6 Ağustos 2013 Salı

Чыныгы аял душманы – бул фанаттар, эки жүздүүлөр, дарвинисттер, материалисттер, коммунисттер жана фашисттер

Аялдарга экинчи сорт адам мамилесин кылуу, ар бир мүмкүнчүлүктө аларды басмырлоо, аялдын немат катары баркын билбөө, кыскасы аялдарды жек көрүү – негизи дарвинисттердин, материалисттердин, коммунисттердин, фашисттердин жана фанаттардын өзгөчөлүгү. Мындай кишилер эч бир сулуулуктан ырахат албайт; искусстводон, сулуулуктан, сонун жыттан, жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн, музыкадан түшүнбөйт; жана бир немат-жакшылык катары жаратылган аялдын баркын да билишпейт. Өздөрү да руханий жактан бейпил болбогондуктан, жана тазалык менен сулуулуктан ырахат албаган бир жашоодо жашашкандыктан, сулуулуктарды да байкашпайт. Жашоолорунда ырахат эмес, азап бар, ушул себептен немат-жакшылыктарды жаман көрүшөт.
Фанатизмде аялды эң көп басмырлаган, аялга эң көп экинчи сорт адам мамилесин кылган адам өрнөк адам деп көрсөтүлөт. Бул үч диндин фанаттарына тең тиешелүү. Бирок Ислам атын жамынып чыккан фанаттар Куранга толугу менен карама-каршы келишип, Куран аяттарында жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын жашоосунда болбогон бир балээнин ичинде жашашууда. Ислам менен эмес, ойдон чыгарылган кошумчалардан турган негизсиз бир дин менен жашаган ал адамдардын көз-караштарын Исламга жүктөөнүн эч кандай мааниси жок.
Аялдар жөнүндөгү мындай туура эмес логика, албетте, түпкүрүндө атеизмдин булагы болгон дарвинизмден келип чыккан. Дарвин аялдарды төмөн көргөн көз-карашын апачык айтуудан тартынган эмес. Адамдын келип чыгышы аттуу китебинде аялдардын ой жүгүртүү, ылдам түшүнүү жана тууроодо «төмөнкү расалардын өзгөчөлүктөрүнө ээ экенин» жана ушул себептен «эскирээк жана төмөнкү бир маданият деңгээлине ээ экенин» (John R. Durant, "The Ascent of Nature in Darwin's Descent of Man" in The Darwinian Heritage, Ed. by David Kohn, (Princeton, NJ: Princeton University Press, 1985), 295-б.) жазган. Аялдарды өз ойлорунда эволюциялашып жаткан, өнүкпөгөн бир раса катары көргөн бул көз-караштын кандай үрөй учурарлык бир жашоо формасы экени заматта көрүнөт. Ушунчалык фанаттык көз-карашта болгон Дарвин аялдын үйлөнүүдөгү ролун төмөнкү тантык сөздөрү менен сүрөттөгөн:
«... ойной турган бир буюм – кандай болсо да бир иттен жакшыраак.» (Charles Darwin, The Autobiography of Charles Darwin 1809-1882 (Edited by Nora Barlow), W. W. Norton & Company Inc., New York, 1958, б. 232-233)
Дарвиндин мындай үрөй учурарлык көз-карашын уланткандар фанаттар, эки жүздүүлөр, коммунисттер, фашисттер жана атеисттер болгон. Караңгы жана фанат дарвинисттик көз-караштын бүт жактоочулары аялга карата мындай көз-карашты улантышууда. Коммунисттик коомдордун баары ушундай көз-карашта. Ислам атынан чыккан кээ бир дарвинист аалымдардын баары ушундай көз-карашта. Кыз төрөлөөр замат өлтүргөн, кыздуу болдум деп өзүн басмырлангандай көргөндөр да фанаттар. Куран дайыма аялды жактап, аялдын корголушуна басым жасаса; фанаттарда, эки жүздүүлөрдө жана дарвинисттерде бүт система эркекти коргоого жана аялды басынтууга багытталган. Ошондуктан аялды төмөн көргөн мындай бузуку көз-караш Исламдын эмес, Дарвиндин жана радикализмдин көз-карашы.
Учурда Ислам ахлагы талап кылынгандай орнобогон бүт коомдордо аялга экинчи сорт адамдай мамиле кылынууда. Аялды эң көп кадырлаган болсо – Ислам ахлагы жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын сүннөтү толук орногон чын ыкластуу Мусулмандардан турган коомдор. Ошондуктан жүзү кара, динсиз жана Куран менен эмес ойдон чыгарылган кошумчалар менен жашаган коомдордун терс түшүнүктөрүн Исламдан келип чыккандай көрсөтүүгө аракеттенген адамдар өтө жаңылышышат. Аял эң жогору тутулган, бүт укуктары менен жашоосу коргоого алынган, керектүү деңгээлде кадырланган жалгыз дин – бул Ислам.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder