Курандын анык бир өкүмү: Исламда мажбурлоо жок.
Аяттарда бул чындык мындайча билдирилген:
Динде мажбурлоо (жана басым жасоо) жок. Эч күмөнсүз, туура жол (рүшд) адашуучулуктан апачык ажыратылган. Эми ким таагуттан баш тартып, Аллахка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, абдан бекем бир тутканы кармаган болот. Аллах – угуучу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 256)
Эгер Раббиң каалаганда, жер жүзүндөгүлөрдүн баары бирдей ыйман келтирмек. Демек, алар мумин (ыймандуу) болгонго чейин адамдарды сен мажбурлайсыңбы? (Йунус Сүрөсү, 99)
«Эй коомум, пикириңер кандай айткыла? Эгер менин Раббимден апачык бир далилим бар болсо жана Раббим мага Өз Кабатынан бир мээрим берип, (бул) силердин көздөрүңөрдөн жашырылган болсо? Силер аны каалабасаңар да, биз силерди ага мажбурламак белек?» деди. (Худ Сүрөсү, 28)
Мусулмандар Аллахтын «жакшылыкка (маъруф) чакырып, жамандыктан (мүнкер) кайтар» (Локман Сүрөсү, 17) буйругуна ылайык, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат жана адамдарды жакшы сөз менен Аллахтын жолуна үндөшөт. Бирок хидаят берүүчү (туура жолго салуучу) Аллах (Касас Сүрөсү, 56) жана Куранды окуган жана түшүнгөн бүт Мусулмандар муну өтө жакшы билишет. Ошондуктан бир Мусулмандын милдети – бул адамдарга Куранды түшүндүрүү, аларды Куранга чакыруу, б.а. аларды динди түшүндүрүү. Бул үндөөгө хидаят тапкан гана жооп берет, хидаят таппаган болсо бул үндөөдөн алыстайт. Ушул себептен хидаят таппаган бир киши канчалык мажбурланбасын, баары бир эч качан чыныгы Мусулман болбойт. Ошондуктан аны буга мажбурлоо Куран боюнча арам дагы, жана натыйжа да бербейт.
Ислам моюн сунуу маанисине келет. Бир адамдын Исламга кириши, чыныгы мааниде хидаят табышы жана чыныгы бир Мусулман болушу үчүн Аллахка жана Куранга чын жүрөктөн моюн сунушу шарт.
Эгер бир адам Исламга мажбурланса эмне болот?
Бир адам Исламга мажбурланса, Мусулман эмес, мүнафык (эки жүздүү) болот. Кыйынчылык менен ибадат кылат, аягында эрегишкен, кекенген бир эки жүздүүгө айланат. Исламды, Мусулмандарды жек көрөт жана Мусулман көрүнүп өмүрүн Мусулмандарды өз оюнда тузакка түшүрүүгө каржайт.
Мүнафык – Мусулмандардын эң чоң душманы, дүйнөдөгү эң жүзү кара макулук. Аллах мүнафыктарга тозокто эң төмөнкү кабатты ылайык көргөн. Бул жүзү кара жандыктар Мусулмандарга дайыма зыян тийгизүүгө аракет кылышат. Ошондуктан Аллахтын өкүмүн укпастан, бир адамды мажбурлап Мусулман кылууга аракеттенүү мүнафыктарды гана пайда кылып, зыян алып келет. Бул Мусулман эч каалабаган нерсе.
Бир адамдын мажбурлап Мусулман болушу Курандын жалпы рухуна да карама-каршы. Куранда белгиленген бир адилеттик түшүнүгү бар. Ал түшүнүк боюнча, ар кандай көз-караш, ар кандай пикир болушунча эркин. Аллах Куранда муну каапырларга кайрылган «Силердин диниңер силерге, менин диним мага» (Кафирун Сүрөсү, 6) аяты менен апачык белгилеген. Бул толук демократия дегенди билдирет, дин жана ишеним эркиндиги. Ишеним эркиндиги жана демократия болсо Курандан келип чыгат. Курандагы мындай түшүнүк бүт дүйнөгө жайылганда толук демократия жана эркиндик орнойт. Бул адилеттик системасы – бүт коомдорду, бүт дүйнөнү, бүт ишенимдерди камтыган адамгерчиликтин бир шарты болгон бир мыйзам. Аллахтын мыйзамы. Курандын өкүмдөрү адамдар материалдык жана моралдык жактан бейпил жашай турган кылып жаратылган.
Куран аяттарында адамдарды азапка сала турган, адамдарды тынчсыздандыра турган эч кандай өкүм жок. Ислам дини адамдар сүйүп сүйүп, чын көңүлдөн жашай турган, бактылуу боло турган бир дин болуп түшүрүлгөн. Бир Мусулман мушрик болсо дагы ал киши туура жолду (хидаят) табышы үчүн дуба кылууга, ага боорукер мамиле кылууга, аны коргоп-колдоого милдеттүү. Аллах мушриктерди (Аллахка шерик кошкон кишилерди) бир жерден башка жерге баратканда коргоону да Мусулмандарга бир милдет кылган. Мусулмандар өз жанындай мушриктерди коргоого милдеттүү. Куранда бул жөнүндөгү аят төмөнкүдөй:
Эгер мушриктерден бирөө сенден «амандык суранса», ага амандык бер; ошентип Аллахтын сөзүн уксун, анан аны «коопсуздук ичинде бара турган жерине жеткир.» Бул алардын албетте билбеген адамдар болушу себептүү. (Тообо Сүрөсү, 6)
Ислам сүйүү, боорукердик, башкалардын абалын түшүнүү жана урматка таянган бир дин. Буга туура келбеген иштерди жасагандар болсо, демек, Ислам ахлагын билишпейт жана чыныгы Куран ахлагы менен жашашпайт.
Фанаттар «динде мажбурлоо жок» өкүмүн бир тактика катары колдонушат
Кээ бир кишилер башында «динде мажбурлоо жок» деп чыгышып, бирок кийин акырындап мажбурлоо жана басым жасоо ыкмасын колдонуп баштаган кээ бир Мусулмандарды мисал көрсөтүп, бул багытта бир тактика ыкмасы колдонулат дешүүдө. Эң биринчиден бул кишилер чыныгы Мусулмандар менен Куран боюнча жашабай ойдон чыгарылган кошумчалар менен жашаган фанаттар арасындагы айырманы жакшы билиши керек. Фанат – бул Аллах Куран аяттарында билдирген өкүмдөрдүн жакшы тараптарын жана сырларын ансыз да толук байкай албаган, Курандын рухун толук түшүнө албаган, ошондуктан Курандын акыйкат жана жалгыз китеп экенине толук ишене албаган бир радикал. Өз оюнда, Аллахтын өкүмүнө жана Куран аяттарына карабастан, эгер мажбурласа, басым жасаса, бир киши Мусулман болушу мүмкүн деп ойлойт. Чындыгында болсо бул апачык Раббибиздин өкүмдөрүнө каршы чыгуу болуп саналат. Мунун натыйжасында –жогоруда да айтылгандай- эки жүздүүлөр, Ислам душмандары, Исламды мажбурлоо жана кысымчылык дининдей көргөн адамдар пайда болот.
Ислам дини Пайгамбар Мырзабыз (сав) доорундагы сыяктуу туура жана толук орундатылганда, Куран аяттарына кемчиликсиз моюн сунулганда, ошондо гана чыныгы Ислам жашалат. Мындан башка эч бир мисал Ислам эмес. Курандын бир эле аятын жетишсиз деп ойлогон, кабыл албаган киши динден чыккан болот. Мындай кишинин Ислам атын жамынып Исламда болбогон иштерди жасашын Исламга жүктөөгө болбойт. Христиан динин жамынып кыргындарды жасап, мечит менен Куранды өрттөгөн фанаттардын иштерин Христиан динине жүктөөгө болбогон сыяктуу.
Курани Керимдеги аяттарга туура келбеген бир иштер бар болсо ал Исламдын иштери эмес. Ошондуктан Христиандар эгер Исламдын өзүн жана чыныгысын билгилери келсе, Куранга гана карашы керек.
Куран фанатизмге согуш ачкан
Куран фанатизм себеп болчу ар кандай балээге, бактысыздыкка, зулумдукка, сүйүүсүздүккө, душмандыкка, кан төгүүчүлүккө согуш ачкан. Куранга таянган Ислам дини фанатизмге толугу менен карама-каршы.
Ислам сүйүүгө, тынчтыкка жана достукка чакырат. Ынтымакта болууга, чогуу Аллахтын атын даңктоого, бир тууган болууга, дүйнөдө бейпилдик менен коопсуздукту курууга үндөйт.
Фанатизмден кутулуунун жолу – Исламга согуш ачуу эмес
Фанатизмди билбестен Исламдын өзү деп кабыл алгандар жана ал фанаттык системаны жок кылууну каалагандар көбүнчө өтө чоң жаңылыштык кетиришип Исламга карата душмандык мамиле кылышууда. Мындай туура эмес көз-караш өзгөчө кээ бир материалист, атеист жана дарвинист маалымат каражаттары, пикир уюмдары жана дүйнөлүк саясатта таасири күчтүү бир катар чөйрөлөр тарабынан атайылап жайууга аракет кылынууда. Бул чөйрөлөр Мусулмандыкты атайылап туура эмес таанытып, «Мусулмандар ушундай, силерди жашатпайт, ошондуктан алар силерди жок кыла электе силер аларды жок кылгыла» деген пропагандалар менен Ислам динине жана Мусулмандарга карата башкаларды күүлөшүүдө.
Бир катар Христиандар бул пропагандалардан таасирленип фанаттык система себеп болгон бир катар заалым иштерди токтотуу үчүн Куран менен жана Ислам дини менен күрөшүү керек дешүүдө (Куранды жана Исламды аруулайбыз). Чындыгында болсо бул акыл менен абийирге сыйбаган ыкма фанатизмдин андан да күчөшүнө жана өнүгүшүнө шарт түзөт. Куранга жана чыныгы Исламга жасалган ар кандай кол салуу өздөрүнөн башкача ойлонгондорго карата күч колдонуу керек деп ойлогон фанаттык системаны андан да күчөтөт. Андай фанаттар жактаган кан төгүүчү системаны жок кылуунун жолу – бул Куранды жана чыныгы Мусулмандыкты алдыңкы планга чыгарып, Асры Саадет (Пайгамбарыбыз (сав) убагындагы Бакыт кылымы) Мусулмандыгын кайрадан ишке ашыруу.
Чыныгы Мусулмандардын жайдары, сыпайы, сүйүүгө, боорукердикке, достукка жана бир туугандыкка таянган, демократия менен эркиндикти жактаган, заманбап жашоосу фанаттык көз-караштагы кишилерди өтө тынчсыздандырат, кууруп күйгүзгөндөй болот. Ошондуктан Христиан бир туугандарыбыз Мусулмандардын да, Христиан менен Иудейлердин да душманы болгон фанаттык көз-карашка каршы чыныгы Мусулмандарга колдоо көрсөтүп, алар менен бирге иш-аракет жүргүзүшү зарыл.
Фанат менен күрөшүү Мусулмандар үчүн бир ибадат. Себеби мушриктер менен күрөшүү Курандын буйруктарынын бири. Куранда «мушрик» деп аталган топтун экинчи аты – бул фанаттар. Улуу Аллах аяттарда мүнафыктардан (эки жүздүүлөрдөн) сөз кылат, каапырлардан сөз кылат, жүрөгүндө «оорусу» барлардан сөз кылат, булардын баары мушрик. Булар Асры Саадетке каршы, КУРАНДЫН АТЫН ЖАМЫНЫП КУРАНГА КАРШЫ СОГУШ АЧЫШАТ.
Бирок, албетте, бул күрөш илимий жана пикирдик бир күрөш болушу керек. Мурда да эскерткенибиздей, фанаттык топ көбүнчө Курандан ар кандай себептер жана кошумчалар натыйжасында алыс калган сабатсыз, караңгы бир топ. Ошондуктан фанат коркунучун жок кылуу үчүн ал кишилерди окутуу зарыл. Окутулуп, Куранда баяндалган чыныгы Ислам динин түшүнгөндө, албетте, алар да фанаттык көз-караштын акылсыздык экенин көрүшөт.
Сүйүүсүз, таш боор, мээримсиз, акылсыз, маданиятсыз, караңгы; илимди, искусствону эч жактырбаган; терең ойлоно албаган, эл көзүнө көрүнгөндү жакшы көргөн, динди татаалдаштырууга аракет кылган жана дайыма ар кандай иштер менен, кошумчалар менен өз оюнан бир дин чыгарган, жолдон адашкан багыттын аты «фанатизм», б.а. «мушриктик». Ошондуктан КУРАНГА ТОЛУГУ МЕНЕН КАРАМА-КАРШЫ ИШТЕП ЧЫГЫЛГАН, КУРАНДЫ ЖЕТИШТҮҮ КӨРБӨГӨН ЖАНА КУРАНДА БУЙРУЛГАН ӨКҮМДӨРДҮН ТЕСКЕРИСИН ЖАСАГАН ФАНАТТЫК СИСТЕМА – МУСУЛМАНДАР ДА ПИКИР МЕНЕН КҮРӨШӨ ТУРГАН БИР КӨЗ-КАРАШ.
Фанатизмди жойуунун жолу – бул Асры Саадет Мусулмандыгын жана чыныгы Куран ахлагын жактоо жана радикализмдин туткунуна түшкөн кишилерди окутуп тарбиялоо. Пайгамбарыбыз (сав) фанаттарга каршы эле жана Ислам алып келген демократия, сүйүү, урматтоо жана эркиндик нематтарын эч кемчиликсиз турмушка ашырган эле.
Чыныгы Ислам ахлагы орногондо Христиандар да, Иудейлер да бейпил жашашат
Христиан бир туугандарыбыздын бул китепти баяндалган сүйүү, тынчтык, демократия, эркиндик, бактылуулук, модерндик сыяктуу түшүнүктөр жөнүндөгү сөздөрдү «жакшы ниет менен айтылган сөздөр гана» деп ойлобошу өтө маанилүү. Булар биздин жеке жоромолдорубуз эмес. Булар КУРАНДЫН МАҢЫЗЫ. Булар Курандын рухуна, Аз. Мухаммед (сав)да көрүлгөн бүт өрнөктөргө, Рахман жана Рахим Аллахтын ыраазылыгына туура келген түшүнүктөр. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Куран өкүмдөрү ушундай турмушка ашырылган. Кан төгүүчүлүк фанаттардын ойдон чыгарган кошумчаларында гана бар. Дажжал башкарган фанаттык көз-караштагы кишилер канкордукту бүт дүйнөгө жайылтып муну Ислам деп көрсөтүп, көп адамдарды алдады.
Христиандардын Курандын чыныгы жана негизги кабарын көрүшү өтө маанилүү. Пайгамбарыбыз (сав) да, Курани Керим да дүйнөдөгү бүт адамдар үчүн бир нур. Адамдарды бактылуу кылган, дүйнөнү нурландырган нерселердин баары Куранда. Аллах ыраазылыгы, абийир, ыйман жана жүрөк көзү менен караган ар бир адам муну апачык көрөт. Куранды Асры Саадет доорундагындай жашоо бүт дүйнөгө толук бейпилдик жана сулуулук алып келет. Курандын Мусулмандар тарабынан кемчиликсиз турмушка ашырылышы Христиандарга да, Иудейлерге да бейпилдиктин жана бакыттын булагы болот. Натыйжада дүйнөдө өтө бактылуу жашоо өкүм сүрөт. Адамдардын табиятында ансыз да бар болгон, бирок дажжалдык системанын таасиринен улам жок болгон кубаныч элдерге кайра келет. Адамдарга сүйүнүч келет. Искусство өнүгүп, чыныгы чыгармачыл адамдар чыгат. Дажжал системасынын таасири менен жок болуп кеткен архитектура кайрадан жанданат. Себеби дүйнөгө бейпилдик, бактылуулук, коопсуздук, достук, бир туугандык жана эң негизгиси Аллах сүйүүсү жайылат. Аллах сүйүүсү адамдардын жүрөктөрүндө болгондо, ал коомго искусство келет, сулуулук келет, кубаныч келет, бакыт келет, илим келет, кыскасы, бүт нерсеге сулуулук менен кубаныч келет. Куран Мусулманынын көз-карашы боорукердик, мээрим, сүйүү, акыл, туруктуулук, акыл менен ойлонуу, башкалар үчүн өз кызыкчылыгынан баш тартуу, жакшы ниет менен окуяларды баалоо, бүт нерседе жакшылык бар деп кароого таянат. Ислам ушундай жашалган бир дүйнө Христиандар үчүн да, Иудейлер үчүн да өтө сонун болот.
Христиандар каршы чыгып, илимий күрөш жүргүзө турган нерсе – бул үч дин үчүн тең чоң бир коркунуч болгон фанатизм, дарвинизм жана материализм. Жактап колдоо көрсөтүшү керек болгон нерсе болсо – Ислам дининин Курандагыдай орношу жана муну азыркы заманда орундата турган Мехдилик. Буга колдоо көрсөтүшкөндө фанатизм, дарвинизм, материализм жок болуп, дүйнөгө майрам кубанычы келип, бүт нерсе жана бүт тарап нурданат. Фанатизмдин, дарвинисттик жана материалисттик идеологиялардын таасиринде калган адамдар да туура билим берүү аркылуу оңолушат. Чиркөөлөр, синагогдор Куран аятында кабар берилгендей Улуу Аллахтын коргоосунда. Христиан жана Иудей бир туугандарыбыз каалагандай ибадаттарын кылышып, көңүлдөрү каалаган бейпилдик менен коопсуздукка жетишет. Мусулмандар Христиан жана Иудейлер менен бир туугандык жана сүйүү ичинде жашашат, согуштар токтойт, кан төгүү токтойт, дүйнө бакубаттыктын, бейпилдиктин, коопсуздуктун, тынчтыктын мекенине айланат. Бул Аллахтын убадасы. Сөзсүз ишке ашат. Бирок бул үчүн Аллах бизден аракет кылышыбызды каалайт.
Пайгамбарыбыз (сав)дын ахли китапка болгон боорукер, сүйүү толо мамилеси
Пайгамбарыбыз (сав) Нажран Христиандарынын зыяраты учурунда отурушу үчүн кийимин салып берген
Расулуллах (сав)дын ахли китаптын тойлоруна катышканы, оорулууларын зыярат кылганы жана аларды коноктогону жөнүндө көп санда риваяттар бар. Ал тургай Нажран Христиандары аны зыярат кылышканда Аз. Мухаммед (сав) алар үчүн кийимин жерге төшөп, Христиан конокторуна мунун үстүнө отургула деген.
Пайгамбарыбыз (сав) ахли китаптын Мусулмандардын коргоосу астында экенин айткан
Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын Христиан Ибн Харрис б. Каъб менен элине жаздырган келишим катында: «Чыгышта жана батышта жашаган бүт Христиандардын диндери, чиркөөлөрү, жандары, намыстары жана мал-мүлктөрү Аллахтын, Пайгамбардын жана бүт ыймандуулардын коргоосунда. Христиандык дининде жашагандардан эч ким каалабастан Исламды кабыл алууга мажбурланбайт. Христиандардан кайсы бири кандайдыр бир кылмышка же адилетсиздикке туш болсо Мусулмандар ага жардам берүүгө милдеттүү» деп жаздырган. (İbn Hişam, Ebu Muhammed Abdulmelik, Es-Siretü'n-Nebeviyye, Daru't-Türasi'l-Arabiyle, Beyrut, 1396/1971, II/141-150)
Пайгамбарыбыз (сав) зыяратка келген ахли китап турушу үчүн сахабанын үйлөрүн аларга берчү
Аз. Пайгамбар (сав) доорунда топ-топ элчилер менен адамдар Мединага зыяраттар кылышчу. Келген топтор –ахли китап да кошо- кээде 10 күндөн ашык турушчу; Абдуррахман б. Авф, Мугире б. Шубе, Эбу Эййубүъл-Энсари жана ансарлардан кээ бирлердин үйлөрү аларга берилчү. Мындан тышкары, Пайгамбар Мечитинин айланасындагы илим алган Асхабы Суффа жашаган жерлер менен Мечитке жакын жерлерге курулган бир чатыр келген зыяратчылар үчүн даярдалчу.
Аз. Пайгамбар (сав) учурашууга келгендердин кээ бирлерине эманнаме жана ахиднаме (жазылуу буйрук, кээ бир киши жана топторго берилген укуктар, башка элдер менен жасалган келишип өкүмдөрүн камтыган документ) жана аларга берилген жерлерди билдирген расмий документ берчү. Кээ бир аймактарга болсо алардын арасынан башчылар дайындачу. Ошондой эле Куттуу Пайгамбар Мусулмандарга зекет кызматкерлерин жөнөткөндө, Христиан бойдон калгандарга салык топтоочуларды дайындачу. Негизи келген ал расмий топтор бүт арап жарым аралынын Аз. Мухаммеддин (сав) пайгамбарлыгын жана өкүмдарлыгын кабыл алышынын бир далили эле. (Sarıçam, Hz. Muhammed ve Evrensel Mesajı, s. 356)
Пайгамбарыбыз (сав) вахий келбеген кээ бир темаларда Меккелик мушриктердин эмес, ахли китаптын кылгандарына карап иш-аракет кылган *
Аллах Пайгамбары (сав) Меккеде вахий албаган темаларда Меккелик мушриктерге каршы чыгып, ахли китаптын кылгандарына ылайык иш-аракет кылган. (Buhârî, Libâs 70; Müslim, Fedâil 90)
Пайгамбарыбыз (сав) сахабаларды Христиан Нежашинин жанына хижратка жөнөткөн
Пайгамбарыбыз Хижраттан мурда алгач кызыккан жана Мусулмандардын хижрат кылышын каалаган Христиан өлкө Эфиопия болгон. Аллах Пайгамбары Мекке мушриктеринин айоосуз кыйноолорунан улам Меккелик Мусулмандардын Эфиопияга көчүшүн каалап, бул каалоосун төмөнкүчө айткан.
«Кааласаңар жана колуңардан келсе, Эфиопиядан башпаана сурагыла. Себеби ал жерде өкүмдарлык кылган хандын жеринде эч кимге зулумдук кылынбайт. Ал жер туура жана ишенимдүү бир жер, Аллах жеңилдик бергенге чейин ал жерде жашап тургула.» [Hamîdullah, el-Vesâikü's- Siyâsiye, (trcm.Vecdi Akyüz), Kitabevi, İstanbul 1997, s.115; Hamîdullah, İslâm Peygamberi, I, 297]
Пайгамбарыбыз (сав) Иудей бир адамдын жаназасы өтүп баратканда өйдө турган
Жабир б. Абдуллах (ра) мындайча риваят кылган:
Жаныбыздан бир жаназа өткөн эле. Расулуллах (сав) ошол замат ал жаназа үчүн өйдө турду. Биз да (аны ээрчип) аны менен кошо өйдө турдук жана: «Эй Аллахтын Пайгамбары! Бул бир Иудей аялдын жаназасы» дедик. Анда Аз. Пайгамбар (сав): «... Жаназа көргөнүңөрдө ошол замат өйдө тургула.» деди. (Müslim, Cenaiz, 78, Hadis no: 1593)
Кайс б. Саъддин (р.а.) риваятында Ибн Эбу Лейла мындайча риваят кылган:
Кайс б. Саъд менен Сехл б. Хунейф Кадисиййеде турганда жандарынан бир жаназа өттү. Алар өйдө турушту. Аларга бул жаназа жергиликтүүлөрдөн деп айтылганда Кайс менен Сехл: Расулуллахтын (сав) жанынан бир жаназа өткөн эле. Аллах Пайгамбары өйдө турду. Бул бир еврейдин жаназасы деп ага айтылганда: «Бул дагы бир адам эмеспи?» деди. (Müslim, Cenaiz, 78, Hadis no: 1596)
Пайгамбарыбыз (сав) зиммилерге кыйноо жасабагыла деген *
Куттуу хадисте Мырзабыз (сас) «Ким зимми (Ислам өлкөсүндөгү Мусулман эмес) бирөөгө кыйноо кылса, мен анын душманы болом.» деген.
Пайгамбарыбыз (сав)га алгач пайгамбарлык келгенде, Христиандар менен сүйлөшчү
Пайгамбар Мырзабыз (сав) Аллах Пайгамбары сыпаты менен динге чакырууну баштаган келде биринчи жолу Меккеде кээ бир Христиандарга жолуккан эле. Ал тургай, вахий келип баштаган алгачкы күндөрү Аз. Хатиже жана Пайгамбар Мырзабыз (сав) менен жолугушкан Варака б. Невфел да колунда Инжилдин кол жазмалары бар болгон бир Христиан эле. (Buhârî, Bedu'l- Vahy 3)
Пайгамбарыбыз (сав) эч кимдин динине кийлигишүүгө жол берген эмес
Дин тандоо эркиндигин билдирген «Ла икрахе фид-диин (Динде мажбурлоо жок)» аятын (Бакара Сүрөсү, 256) орундаткан Пайгамбарыбыз (сав) 630-жылы Мусулман болгонун кабар берүү үчүн Мединага келген Хымйер өкүмдарынын элчилерине төмөнкүдөй буйрук берген:
«Бир еврей же бир Христиан Мусулман болгон болсо, ыймандуулардан болушат (алар менен укуктук жактан тең болушат). Ким иудей дининде же христиан дининде калгысы келсе, ага кийлигишүүгө болбойт.» (İbn Hişâm, es-Sîre, II, 586)
Пайгамбарыбыз (сав) өзү түздөн-түз Иудейлер менен соода кылган
Аллах Пайгамбарынын адамдар менен болгон мамилелеринде негиз туткан баалуулуктардын бири чынчылдык болгон. Мындай сыпаты бар бирөөнүн башка динден болушу аны менен соода мамилелерин кылышына тоскоол болгон эмес. Өзү түздөн-түз Мединалык Иудей соодагерлерден тамак-аш азыктары менен карыз алган.
Аллах Пайгамбары (сав) көз жумганда, шаардагы бир Иудейден алган карызы үчүн сооту аманатта турган эле.
Пайгамбарыбыз (сав)дын Хайберди каратуу учурунда Иудейлерге көрсөткөн боорукердиги
Хайберди караткан соң алынган олжолордун арасында топ-топ Тоорот нускалары болгон. Аз. Пайгамбар (сав) ал нускаларды олжолордун арасынан бөлүп, нускалардын Иудейлерге кайтарылып берилишин буйрук кылган.
Ошондой эле, Хайбер каратылган соң Мусулман аскерлер Иудейлерге тиешелүү бактардан жана курма бакчаларынан жеп башташкан. Иудейлер Аз. Пайгамбар (сав)га муну арызданышат. Аз. Пайгамбар (сав) болсо аймактагы элдин мал-мүлктөрүнө, бак жана бакчаларына тийбегиле деп буйрук кылат.
Пайгамбарыбыз (сав) Медина Келишими менен Иудейлердин жана Христиандардын динине кийлигишилбешин айткан
Пайгамбарыбыз (сав) Христиан, Иудей жана мушрик коомдор менен кол койгон Медина келишими да маанилүү бир адилеттик мисалы. Медина келишиминин пункттарынын бири төмөнкүдөй:
«Бени Авф еврейлери ыймандуулар менен бирге бир үммөт, еврейлердин дини өздөрүнө, Мусулмандардын дини да өздөрүнө.»
Медина келишиминин 16-пунктунда болсо «Бизге моюн сунган еврейлер эч кандай адилетсиздикке туш болбостон жана душмандары менен да көмөктөшпөстөн, жардам менен колдообузга укуктуу болушат» деп билдирген.
Пайгамбарыбыз (сав)дан кийин сахабалары да Пайгамбарыбыз (сав) келишимге койдурган бул өкүмгө бекем болушкан жана ушул эле өкүмдү Бербери, Будист, Брахман жана ушул сыяктуу ишенимдеги кишилерге да колдонушкан.
Пайгамбарыбыз (сав) нажрандыктарга берген кепилдикте алардын Мусулмандардын коргоосунда экенин айткан
Түздөн-түз Пайгамбар Мырзабыз (сав) тарабынан Эдрух, Макна, Хайбер, Нажран жана Акабалык ахли китапка берилген кагаздар Мусулмандардын ахли китаптын жан жана мал-мүлк коопсуздугун кепилдикке алганын жана аларга ишеним жана ибадат эркиндигин бергенин көрсөтөт. Пайгамбарыбыз (сав)дын нажрандыктар менен түзгөн келишимде орун алган төмөнкү пункттар да маанилүү:
Нажрандыктардын жана алардын курамындагылардын жандары, мал-мүлктөрү, диндери, барлары жана жоктору, үй-бүлөлөрү, чиркөөлөрү жана колдорундагынын баары Аллахтын жана Аллахтын Пайгамбарынын кепилдиги астына алынат.
Эч бир епископ же монах чиркөөсүнөн же монастрынан чыгарылбайт жана эч бир пастор пасторлук жашоосун таштоого мажбурланбайт. Аларга эч кандай кыйноо же басмырлоо жасалбайт жана жерлери армиябыз тарабынан басып алынбайт. Акыйкаттык талап кылгандар бар болсо, Нажранда адилеттик менен өкүм берилет...
Алардын милдети туруктуулук жана милдеттерин аткарууга аракеттенүү. Зулумдук менен кысымчылыкка туш болушпайт.