Аял душмандыгы жана аялды экинчи сорт адамдай көрсөтүү жаңылыштыгы – дарвинисттердин, фашисттердин, коммунисттердин жана фанаттардын орток өзгөчөлүгү. Фанаттар ойдон чыгарылган кошумчалар ичинде жашагандыктан, дарвинисттер болсо аялдарды «начар өнүккөн» бир айбан түрү деп санагандыктан аялдарга баа беришпейт, ал тургай, жек көрүшөт. Бирок булардын баары – албетте, шайтандын түртүүсү менен ортого чыккан, адамдыкка сыйбас көз-караштар.
Мусулман коомдордогу сыяктуу эле, Христиандар менен Иудейлер үчүн да фанатизмдин чоң коркунуч экенин айткан элек. Христиандардан да, Иудейлерден да аялды экинчи сорт адам көрүп, аялга болгон жек көрүүсүн ар мүмкүнчүлүктө көрсөткөн көптөгөн фанаттар бар. Бирок кээ бир Христиандардын же кээ бир Иудейлердин мындай туура эмес көз-карашын бүт Христиандыкка же Иудейликке жүктөө кандай туура эмес болсо, бир катар Мусулмандардын андай көз-карашын да Исламга жүктөө туура эмес болот. Ислам дининде аял менен эркек бирдей. Ал тургай, Куранда аял өйдөрөөк тутулуп, корголгон. Аллах Куран аяттарында адамдар арасындагы жалгыз критерийдин такыбалык (Аллахтан коркуу) экенин билдирет. Ислам аялды мактап бийик тутат. Ошондуктан аялды ылдый көргөн көз-карашты Ислам дининде бар дегендер өтө жаңылышат.
Ислам дини аялды экинчи сорт адам катары кабыл алат деген туура эмес көз-караш – китептин башынан бери айтылып келаткан дажжалдык топтордун Исламга душмандыкты жайылта алуу үчүн тандаган эң кылдат темалардын, колдонгон эң негизги ыкмаларынын бири. Ал чөйрөлөр эч негизсиз жана чындыкка жатпаган бул туура эмес көз-карашты дүйнө масштабына жайылта алуу жана Ислам жөнүндө терс пикир жаратуу үчүн фанаттарды колдонушат.
Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын аялдарга болгон боорукер, мээримдүү мамилесинен, Куран аяттарында аялдарга берилген бүт укуктардан, аялдарга көрсөтүлүшү керек болгон сонун адеп-ахлактан алыс бул кишилер өз ойлорунан чыгарган кошумчалар менен чындап эле аялдарга жасалчу зулумдукту, адилетсиздикти, мээримсиздикти, ал тургай, адам ордуна койбоону өз ойлорунда динибиздин бир буйругундай көрсөтүүгө аракет кылышкан. Аларды караңгылык менен ээрчиген элдер кылымдардан бери уланып келген андай иштерди улантышып, бул жаман ишеним кээ бир Мусулман коомдордо отурукташып калган. Ал фанаттар өздөрү чыгарган кошумчаларына болсо булак катары аялга душмандыкты жактаган ойдон чыгарылган хадистерди көрсөтүшөт.
АДНАН ОКТАР: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат: «Аялдарды сүйүү Пайгамбарлардын мүнөзүнөн.» Кулейни, Кафи жана көп жерлерде бар. Дагы Расулуллах (с.а.в)дан хадис: «Аялдарга болгон сүйүүсү көбөймөйүнчө бир адамдын ыйманы өсөт деп ойлобойм.» Аял сүйүүсү ыйман менен байланыштуу, иншаАллах.
Расулуллах (с.а.в)дан дагы хадис: «Менин көзүмдүн нуру намазда, ырахат булагым болсо аялдарда чечим кылынды.» Аллах тарабынан, бир немат-жакшылык катары. Расулуллах (с.а.в)дан дагы бир хадис: «Кулдун аялдарга болгон сүйүүсү өскөн сайын, жакшылыгы да, ыйманы да өсөт.» «Адам кенч (колунда кармай турган, сактай турган казына, байлык) кыла турган нерсенин эң жакшысын айтайынбы? Салиха (чын ниеттүү ыймандуу) аял» дейт Пайгамбарыбыз (с.а.в).
Өмер бин эль-Хаттаб мындай деген: «Аллахка ант болсун, биз жахилияда (караңгылык доорунда) аялдарды барктачу эмеспиз.» Азыр каапырдыкта аялды баркташпайт го, ал доордо да ушундай болгон. «Аллах алар жөнүндө аяттар жөнөткөн соң жана аларга кээ бир укуктарды берген соң биз да аялдарды барктап баштадык жана аларды сүйдүк» дейт. (Аднан Октардын 2012-жыл 7-октябрьдагы А9 ТВ каналындагы маегинен)
Акыр заманда аялдар баркталат
АДНАН ОКТАР: ...Аялдарга болгон сүйүү акыр замандын өзгөчөлүгү болот. Мехди (а.с.) доорунда аялдар сүйүлөт, аялдар эркин болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул жөнүндө атайын хадистерди айткан. Мисалы, аялдардын өзү жалгыз алыс аралыктарга саякат кылаарын айтат же курбулары менен бирге алыс аралыктарга саякат кылаарын айтат Пайгамбарыбыз (с.а.в.).
Азыр бара алышпайт аялдар. Караңыздар Мажлисте (Депутаттар жыйыны) да өтө аз аял бар. Бул такыр туура эмес көрүнүш. Жок дегенде жарымы аял болушу керек Мажлистин, маанилүү кызматтардын да жок дегенде жарымы аял болушу керек.
Аял премьер-министр да болот, президент да болот, спикер да болот. Өтө сонун адамдар – аялдар, бүт жерде алардын сүйкүм көрүнүшүн, сулуу жылуу көрүнүшүн биз көрөлү. Аллахтын Рахман жана Рахим ысмынын бир көрүнүшү (чагылышы) – аялдар. Аллахтын Латиф жана Нур ысымдарынын көрүнүштөрү (чагылуулары). ... (Урматтуу Аднан Октардын Кожаэли ТВ жана Аба ТВ, 2010-жыл 27-ноябрьдагы интервьюсунан)
Куранда аялдын укуктары дайыма жогору коюлган жана аял макталган
Исламда аялдын ордун түшүнүү үчүн эң алгач Куран аяттары менен Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын кылгандарын караш керек.
Аял – Куран боюнча өтө куттуу жана макталган бир жандык. Аялдар чексиз күч-кудуреттүү Раббибиз тарабынан өтө чоң бир немат-жакшылык, жүрөктөргө жеткен бир кооздук жана сулуулук катары жаратылып, Ислам үчүн материализм менен, дарвинизм менен, коммунизм менен жана ушул сыяктуу бүт атеист агымдар менен илимий күрөштүн да негизги бир бөлүгү. Куран аяттарын караганыбызда аялдардын укугунун эркекке салыштырмалуу дайыма жогору тутулганын көрөбүз. Аял Куран аяттарында дайыма корголуп, укуктары корголуп, материалдык жана моралдык жактан туура эмес жагдайга түшүп калбай турган укуктар менен колдоо көрөт. Оор милдеттердин эркектерге көбүрөөк берилишинин себеби ушунда. Аллах аялды сулуу бир чагылуу, намыстын жана тазалыктын символу, боорукердиктин жана сүйүүнүн булагы кылып жараткан. Аял дүйнөгө жылуулукту, сүйүүнү, эң сонун достукту үйрөтүүчү мугалим. Аллах бир кооздук кылып жараткан, мактаган, коргогон сонун бир немат-жакшылык.
Мусулмандыкта аял – султан. Исламда эркекке бир катар физикалык жоопкерчиликтердин жүктөлүшүнүн себеби ушунда. Аял үй ичинде же сыртта иштөөгө, акча табууга милдеттүү эмес. Албетте, кааласа иштеши мүмкүн, бирок кыйынчылык тартпашы үчүн эркек аялды багууга, муктаждыктарын камсыздоого милдеттүү. Ошондуктан бир эркек аялын талаада, заводдо же кандайдыр башка бир жерде иштөөгө мажбурлай албайт. Тескерисинче, анын эң бейпил жашашы, ага зыян тийбеши, корголуп колдоо көрсөтүлүшү эркектин мойнуна жүктөлгөн.
Аял-эркек теңдиги темасында Исламды сындоого аракет кылган кишилердин Куран аялдарга берген мындай жогорку кадыр-барктан кабарлары да жок. Алар аял-эркек теңдиги жөнүндө ызы-чуу чыгарып, Исламды айыптап жатканда, стереотиптүү бир көз-карашта болгондуктан жана Куран аяттарында сүрөттөлгөн чыныгы Ислам ахлагынан кабарсыз болгондуктан, Куран боюнча аялдын эркектен бир топ жогору коюлганын билишпейт.
Курандын түшүрүлүшү менен ал доордун караңгы коомдорундагы аялдарга болгон туура эмес көз-караш жоюлуп, аялга коом ичинде кадыр-барктуу орун берилген. Пайгамбарыбыз (сав) аялдарды дайыма өтө барктап, Раббибиз ааламдарга мээрим катары түшүргөн Куран аяттары жардамы менен аялдардын экинчи сорт адам мамилесин көрүшүнө эч мүмкүндүк берген эмес. Пайгамбарыбыз (сав) ошол эле учурда аялдарды Аллахтан бир немат катары көрүп, аларды терең сүйүп, аларга мээрим, боорукердик жана сый-урмат сезген. Пайгамбарыбыз (сав)дын аялдарга сезген мындай терең сезимдерин төмөнкү терең маанилүү сөздөрү сонун чагылтат:
Дүйнөңөрдөн мага үч нерсе сүйдүрүлдү: сонун жыт, салиха аял, көзүмдүн нуру – намаз. [Nesâî, İşretu'n-Nisâ 1, (7, 61).]
Пайгамбар Мырзабыз Аз. Мухаммед (сав)дан риваят кылынган сахих хадистерде Ислам дининде аялдарга берилген чыныгы кадыр-барк апачык көрүнөт. Ал хадистердин кээ бирлери мындай:
Аялдарды акыл-эстүү жана абийирлүү киши гана барктайт. Аларды начар жана жүзү кара кишилер гана басынтат... (İ. Asakir)
«Силердин эң жакшыңар – аялдарына эң жакшы мамиле кылганыңар.» (İ. Asakir )
Аялдарыңарды капалантпагыла. Алар Аллах Тааланын силерге аманаты. Аларга жумшак болгула, жакшылык кылгыла! [Müslim (Муслим)]
Аялы менен жакшы мамиледе болуп тамашалашканды Аллах Таала сүйөт, ырыскыларын көбөйтөт. [İ. Lâl]
Эң бийик момун – аялына эң жакшы, эң берешен мамиле кылган сонун мүнөздүү киши. [Tirmizi (Тирмизи)]
Эң жакшы Мусулман – аялына эң жакшы мамиле кылган. Араңарда аялына эң жакшы мамиле кылган менмин. [Nesai]
Аялына жылмайып караган эркектин дептерине бир кулду бошоткондой сооп жазылат. [R. Nasıhin]
Аялын урган Аллахка жана Пайгамбарына моюн сунбаган болот. Кыяматта анын душманы мен болом. [R. Nasıhin]
Куранды окуган бир адам аяттарда аялдын акылына, кылдат ойлонуу жана детальдарды көрүү жөндөмүнө байланыштуу көптөгөн ишараттар бар экенин заматта байкайт. Мисалы, Куранда Саба ханышасы Белкыс жөнүндө сөз кылынат. Белкыс – ошол доордун мамлекет башчысы. Аллах Куранда аялдын мамлекет башчысы боло алаарына жана мамлекеттик башкарууларды жасай алаарына ишарат кылууда.
Аллахка каршы чыккан, мүнафыктык (эки жүздүүлүк) кылган, жаман мүнөздүү аялдар «аял» болгону үчүн эмес, Аллахка баш көтөргөнү жана зулумдук кылганы үчүн жектелет. Андай өкүм аял үчүн да, эркек үчүн да бирдей. Бул багыттагы өкүм бүт диндерде бирдей. Мамлекетти жыгууга аракет кылган анархист аялдар камалганы үчүн ал мамлекет «аял душманы» деп аталбаган сыяктуу эле, мүнафык жана мушрик аялдардын бар болушунан улам мындай айыптоону бир динге тагууга болбойт.



Hiç yorum yok:
Yorum Gönder