6 Ağustos 2013 Salı

«Исламда зомбулук» пикири – бул дажжалияттын жана аны ээрчиген фанаттардын чыгарганы

Куран боюнча, Исламда зомбулуктун, террордун, өзүн-өзү жардыруулардын эч кандай орду жок. Куран боюнча, согуш жан, мал-мүлк, намыс коопсуздугуна коркунуч келгенде коргонуу максатында гана жасалышы мүмкүн. Ушундай учурда дагы Мусулмандар эч качан чектен чыкпашка, туткунга алган учурда туткундарга адилеттүү мамиле кылууга, ал тургай, өздөрү ачка болсо да туткундарга биринчи тамак берүүгө, аларды кечирип койо берүүгө, эртерээк тынчтыкты камсыз кылууга, күнөөсүздөрдү жана катардагы кишилерди коргоого милдеттүү. Пайгамбарыбыз (сав)дын өмүрүн караганда да Исламдын бул темада кандай мамиле талап кылаары апачык көрүнөт.
 
Мусулмандар коргонуу максатында согушушкан
Пайгамбар Мырзабыз (сав) менен сахабалар Меккеде жашаган 13 жыл бою Меккелик мушриктердин акылга сыйбас кыйноолоруна, кол салууларына, дооматтарына туш болуп, үйлөрүнөн мажбурлап чыгарылып, өлүм менен коркутулушкан. Ошончолук кол салуу жана кысымчылыкка карабастан эч качан күч колдонууга барышкан эмес.
Меккедеги кысымчылыктар өтө көбөйгөн соң Мединага хижрат кылып (көчүп), Мединада да ушундай эле кол салууларга туш болгондуктан жана жан коопсуздуктарына ачык коркунуч келгендиктен, өздөрүн коргонуу максатында гана мажбурлуу согуштарга катышышкан. Мисалы, Бедир согушу Меккелик мушриктер армия чогултуп Мусулмандарды шейит кылуу максатында чабуулга өткөндө чыккан.
Хендек (казылган аң) согушу болсо Мусулмандар өздөрүн коргоо үчүн шаардын айланасына ор казган, толугу менен бир коргонуу согушу. Кыскасы өтмүштөгү согуштар путпарасттар түздөн-түз айоосуз кол салышы натыйжасында мажбурлуу чыккан коргонуу согуштар болгон. Эч бири кол салуу согушу болгон эмес. Ал доордо Пайгамбарыбыз (сав)га түшүрүлгөн коргонуу жөнүндөгү өзгөчө өкүмдөр да ал согуштардагы өзгөчө кырдаалга арналып түшүрүлгөн аяттар болгон.
 
Аз. Мухаммед (сав) да Аз. Иса (ас) сыяктуу сүйүүгө толо, боорукер жана мээримдүү болгон
Кээ бир Христиандар экөөсү тең биз үчүн өтө баалуу болгон Пайгамбарларыбызды өз ойлорунда –караңгылык менен- салыштырууга барышууда. Аз. Иса (ас) бир сүйүү адамы болгон, бирок Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)ды болсо согушту жактаган бир мамиледе болгон деген сабатсыз жыйынтыктарды чыгарышат. Бул Аз. Мухаммед (сав)дын да, Аз. Иса (ас)дын да Аллахка моюн сунган, вахий менен иш-аракет кылган куттуу элчилер экенин ойлобогон караңгы (сабатсыз) жана стереотиптүү бир катар Христиандар тарабынан чыгарылган бир доомат.
Бул эки куттуу инсан тең Аллахтын сүйүктүүлөрү, достору болгондуктан, албетте, экөө тең – сүйүү, боорукердик жана мээрим инсандары. Мунун тескериси мүмкүн эмес.
Пайгамбарыбыз (сав)дын 23 жылдык бир пайгамбарлык доору болгон. Путпарасттардын түздөн-түз кол салуулары болгон өтө оор доорлорду да камтыган бул 23 жылдык убакыт аралыгы ичинде Пайгамбарыбыз (сав) Мусулмандардын жанына кол салган жана Мусулмандардын бүт тынчтыкты каалаган мамилелерине карабастан, үзгүлтүксүз уланган кол салуулардан ыймандууларды коргоо үчүн коргонуу максатындагы согуштарды кылган. Жана бүт ал согуштар учурунда Аллахтын вахийи менен кыймыл-аракет кылып, Аллахтын вахийи менен чечимдер чыгарган. Эгер Мусулмандарды коргоону максаттаган согуш милдети Аллахтан келген бир вахий менен Аз. Иса (ас)га билдирилгенде, ал да дал Пайгамбарыбыз (сав) сыяктуу бул ибадатты моюн сунуп орундатмак. Бирок Аз. Иса (ас) 3 жылга созулган пайгамбарлык доору бою путпарасттардын мындай бир кол салуусуна туш болгон эмес. Ошондуктан согуш менен коргонуу жөнүндөгү бул аяттардын түшүрүлүшүнө зарылдык болгон эмес.
Согуштун Пайгамбарыбыз (сав)га жана Мусулмандарга жакпаса да парз кылынганы Куран аяты аркылуу билдирилген.
Согуш көңүлүңөргө жакпаса да силерге жазылды (парз кылынды). (Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер. (Бакара Сүрөсү, 216)
 
Исламда коргонуу согушунда да чектен чыкпоо, кечиримдүү болуу буйрулат
Аллах Куранда бизге сүрөттөгөн ыйман тереңдигин көрүп түшүнө алган бир адам Мусулман үчүн негизгисинин дайыма кечиримдүүлүк экенин да оңой гана түшүнө алат. Мисалы, Куранда Аллах согуш учурунда чектен чыкпоону, согушуп жаткан коом согушту токтотсо Мусулмандардын да токтошу керек экенин кабар берет:
Силер менен согушкандарга каршы Аллах жолунда согушкула, (бирок) чектен чыкпагыла. Албетте Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт. (Бакара Сүрөсү, 190)
Алар (согушту) токтотушса (силер да токтоткула); күмөнсүз Аллах кечиримдүү, боорукер. (Бакара Сүрөсү, 192)
Мусулмандар согушка кире алышы үчүн экинчи тараптан бир кол салуу болушу шарт. Согуш эскертүүлөргө карабастан эч сөз түшүнбөгөн, зомбулукчу, заалым бир коомдун зулумдугунан коргонуу максатында барылган бир мажбурлук. Мындай абалда да Мусулмандар чектен чыкпоого милдеттүү, б.а. өздөрүн коргонушу гана керек. Жогорудагы аятта Раббибиз билдиргендей, кол салган тарап согушту токтотсо Мусулмандардын да токтотушу кеңеш кылынган. Ошондой эле, Ислам боюнча согуш убагында аялдарга, жаш балдарга, улгайгандарга жана майыптарга этият болуу, аларды коргоо, алар жабыркабашы үчүн болгон чаралардын баарын көрүү өтө маанилүү.
 
Исламда күнөөсүз жерден жан кыйуу арам
Ошондой эле Куранда жан кыйуунун арам экени апачык айтылган:
«Ким бир жанды, ал башка бирөөнү өлтүрүп же бир бузукулук чыгарбаса да (эч күнөөсүз жерден) өлтүргөн болсо, бардык адамдарды өлтүргөндөй (күнөө кылган) болот. Ким аны (өлтүрүлүшүнө жолтоо болуп) тирилтсе, бүт адамдарды тирилткендей болот. Ант болсун, элчилерибиз аларга апачык далилдер менен келишти. Кийин андан соң алардын көпчүлүгү жер жүзүндө чектен чыгышты. (Маида Сүрөсү, 32)
Жана алар Аллах менен бирге башка бир Кудайга сыйынышпайт. Аллах арам кылган жанды күнөөсүз жерден өлтүрүшпөйт жана зина (ойноштук) кылышпайт. Ким буларды кылса «оор бир жазага» жолугат. (Фуркан Сүрөсү, 68)
Аяттардан да апачык көрүнүп тургандай, бир Мусулмандын бир бузукулук кылбаса да же башка бир жанды кыйбаса да, күнөөсүз жерден бирөөнү өлтүрүшү Куранда арам кылынган. Маида Сүрөсүндө Аллах жөнөтүлгөн элчилер бул арамды адамдарга жеткиргенине карабастан, көпчүлүгүнүн чектен чыгаарын билдирет. Б.а. Куран аркылуу өкүм белгиленгенине карабастан, Куранды жетиштүү көрбөй чектен чыга турган, күнөөсүз жерден зулумдукту жана кан төгүүнү көздөгөн бир коомдон сөз кылынат. Мына ушул коом – Исламды жамынып ортого чыккан, бирок дажжалияттын таасиринде калган бир катар фанат кишилер.
Ошондой эле, Куранда согушта туткунга алынган кишилердин кечирилиши жана койо берилиши кеңеш кылынган. Аллах кылмыш кылынганда дагы өлтүрүлгөн кишинин жакындары тарабынан кылмышкердин кечирилишинин жакшыраак болоорун Куранда билдирген. Мусулмандын Куран боюнча жоопкерчилиги – бул дайыма Аллах ыраазылыгы үчүн эң жакшысын тандоо. Кылмыш кылынганда дагы Аллах кечирүүнү жакшыраак дейт, демек Мусулмандын орундатышы керек болгон өкүм ушул. Ислам – боорукердиктин, мээримдин, сүйүүнүн, тынчтыктын, адилеттиктин жана бейпилдиктин дини. Исламды Куранда сүрөттөлгөнүнөн башкача көрсөтүүгө аракет кылгандар андай мамилесин эртерээк токтотушу керек.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder