Фанатизм, б.а. радикализм – Исламга каршы дажжалдын эң чоң тараптарлары. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) муну бир куттуу хадисинде мындайча кабар берген:
«Үммөтүмдөн башы чалмалуу жетимиш миң аалым киши дажжалды ээрчийт.» (İmam Ahmed Bin Hanbel, Müsned, б. 796)
Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде дажжалды ээрчий турган кишилерди сүрөттөп жатканда, өзгөчө Мусулман үммөтүнүн ичинен чыга турган жана өзүн «аалым»дай көрсөтө турган кишилерди айткан. Хадисте дажжал тараптары катары бүт Аллах досторуна каршы иш-аракет жүргүзгөн жана динге эң көп зыян тийгизген негизги топтун өзүн Мусулман көрсөткөн фанаттар экенине көңүл бурулууда.
Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав) бир куттуу хадисинде мындай дейт:
«Акыр заманда «жаңылар» чыгат: мээлери иштебейт. Сүйлөгөндө өтө сулуу сүйлөшөт. Куран окушат, бирок ыймандары тамактарынан ылдый өтпөйт...» (Buhari, Sahih 3611, 5057, 6930, Müslim, 1066, Ebu Davud 4767, Ahmed bin Hanbel, Müsned 1, 81, 113, 131, 289; Tayalisi, el-Müsned, nr. 1984.)
Куттуу хадисте айтылгандай, ал кишилер өтө кооз сүйлөгөн жана Куранды окуган кишилер болот; бирок «ыймандары тамактарынан өтпөйт», б.а. Куранды негиз катары кабыл алышпайт. Курандан сөз кылышат, бирок Куранга моюн сунбайт жана Куранга кошумчаларды кошуп өкүм чыгарышат. Курандын түшүндүрмөлөрүн жетишсиз көрүп, Ислам атынан өздөрү чыгарган динди ишке ашырышат.
Фанаттардын максаты – бул Куранды ишке ашыртпаш. Алар Куранда болбогон нерселерди Ислам динине кошууга аракеттенип, Куран аяттарында орун алган жана алардын жалган кошумчаларына туура келбеген өкүмдөрдү жана кеңештерди болсо четке кагышат.
Курандын сүйүүгө, боорукердикке, бир туугандыкка, биримдикке, тынчтыкка үндөшү, Куранда бүт жакшылык, сулуулуктардын макталышы, Курандын искусствого, илимге чакырышы аларды өтө ачуулантат. Куран ахлагы алып келе турган руханий сапаттуулук жана тереңдик, акылдуу, сулуу, модерн, сүйүүгө толгон Мусулман модели алардын ойдон чыгарылган динине эч туура келбейт. Мына ушул себептен дажжал өз оюнда Куранга таянган Ислам динине ичинен сокку уруу жана өз оюнда жок кылуу үчүн фанатизмди колдонууда. Бирок баса белгилеп айта кетүү керек: дажжалдын армиясынын маанилүү бөлүгүн ар кайсы динден чыккан жана өз диндерине да, бүт дүйнөгө да зыян тийгизүүнү көздөгөн фанаттар түзөт. Христиан фанаттар да, Иудей фанаттар да, Мусулман фанаттар да бир эле кандуу сценарий үчүн биригип, ал согуштун чыгышы жана дүйнөдөгү дажжалдык системанын жайылышы үчүн колдорунан келгендин баарын кылышууда.
Бул жерде дагы бир нерсени айта кетүү керек: чындап чын ниеттүү болгон, Улуу Аллахты чын жүрөгүнөн сүйгөн, сабатсыздыктан же алган туура эмес таалиминен улам Ислам дининде чындыгында болбогон пикирлерди жактаган кишилер болушу мүмкүн. Учурда дүйнөдөгү радикалдуу адамдардын көп бөлүгүн ушундай кишилер түзөт жана ал кишилерге сөзсүз мээрим менен туураны түшүндүрүү керек. Алар – Курандын нуру менен агарганда сөзсүз туураны жана акыйкатты кабыл ала турган кишилер. Улуу Аллах сөзсүз чын ниеттүү кулдарына туура жолду көрсөтөт.
Фанатизм Христиандык үчүн да бир коркунуч
Жогоруда да айтылгандай, фанат ар кайсы динден чыгышы мүмкүн. Аз. Иса (ас)га өз ойлорунда зыян тийгизүүгө аракеттенгендер да – диндин атынан чыккан ошол доордун фанаттары эле.
Инжилде Аз. Иса (ас) эки жүздүүлөр, сокурлар жана жыландар деп кайрылган фанаттарды төмөнкүдөй ачык сүрөттөгөн:
«Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Асман Падышачылыгына адамдардын кирүүсүнө тоскоолдук кыласыңар. Өзүңөр кирбейсиңер, киргиси келгендерди да киргизбейсиңер.»
«Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Ишенимиңерди бир адам болсо да кабыл алышы үчүн, жер-сууну айланып чыгасыңар. Кабыл алгандан кийин, аны өзүңөрдөн эки эсе ашып түшкөн тозоктук кыласыңар.»
«Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, силерге кайгы! Эки жүздүүлөр! Силер жалбыздан, анистен жана зиреден ондук бергениңер менен, мыйзамдагы эң негизги нерселерди: акыйкаттыкты, ырайымдуулукту жана ишенимди таштап койдуңар. Тигини да кылыш керек, бирок муну калтырбаш керек эле! Сокур жол башчылар! Чиркейди сүзүп бөлүп аласыңар, бирок төөнү жутасыңар!»
«Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Чөйчөгүңөр менен табагыңардын сыртын тазалайсыңар, бирок алардын ичи ачкөздүк менен адилетсиздикке толгон. Сокур фарисей! Адегенде чөйчөгүң менен табагыңдын ичин тазала, ошондо алардын сырты да таза болот.»
«Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Силер сыртынан кооз көрүнгөн, бирок ичи өлүктөрдүн сөөктөрүнө жана ар кандай ыпылас нерселерге толгон, акталган мүрзөлөргө окшошсуңар. Сыртыңардан адамдарга адил көрүнгөнүңөр менен, ичиңер эки жүздүүлүк менен жамандыкка толгон.»
«Жыландар, жылан тукумдары! Тозоктун жазасынан кантип качасыңар? Ошон үчүн силерге пайгамбарларды, даанышмандарды жана мыйзам окутуучуларды жиберип жатам. Силер болсо алардын кээ бирөөлөрүн өлтүрөсүңөр, ... кээ бирөөлөрүн синагогаларыңарда уруп-сабап, шаардан шаарга кууйсуңар. Адилеттүү Абылдын канынан тартып, ибадаткана менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда силер өлтүргөн Берехия уулу Захариянын канына чейинки адил адамдардын төгүлгөн каны силердин мойнуңарда! (Матфей 23: 13-35)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder