Куранда эч кандай орду болбогон; Исламды жамынып согуштарды чыгарган, зулумдук кылган, өзүн-өзү жардырып кол салган, өлтүрүү жана кан төгүүнү көздөгөн Мусулмандык модели Христиан менен Иудейлердин Ислам дини жөнүндө туура эмес ойдо болушуна себеп болууда.
Жогоруда да айтылгандай, кан төгүүчү зулумдук системасын жактагандар чыныгы Исламдан, б.а. Куран ахлагынан бүтүндөй алыс. Алар сабатсыздык менен өздөрү чыгарган негизсиз кошумчаларга жана жалган ишенимдерге толгон батыл (негизсиз, жалган) диндеринин бир талабы катары буларды жасашууда. Куранда сүйүүсүз, мээримсиз, согушчаак бир идеологияга эч орун жок.
Куранда Раббибиз кайсы гана динден болбосун, фанатизмди жактаган, динди кошумчалар менен башаламан кылууга жана оор кылып койууга аракеттенген, Аллахтын аты менен адамдарды алдоого аракет кылган мындай кишилерди төмөнкүчө таанытат:
Алардан ушундайлар бар: тилдерин Китепке карата ойнотушат, силерди аны (андай окуп жаткандай көрүнгөнүн) китептен деп ойлошсун деп. Чындыгында болсо ал китептен эмес. «Бул Аллахтын Кабатынан» дешет. Чындыгында болсо ал Аллах Кабатынан эмес. Өздөрү да билип туруп Аллахка карата (ушундай) жалган сүйлөшөт. (Али Имран Сүрөсү, 78)
Чыныгы Мусулмандык Аллах Куранда билдирген, куттуу Пайгамбарыбыз (сав) чечмелеген Ислам ахлагына моюн сунуу менен болот. Б.а. Мусулмандар кээ бир фанаттардын жалгандарына жана ойдон чыгарган сөздөрүнө карап эмес, Куранга жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнө карап жашоого милдеттүү. Негизги критерий ойдон чыгарылгандар эмес, Куран менен сүннөт. Асры Саадет (Бакыт кылымы) убагында Куранга жана Пайгамбарыбыз (сав)дын жашоосуна карап жашалган Ислам – чыныгы Ислам. Пайгамбарыбыз (сав)дын өтө боорукер, сүйүүгө толгон, мээримдүү, акылдуу, искусствого, сулуулукка, кооздукка, тазалыкка, сылыктыкка өтө баа берген өмүрү ар бир Мусулман үчүн эң идеалдуу өрнөк. Ошондуктан Мусулман эместердин Исламды чыныгысына карап эмес, кээ бир фанаттардын караңгы жашоосуна карап баалашы чоң жаңылыштык.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder