болот. Аялга эң чоң маанинин Исламда гана берилээри анык. Муну көрүү үчүн ойлорунан кошумчаларды чыгаргандардын калптарына эмес, Куран аяттарына жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын кылгандарына караш керек.
Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
Исламда ажырашкан соң аялдын материалдык мааниде келечегинин кепилдикке алынышы буйрулган. Ажырашкан бир аялдын ээнбаш, коргоосуз, материалдык жактан таянычсыз ташталышына Куранда тыюу салынган. Эгер бир киши чындап Куранга моюн сунган чын ыкластуу бир ыймандуу болсо, Аллах Куранда билдирген бул өкүмдөргө да толук моюн сунууга милдеттүү. Мындай адам муну Аллах сүйүүсү менен жакшылап жана чын ниеттен каалап аткарат.
Куранда ажырашкан бир аялдын материалдык кепилдикке алынышын шарт кылган аяттар төмөнкүдөй:
(Күйөөсү тарабынан) Ажырашкан (аял)дардын жакшы (шариятка ылайык) пайдалануу (жана күнүн өткөрүү)лөрү бар. Бул (Аллахтан коркуп) тартынгандарга бир акы (милдет). (Бакара Сүрөсү, 241)
... Аларды пайдаланткыла, бай адам өз күчүнө, жакыр адам да өз күчүнө жараша жакшы (шариятка жана салтка ылайык) абалда пайдалантсын. (Бул) жакшылык кылуучулардын мойнундагы бир акы (милдет). (Бакара Сүрөсү, 236)
Мүмкүнчүлүгү көп адам төлөмдү (алиментти) кеңири мүмкүнчүлүгүнө жараша берсин. Ырыскысы чектүү киши болсо Аллахтын ага бергенине жараша берсин. Аллах эч бир жанга ага бергенинен ашыкча жоопкерчилик жүктөбөйт. Аллах бир кыйынчылыктын артынан бир жеңилдик жасап-берет. (Талак Сүрөсү, 7)
Аяттардан көрүнүп тургандай, бай адам да, жакыр адам да ажырашкан аялын коргоого милдеттүү кылынган. Өмүр бою ал кишини көрбөй турган, материалдык жана моралдык эч кандай кызыкчылык албай турган болсо да, ажырашкан аялын материалдык жактан коргоого жана ага сыпайы мамиле кылууга милдеттүү. Улуу Аллах муну сөзсүз чын көңүлдөн, каалап кылуу керек экенин аяттарында белгилеген:
«Аялдарга мехирлерин (калың) чын көңүлдөн каалап (жана бир акысы катары) бергиле, бирок алар өз көңүлүнөн силерге андан бир нерсени кечсе, аны бейпил көңүл менен жегиле.» (Ниса Сүрөсү, 4)
Аялдарга берилген мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
Улуу Раббибиз аяттарында ажырашканда эркектин чогуу жашаган кезде аялына берген эч нерсени кайра албашы керек экенин билдирген:
«Бир аялды койо берип ордуна башка бирөөгө үйлөнгүңөр келсе, алардын бирөөсүнө (мурдакыга) өтө көп (мал-мүлк жана акча) берген болсоңор да, андан эч нерсе албагыла. Ага доомат кылып жана апачык бир күнөөгө кирип бергениңерди аласыңарбы? Аны кантип аласыңар, бир-бириңерге кошулган (кошулуп жакын болгон) элеңер. Алар силерден анык бир кепилдик (күчтүү бир убада) да алышкан эле.» (Ниса Сүрөсү, 20-21)
... Аларга (аялдарга) берген бир нерсеңерди кайра алышыңар силерге адал эмес... (Бакара Сүрөсү, 229)
Аллах аяттарда эркекке үйлөнгөндө аялга бир сөз жана кепилдик берилгенин эске салууда. Бул убада себебинен аялга «өтө көп мал-мүлк жана акча» берилген болсо да, баары бир аларды кайра алуу талабын койбоону билдирген. Ыймандуу, Аллахтан корккон жана ар бир ишти Аллахтын ыраазылыгына жетүү үмүтү менен кылган бир адам убаданын Аллахка берилгенин билет. Мындан улам бул жоопкерчилигин эң сонун орундатат. Бул – учурда дээрлик дүйнөнүн эч бир жеринде кездешпеген жогорку бир адеп-ахлак. Курандын тереңдигин, сүйүү жана боорукердик түшүнүгүн түшүнө албаган фанаттардын жана аларды Исламдын чыныгы өкүлдөрү катары көрүп жаңылгандардын эң чоң жаңылыштыктарынын бири мына ушул. Аялга ал татыктуу болгон кадыр-барк Куранда гана берилет.
Кээ бир Христиандар бул буйруктар эмне үчүн азыр Ислам өлкөлөрүндө аткарылбайт дешип, буга күмөн менен карашат. Мунун себеби – албетте, учурда Ислам өлкөлөрүндө чыныгы Куран ахлагынын аткарылбашы, жана көп өлкөлөрдө фанаттар чыгарган калптардын өкүм сүрүшү. Толугу менен Куранга ылайык жашаган бир Мусулман, албетте, Аллахтын бул буйруктарын чын көңүлдөн, кубануу менен орундатат.
Ажырашкан соң аялдардын жашай турган орун менен камсыз кылынышы
Куран аяттары боюнча, эркек ажырашкан соң да аялдын бейпилдигин жана коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү кылынган. Ажырашканга чейин материалдык-моралдык ар кандай муктаждыгын күйөөсүнүн же үй-бүлөнүн шарттары менен камсыздаган аял ажырашкан соң көп кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Ыймандуунун адеп-ахлагы мындай абалда кишинин болушунча түшүнүктүү болушун жана берки адамдын муктаждыктарын өз муктаждыгындай көрүп, кылдат ойлонуп көмөкчү болууга аракет кылышын талап кылат. Мына ушул себептен Раббибиз өзгөчө ажырашуу сыяктуу аял кыйын абалда кала турган абалдар үчүн алынышы керек болгон чараларды, кылынышы керек болгондорду, көрсөтүү керек болгон сонун адеп-ахлак өзгөчөлүктөрүн аяттары аркылуу белгилеген. Улуу Аллах ажырашкан соң аял оор абалда калбашы жана жетиштүү деңгээлде корголушу үчүн эркекке аны жакын жерде кармашын кеңеш кылат. Ал тургай, бул бир коркунуч учурунда көз кулак боло тургандай болушу керек экени аятта билдирилет. Ажырашкан соң өзүнө жашай турган ылайыктуу бир орун тапканга чейин аялга мүмкүнчүлүк түзүп берүү, ага кандайдыр бир зыян тийишине жол бербөө – ыймандуу адам үчүн абийирдик жактан маанилүү бир жоопкерчилик:
«(Ажырашкан) Аялыңарды күчүңөргө жараша жашап жаткан үйүңөрдүн бир тарабына жашаткыла, аларды «кыйынчылык жана азапка салуу максатында» зыян тийгизбегиле. Эгер алар кош бойлуу болгон болсо, жүктөрүн таштаганга (төрөгөнгө) чейин аларга төлөм (алимент) бергиле. Эгер силер үчүн (баланы) эмизсе, аларга акыларын төлөгүлө. (Абал жана мамилеңерди) Өз араңарда жакшы (Исламга ылайык) отуруп-сүйлөшкүлө. Эгер кыйынчылыкка түшсөңөр, анда (баланы) ал (атасы) үчүн башка бирөө эмизсе болот.» (Талак Сүрөсү, 6)
Бул жерде маанилүү болгону үчүн дагы бир жолу айтып кетүү керек: аяттарда айтылган мындай коргоо чаралары, албетте, аял өзүн бага албаганчалык алсыз деген мааниге келбейт. Бул – кээ бир стереотиптүү кишилердин Ислам динин сындоо максатында чыгарган тантырак пикирлери. Аяттарда жогорку бир адеп-ахлактан сөз кылынууда. Бул жерде сылык-сыпайы бир адеп-ахлак, аялды бийик тутуу жана барктоо жөнүндө сөз болуп жатат. Аялды колдоо, анын өтө барктуу жана баалуу экенин ага сездирүү. Аллахтын аялга берген маанисин жана боорукердикти иш жүзүндө көрсөтүү.
Аялдарга мажбурлуу мураскор болбоо
Куранда аялдын корголушу менен байланыштуу жоопкерчиликтердин бири – бул аялдарга мажбурлуу мураскор болбоо. Аллах аятында мындай дейт:
«Эй ыйман кылгандар, аялдарга мажбурлуу мураскор болууга аракет кылышыңар адал болбойт. Апачык «жаман бир уятсыздык» кылбаса, аларга бергендериңердин бир бөлүгүн кетирүү (кайра алуу) үчүн аларга кысымчылык кылышыңар да (адал эмес.) Алар менен жакшы мамиледе болгула...» (Ниса Сүрөсү, 19)
Аллах бул аят менен болсо аялга кысымчылык кылуудан жана материалдык жактан аны кыйын абалга сала турган бир иштен тоскон.
Эненин баркталышы
Энелик даражасы Куранда макталган. Эне-атаны урматтоо, аларга жакшы мамиле кылуу, аларды дайыма, улгайганда да коргоп-колдоо Куранда өзгөчө салих (чын ыкластуу) ыймандуулардын мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликтер жана бул жөнүндө өтө көп аят бар. Бул аяттардын кээ бирлери мындай:
Биз адамга апасы менен атасына (карата) жакшылыкты (эреже тутушун) кеңеш кылдык... (Анкебут Сүрөсү, 8)
Куранда ата-энеге урмат көрсөтүп, жакшылык кылуу Мусулмандарга кеңеш кылынган. Бирок эне өзгөчө бааланат. Аллах аяттарында төмөнкүчө билдирген:
Биз адамга апасы менен атасын (аларга жакшы мамиле кылууну) кеңеш кылдык. Апасы аны кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен (курсагында) көтөргөн. Анын (сүттөн) чыгышы эки жыл ичинде. «Мага да, апаң менен атаңа да шүгүр кыл, Мага гана кайтасыңар.» (Локман Сүрөсү, 14)
Биз адамга ата-энеңе жакшы мамиле кыл деп кеңеш бердик. Энеси аны кыйналып көтөрүп жүрдү жана аны кыйынчылык менен төрөдү. Анын (кош бойлуу кезде) көтөрүп жүрүлүшү менен сүттөн чыгышы отуз ай. Анан күчтүү (жетилген) убакка жетип кырк жыл (жаш)ка жеткенде: «Раббим, мага, эне жана атама берген нематка шүгүр кылышымды жана Сен ыраазы боло турган салих бир ишти кылышымды мага илхам кыл; мен үчүн салих (ыкластуу) урпактар бер. Чындап мен тообо кылып Сага бурулдум жана чындап мен Мусулмандарданмын» деди. (Ахкаф Сүрөсү, 15)
Чындап эле ар бир эне баласын дүйнөгө алып келүү үчүн көп ай бою өтө көп машакат тартат. Аллах аятта билдиргендей, кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен наристесин курсагында көтөрүп, андан соң аны кыйынчылык менен дүйнөгө алып келет. Жана анан өтө кыйналып баласынын бейпилдигин камсыз кылып, аны карайт. Ал тургай, буларды кылып жатканда эч кандай бир кызыкчылык күтпөйт, тескерисинче өз муктаждыктарын экинчи планга койот. Аллах бул чындыктарды биздин эсибизге салып, энелерибиздин өтө баалуу экенине көңүл бурууда.
Куранда аялдын бааланып-баркталышы ушунчалык анык өкүмдөр менен баяндалып, аял бүт тараптан корголгон, бирок кээ бир Христиандар өз ойлорунда Исламда аял басмырланган дешип, Куран Мусулмандарына каршы динге кошумча жасагандарды далил көрсөтүшүп, сындоого аракет кылышууда. Бул кишилер аяттарды жакшылап окуп, адилеттүү ойлонушу керек. Мындан тышкары, бул кишилердин Тоорот менен Инжилде орун алган аялдарга карата айтылган кээ бир сөздөрдү карабастан, Куранды сындоого аракет кылып өжөрлөнүшү да өтө таң калыштуу.


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder