6 Ağustos 2013 Salı

Ыймандуулардын биримдиги бир зарылдык


Аллах ишениминин, адилеттиктин жана абийирдин талабы – бул дүйнөдө Аллах ишенимине каршы болгондор менен пикирдик күрөш жүргүзүү, дүйнөдөгү бүт жамандыктарды ачыкка чыгарып алардын пикирдик негиздерин жок кылууга аракеттенүү. Жасаган кандуу иштеринде өз ойлорунда улуу Ислам динин колдонууга аракеттенген, Мусулман атын же паспортун алып жүргөн караңгы жана ал тургай чындыгында атеист кишилердин Исламга жана Куран аяттарына эч туура келбеген иштерин бир-биринен сөзсүз айырмалаш керек.
Исламдын чыныгысын көрмөксөн болуп дажжал тараптарларынын пландарына алдануу чын жүрөктөн ыйман кылган бир адам кылбай турган бир нерсе. Мындай тымызын жана системалуу пропаганда ыкмалары натыйжасында бир катар Христиандар өздөрүн Мусулмандардан алыс тутуп, ал тургай аларга каршы күрөш жүргүзүшүүдө. Ушундайча өздөрүн евангелист Христиандардай көрсөтүүгө аракеттенген динге каршы кишилердин таасири астында Мусулмандарга каршы кекенүү жана жек көрүү сезимдерин жайылтышууда. Аллахты сүйгөн динчилдер катары Аллахтын достору менен биримдикте болуунун ордуна, атеист, дарвинист, террорист бир системаны алга сүйрөгөн тымызын бир уюмдун жолун –билбей болсо да- жолдошууда. Бул туура эмес ишенимдин өздөрүнө да, бүт дүйнөдөгү ыймандууларга да канчалык чоң зыян тийгизээрин көрө алышпоодо.
Аллахтын уруксаты менен АЛЛАХТЫН ЫСМЫ ЖАНА СӨЗҮ СӨЗСҮЗ БҮТ ДҮЙНӨГӨ ОРНОП, ҮСТӨМДҮК КЫЛАТ. Бул Аллахтын бүт чыныгы ыймандууларга убадасы. Бирок буга себепчи болуу үчүн себептерди жасоо, бүт дүйнөдө ыймандуулардын бекем бир көмөктөшүү ичинде болушу зарыл. Чын ниеттүү евангелист Христиандар евангелист масондордун караңгы оюндарын көрүп, чоң коркунучту байкап чын ниеттүү динчил Мусулмандар менен биримдикте болушса, бүт адамдар тынчтык менен бейпилдик ичинде жашай ала турган, согуштар, уруштар токтой турган бир дүйнө тартибинин курууга мүмкүн болот. Аллахтан бир немат катары мындан бир топ бейпил жана бир топ бакубат, жакшы жашоодо жашашат.
Атеист масондук тымызын башчылык кылган чыныгы коркунучтун –б.а. атеизм, дарвинизм, материализм, марксизм, коммунизм коркунучунун- масштабын жакшыраак түшүнүшкөндө, чыныгы пикирдик күрөштү, бүт ыймандуулар менен бирге, Аллах ишенимине каршы согуш ачкан ушундай бузуку системаларга каршы жүргүзүшөт. Улуу Аллахтын уруксаты менен 3 чоң диндин үммөттөрү кубаныч менен күткөн Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактылары өтө жакын. Курандагы Аллахтын убадасына ылайык ал доордо Аз. Иса (ас)дын тынчтык жана биримдик чакырыгына сөзсүз бүт Христиандар өз ыраазылыгы менен жооп беришет. Куранда айтылгандай, Аз. Иса (ас) кайрадан келгенде ахли китаптан (Христиан жана Иудейлерден) өлөөрдөн мурда ага ыйман кылбай турган эч ким калбайт (Ниса Сүрөсү, 159). Ошондо эң негизгиси адамдар арасында сүйүү менен биримдик куруу керек экенин Улуу Раббибиздин уруксаты менен түшүнүшөт. Бирок негизгиси – Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы өтө жакындаган кезде бул чындыкты байкап, БУЛ КУТТУУ ИНСАНДАРГА КЕРЕКТҮҮ ФУНДАМЕНТТИН ДАЯРДАЛЫШЫНА КӨМӨКЧҮ БОЛУП, АЛАР КЫЙНАЛБАЙ ИШ-АРАКЕТ ЖҮРГҮЗӨ ТУРГАН ШАРТТАРДЫ ДАЯРДОО. Албетте, Аллах Ислам ахлагын, тынчтыкты, бейпилдикти жана сүйүүнү орнотуу үчүн эч нерсеге муктаж эмес (Аллахты аруулайбыз). Бирок Аллах ыймандууларга дуба кылуу жана сооп чогултуу жакшылыгын тартуулаган. ЧЫНЫГЫ ЧЫН НИЕТТҮҮ ДИНЧИЛДЕР АРАСЫНДАГЫ КҮЧТҮҮ БИРИМДИК АТЕИЗМДИН ЖЕР БЕТИНЕН ЖОК БОЛУШУ ЖАНА УЛУУ РАББИБИЗДИН ЫСМЫ БҮТ ДҮЙНӨДӨ БИРӨӨ ЖАНА ЖАЛГЫЗ ДЕП ДАҢКТАЛЫШЫ ҮЧҮН БИР ДУБА СЫПАТЫНДА БОЛОТ.

Динде мажбурлоо жок, бул Курандын анык бир өкүмү


Курандын анык бир өкүмү: Исламда мажбурлоо жок.
Аяттарда бул чындык мындайча билдирилген:
Динде мажбурлоо (жана басым жасоо) жок. Эч күмөнсүз, туура жол (рүшд) адашуучулуктан апачык ажыратылган. Эми ким таагуттан баш тартып, Аллахка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, абдан бекем бир тутканы кармаган болот. Аллах – угуучу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 256)
Эгер Раббиң каалаганда, жер жүзүндөгүлөрдүн баары бирдей ыйман келтирмек. Демек, алар мумин (ыймандуу) болгонго чейин адамдарды сен мажбурлайсыңбы? (Йунус Сүрөсү, 99)
«Эй коомум, пикириңер кандай айткыла? Эгер менин Раббимден апачык бир далилим бар болсо жана Раббим мага Өз Кабатынан бир мээрим берип, (бул) силердин көздөрүңөрдөн жашырылган болсо? Силер аны каалабасаңар да, биз силерди ага мажбурламак белек?» деди. (Худ Сүрөсү, 28)
Мусулмандар Аллахтын «жакшылыкка (маъруф) чакырып, жамандыктан (мүнкер) кайтар» (Локман Сүрөсү, 17) буйругуна ылайык, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат жана адамдарды жакшы сөз менен Аллахтын жолуна үндөшөт. Бирок хидаят берүүчү (туура жолго салуучу) Аллах (Касас Сүрөсү, 56) жана Куранды окуган жана түшүнгөн бүт Мусулмандар муну өтө жакшы билишет. Ошондуктан бир Мусулмандын милдети – бул адамдарга Куранды түшүндүрүү, аларды Куранга чакыруу, б.а. аларды динди түшүндүрүү. Бул үндөөгө хидаят тапкан гана жооп берет, хидаят таппаган болсо бул үндөөдөн алыстайт. Ушул себептен хидаят таппаган бир киши канчалык мажбурланбасын, баары бир эч качан чыныгы Мусулман болбойт. Ошондуктан аны буга мажбурлоо Куран боюнча арам дагы, жана натыйжа да бербейт.
Ислам моюн сунуу маанисине келет. Бир адамдын Исламга кириши, чыныгы мааниде хидаят табышы жана чыныгы бир Мусулман болушу үчүн Аллахка жана Куранга чын жүрөктөн моюн сунушу шарт.
Эгер бир адам Исламга мажбурланса эмне болот?
Бир адам Исламга мажбурланса, Мусулман эмес, мүнафык (эки жүздүү) болот. Кыйынчылык менен ибадат кылат, аягында эрегишкен, кекенген бир эки жүздүүгө айланат. Исламды, Мусулмандарды жек көрөт жана Мусулман көрүнүп өмүрүн Мусулмандарды өз оюнда тузакка түшүрүүгө каржайт.
Мүнафык – Мусулмандардын эң чоң душманы, дүйнөдөгү эң жүзү кара макулук. Аллах мүнафыктарга тозокто эң төмөнкү кабатты ылайык көргөн. Бул жүзү кара жандыктар Мусулмандарга дайыма зыян тийгизүүгө аракет кылышат. Ошондуктан Аллахтын өкүмүн укпастан, бир адамды мажбурлап Мусулман кылууга аракеттенүү мүнафыктарды гана пайда кылып, зыян алып келет. Бул Мусулман эч каалабаган нерсе.
Бир адамдын мажбурлап Мусулман болушу Курандын жалпы рухуна да карама-каршы. Куранда белгиленген бир адилеттик түшүнүгү бар. Ал түшүнүк боюнча, ар кандай көз-караш, ар кандай пикир болушунча эркин. Аллах Куранда муну каапырларга кайрылган «Силердин диниңер силерге, менин диним мага» (Кафирун Сүрөсү, 6) аяты менен апачык белгилеген. Бул толук демократия дегенди билдирет, дин жана ишеним эркиндиги. Ишеним эркиндиги жана демократия болсо Курандан келип чыгат. Курандагы мындай түшүнүк бүт дүйнөгө жайылганда толук демократия жана эркиндик орнойт. Бул адилеттик системасы – бүт коомдорду, бүт дүйнөнү, бүт ишенимдерди камтыган адамгерчиликтин бир шарты болгон бир мыйзам. Аллахтын мыйзамы. Курандын өкүмдөрү адамдар материалдык жана моралдык жактан бейпил жашай турган кылып жаратылган.
Куран аяттарында адамдарды азапка сала турган, адамдарды тынчсыздандыра турган эч кандай өкүм жок. Ислам дини адамдар сүйүп сүйүп, чын көңүлдөн жашай турган, бактылуу боло турган бир дин болуп түшүрүлгөн. Бир Мусулман мушрик болсо дагы ал киши туура жолду (хидаят) табышы үчүн дуба кылууга, ага боорукер мамиле кылууга, аны коргоп-колдоого милдеттүү. Аллах мушриктерди (Аллахка шерик кошкон кишилерди) бир жерден башка жерге баратканда коргоону да Мусулмандарга бир милдет кылган. Мусулмандар өз жанындай мушриктерди коргоого милдеттүү. Куранда бул жөнүндөгү аят төмөнкүдөй:
Эгер мушриктерден бирөө сенден «амандык суранса», ага амандык бер; ошентип Аллахтын сөзүн уксун, анан аны «коопсуздук ичинде бара турган жерине жеткир.» Бул алардын албетте билбеген адамдар болушу себептүү. (Тообо Сүрөсү, 6)
Ислам сүйүү, боорукердик, башкалардын абалын түшүнүү жана урматка таянган бир дин. Буга туура келбеген иштерди жасагандар болсо, демек, Ислам ахлагын билишпейт жана чыныгы Куран ахлагы менен жашашпайт.
 
Фанаттар «динде мажбурлоо жок» өкүмүн бир тактика катары колдонушат
Кээ бир кишилер башында «динде мажбурлоо жок» деп чыгышып, бирок кийин акырындап мажбурлоо жана басым жасоо ыкмасын колдонуп баштаган кээ бир Мусулмандарды мисал көрсөтүп, бул багытта бир тактика ыкмасы колдонулат дешүүдө. Эң биринчиден бул кишилер чыныгы Мусулмандар менен Куран боюнча жашабай ойдон чыгарылган кошумчалар менен жашаган фанаттар арасындагы айырманы жакшы билиши керек. Фанат – бул Аллах Куран аяттарында билдирген өкүмдөрдүн жакшы тараптарын жана сырларын ансыз да толук байкай албаган, Курандын рухун толук түшүнө албаган, ошондуктан Курандын акыйкат жана жалгыз китеп экенине толук ишене албаган бир радикал. Өз оюнда, Аллахтын өкүмүнө жана Куран аяттарына карабастан, эгер мажбурласа, басым жасаса, бир киши Мусулман болушу мүмкүн деп ойлойт. Чындыгында болсо бул апачык Раббибиздин өкүмдөрүнө каршы чыгуу болуп саналат. Мунун натыйжасында –жогоруда да айтылгандай- эки жүздүүлөр, Ислам душмандары, Исламды мажбурлоо жана кысымчылык дининдей көргөн адамдар пайда болот.
Ислам дини Пайгамбар Мырзабыз (сав) доорундагы сыяктуу туура жана толук орундатылганда, Куран аяттарына кемчиликсиз моюн сунулганда, ошондо гана чыныгы Ислам жашалат. Мындан башка эч бир мисал Ислам эмес. Курандын бир эле аятын жетишсиз деп ойлогон, кабыл албаган киши динден чыккан болот. Мындай кишинин Ислам атын жамынып Исламда болбогон иштерди жасашын Исламга жүктөөгө болбойт. Христиан динин жамынып кыргындарды жасап, мечит менен Куранды өрттөгөн фанаттардын иштерин Христиан динине жүктөөгө болбогон сыяктуу.
Курани Керимдеги аяттарга туура келбеген бир иштер бар болсо ал Исламдын иштери эмес. Ошондуктан Христиандар эгер Исламдын өзүн жана чыныгысын билгилери келсе, Куранга гана карашы керек.
 
Куран фанатизмге согуш ачкан
Куран фанатизм себеп болчу ар кандай балээге, бактысыздыкка, зулумдукка, сүйүүсүздүккө, душмандыкка, кан төгүүчүлүккө согуш ачкан. Куранга таянган Ислам дини фанатизмге толугу менен карама-каршы.
Ислам сүйүүгө, тынчтыкка жана достукка чакырат. Ынтымакта болууга, чогуу Аллахтын атын даңктоого, бир тууган болууга, дүйнөдө бейпилдик менен коопсуздукту курууга үндөйт.
 
Фанатизмден кутулуунун жолу – Исламга согуш ачуу эмес
Фанатизмди билбестен Исламдын өзү деп кабыл алгандар жана ал фанаттык системаны жок кылууну каалагандар көбүнчө өтө чоң жаңылыштык кетиришип Исламга карата душмандык мамиле кылышууда. Мындай туура эмес көз-караш өзгөчө кээ бир материалист, атеист жана дарвинист маалымат каражаттары, пикир уюмдары жана дүйнөлүк саясатта таасири күчтүү бир катар чөйрөлөр тарабынан атайылап жайууга аракет кылынууда. Бул чөйрөлөр Мусулмандыкты атайылап туура эмес таанытып, «Мусулмандар ушундай, силерди жашатпайт, ошондуктан алар силерди жок кыла электе силер аларды жок кылгыла» деген пропагандалар менен Ислам динине жана Мусулмандарга карата башкаларды күүлөшүүдө.
Бир катар Христиандар бул пропагандалардан таасирленип фанаттык система себеп болгон бир катар заалым иштерди токтотуу үчүн Куран менен жана Ислам дини менен күрөшүү керек дешүүдө (Куранды жана Исламды аруулайбыз). Чындыгында болсо бул акыл менен абийирге сыйбаган ыкма фанатизмдин андан да күчөшүнө жана өнүгүшүнө шарт түзөт. Куранга жана чыныгы Исламга жасалган ар кандай кол салуу өздөрүнөн башкача ойлонгондорго карата күч колдонуу керек деп ойлогон фанаттык системаны андан да күчөтөт. Андай фанаттар жактаган кан төгүүчү системаны жок кылуунун жолу – бул Куранды жана чыныгы Мусулмандыкты алдыңкы планга чыгарып, Асры Саадет (Пайгамбарыбыз (сав) убагындагы Бакыт кылымы) Мусулмандыгын кайрадан ишке ашыруу.
Чыныгы Мусулмандардын жайдары, сыпайы, сүйүүгө, боорукердикке, достукка жана бир туугандыкка таянган, демократия менен эркиндикти жактаган, заманбап жашоосу фанаттык көз-караштагы кишилерди өтө тынчсыздандырат, кууруп күйгүзгөндөй болот. Ошондуктан Христиан бир туугандарыбыз Мусулмандардын да, Христиан менен Иудейлердин да душманы болгон фанаттык көз-карашка каршы чыныгы Мусулмандарга колдоо көрсөтүп, алар менен бирге иш-аракет жүргүзүшү зарыл.
Фанат менен күрөшүү Мусулмандар үчүн бир ибадат. Себеби мушриктер менен күрөшүү Курандын буйруктарынын бири. Куранда «мушрик» деп аталган топтун экинчи аты – бул фанаттар. Улуу Аллах аяттарда мүнафыктардан (эки жүздүүлөрдөн) сөз кылат, каапырлардан сөз кылат, жүрөгүндө «оорусу» барлардан сөз кылат, булардын баары мушрик. Булар Асры Саадетке каршы, КУРАНДЫН АТЫН ЖАМЫНЫП КУРАНГА КАРШЫ СОГУШ АЧЫШАТ.
Бирок, албетте, бул күрөш илимий жана пикирдик бир күрөш болушу керек. Мурда да эскерткенибиздей, фанаттык топ көбүнчө Курандан ар кандай себептер жана кошумчалар натыйжасында алыс калган сабатсыз, караңгы бир топ. Ошондуктан фанат коркунучун жок кылуу үчүн ал кишилерди окутуу зарыл. Окутулуп, Куранда баяндалган чыныгы Ислам динин түшүнгөндө, албетте, алар да фанаттык көз-караштын акылсыздык экенин көрүшөт.
Сүйүүсүз, таш боор, мээримсиз, акылсыз, маданиятсыз, караңгы; илимди, искусствону эч жактырбаган; терең ойлоно албаган, эл көзүнө көрүнгөндү жакшы көргөн, динди татаалдаштырууга аракет кылган жана дайыма ар кандай иштер менен, кошумчалар менен өз оюнан бир дин чыгарган, жолдон адашкан багыттын аты «фанатизм», б.а. «мушриктик». Ошондуктан КУРАНГА ТОЛУГУ МЕНЕН КАРАМА-КАРШЫ ИШТЕП ЧЫГЫЛГАН, КУРАНДЫ ЖЕТИШТҮҮ КӨРБӨГӨН ЖАНА КУРАНДА БУЙРУЛГАН ӨКҮМДӨРДҮН ТЕСКЕРИСИН ЖАСАГАН ФАНАТТЫК СИСТЕМА – МУСУЛМАНДАР ДА ПИКИР МЕНЕН КҮРӨШӨ ТУРГАН БИР КӨЗ-КАРАШ.
Фанатизмди жойуунун жолу – бул Асры Саадет Мусулмандыгын жана чыныгы Куран ахлагын жактоо жана радикализмдин туткунуна түшкөн кишилерди окутуп тарбиялоо. Пайгамбарыбыз (сав) фанаттарга каршы эле жана Ислам алып келген демократия, сүйүү, урматтоо жана эркиндик нематтарын эч кемчиликсиз турмушка ашырган эле.
 
Чыныгы Ислам ахлагы орногондо Христиандар да, Иудейлер да бейпил жашашат
Христиан бир туугандарыбыздын бул китепти баяндалган сүйүү, тынчтык, демократия, эркиндик, бактылуулук, модерндик сыяктуу түшүнүктөр жөнүндөгү сөздөрдү «жакшы ниет менен айтылган сөздөр гана» деп ойлобошу өтө маанилүү. Булар биздин жеке жоромолдорубуз эмес. Булар КУРАНДЫН МАҢЫЗЫ. Булар Курандын рухуна, Аз. Мухаммед (сав)да көрүлгөн бүт өрнөктөргө, Рахман жана Рахим Аллахтын ыраазылыгына туура келген түшүнүктөр. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Куран өкүмдөрү ушундай турмушка ашырылган. Кан төгүүчүлүк фанаттардын ойдон чыгарган кошумчаларында гана бар. Дажжал башкарган фанаттык көз-караштагы кишилер канкордукту бүт дүйнөгө жайылтып муну Ислам деп көрсөтүп, көп адамдарды алдады.
Христиандардын Курандын чыныгы жана негизги кабарын көрүшү өтө маанилүү. Пайгамбарыбыз (сав) да, Курани Керим да дүйнөдөгү бүт адамдар үчүн бир нур. Адамдарды бактылуу кылган, дүйнөнү нурландырган нерселердин баары Куранда. Аллах ыраазылыгы, абийир, ыйман жана жүрөк көзү менен караган ар бир адам муну апачык көрөт. Куранды Асры Саадет доорундагындай жашоо бүт дүйнөгө толук бейпилдик жана сулуулук алып келет. Курандын Мусулмандар тарабынан кемчиликсиз турмушка ашырылышы Христиандарга да, Иудейлерге да бейпилдиктин жана бакыттын булагы болот. Натыйжада дүйнөдө өтө бактылуу жашоо өкүм сүрөт. Адамдардын табиятында ансыз да бар болгон, бирок дажжалдык системанын таасиринен улам жок болгон кубаныч элдерге кайра келет. Адамдарга сүйүнүч келет. Искусство өнүгүп, чыныгы чыгармачыл адамдар чыгат. Дажжал системасынын таасири менен жок болуп кеткен архитектура кайрадан жанданат. Себеби дүйнөгө бейпилдик, бактылуулук, коопсуздук, достук, бир туугандык жана эң негизгиси Аллах сүйүүсү жайылат. Аллах сүйүүсү адамдардын жүрөктөрүндө болгондо, ал коомго искусство келет, сулуулук келет, кубаныч келет, бакыт келет, илим келет, кыскасы, бүт нерсеге сулуулук менен кубаныч келет. Куран Мусулманынын көз-карашы боорукердик, мээрим, сүйүү, акыл, туруктуулук, акыл менен ойлонуу, башкалар үчүн өз кызыкчылыгынан баш тартуу, жакшы ниет менен окуяларды баалоо, бүт нерседе жакшылык бар деп кароого таянат. Ислам ушундай жашалган бир дүйнө Христиандар үчүн да, Иудейлер үчүн да өтө сонун болот.
Христиандар каршы чыгып, илимий күрөш жүргүзө турган нерсе – бул үч дин үчүн тең чоң бир коркунуч болгон фанатизм, дарвинизм жана материализм. Жактап колдоо көрсөтүшү керек болгон нерсе болсо – Ислам дининин Курандагыдай орношу жана муну азыркы заманда орундата турган Мехдилик. Буга колдоо көрсөтүшкөндө фанатизм, дарвинизм, материализм жок болуп, дүйнөгө майрам кубанычы келип, бүт нерсе жана бүт тарап нурданат. Фанатизмдин, дарвинисттик жана материалисттик идеологиялардын таасиринде калган адамдар да туура билим берүү аркылуу оңолушат. Чиркөөлөр, синагогдор Куран аятында кабар берилгендей Улуу Аллахтын коргоосунда. Христиан жана Иудей бир туугандарыбыз каалагандай ибадаттарын кылышып, көңүлдөрү каалаган бейпилдик менен коопсуздукка жетишет. Мусулмандар Христиан жана Иудейлер менен бир туугандык жана сүйүү ичинде жашашат, согуштар токтойт, кан төгүү токтойт, дүйнө бакубаттыктын, бейпилдиктин, коопсуздуктун, тынчтыктын мекенине айланат. Бул Аллахтын убадасы. Сөзсүз ишке ашат. Бирок бул үчүн Аллах бизден аракет кылышыбызды каалайт.
 
 

Пайгамбарыбыз (сав)дын ахли китапка болгон боорукер, сүйүү толо мамилеси
 
 
Пайгамбарыбыз (сав) Нажран Христиандарынын зыяраты учурунда отурушу үчүн кийимин салып берген
Расулуллах (сав)дын ахли китаптын тойлоруна катышканы, оорулууларын зыярат кылганы жана аларды коноктогону жөнүндө көп санда риваяттар бар. Ал тургай Нажран Христиандары аны зыярат кылышканда Аз. Мухаммед (сав) алар үчүн кийимин жерге төшөп, Христиан конокторуна мунун үстүнө отургула деген.
 
Пайгамбарыбыз (сав) ахли китаптын Мусулмандардын коргоосу астында экенин айткан
Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын Христиан Ибн Харрис б. Каъб менен элине жаздырган келишим катында: «Чыгышта жана батышта жашаган бүт Христиандардын диндери, чиркөөлөрү, жандары, намыстары жана мал-мүлктөрү Аллахтын, Пайгамбардын жана бүт ыймандуулардын коргоосунда. Христиандык дининде жашагандардан эч ким каалабастан Исламды кабыл алууга мажбурланбайт. Христиандардан кайсы бири кандайдыр бир кылмышка же адилетсиздикке туш болсо Мусулмандар ага жардам берүүгө милдеттүү» деп жаздырган. (İbn Hişam, Ebu Muhammed Abdulmelik, Es-Siretü'n-Nebeviyye, Daru't-Türasi'l-Arabiyle, Beyrut, 1396/1971, II/141-150)
 
Пайгамбарыбыз (сав) зыяратка келген ахли китап турушу үчүн сахабанын үйлөрүн аларга берчү
Аз. Пайгамбар (сав) доорунда топ-топ элчилер менен адамдар Мединага зыяраттар кылышчу. Келген топтор –ахли китап да кошо- кээде 10 күндөн ашык турушчу; Абдуррахман б. Авф, Мугире б. Шубе, Эбу Эййубүъл-Энсари жана ансарлардан кээ бирлердин үйлөрү аларга берилчү. Мындан тышкары, Пайгамбар Мечитинин айланасындагы илим алган Асхабы Суффа жашаган жерлер менен Мечитке жакын жерлерге курулган бир чатыр келген зыяратчылар үчүн даярдалчу.
Аз. Пайгамбар (сав) учурашууга келгендердин кээ бирлерине эманнаме жана ахиднаме (жазылуу буйрук, кээ бир киши жана топторго берилген укуктар, башка элдер менен жасалган келишип өкүмдөрүн камтыган документ) жана аларга берилген жерлерди билдирген расмий документ берчү. Кээ бир аймактарга болсо алардын арасынан башчылар дайындачу. Ошондой эле Куттуу Пайгамбар Мусулмандарга зекет кызматкерлерин жөнөткөндө, Христиан бойдон калгандарга салык топтоочуларды дайындачу. Негизи келген ал расмий топтор бүт арап жарым аралынын Аз. Мухаммеддин (сав) пайгамбарлыгын жана өкүмдарлыгын кабыл алышынын бир далили эле. (Sarıçam, Hz. Muhammed ve Evrensel Mesajı, s. 356)
 
Пайгамбарыбыз (сав) вахий келбеген кээ бир темаларда Меккелик мушриктердин эмес, ахли китаптын кылгандарына карап иш-аракет кылган *
Аллах Пайгамбары (сав) Меккеде вахий албаган темаларда Меккелик мушриктерге каршы чыгып, ахли китаптын кылгандарына ылайык иш-аракет кылган. (Buhârî, Libâs 70; Müslim, Fedâil 90)
 
Пайгамбарыбыз (сав) сахабаларды Христиан Нежашинин жанына хижратка жөнөткөн
Пайгамбарыбыз Хижраттан мурда алгач кызыккан жана Мусулмандардын хижрат кылышын каалаган Христиан өлкө Эфиопия болгон. Аллах Пайгамбары Мекке мушриктеринин айоосуз кыйноолорунан улам Меккелик Мусулмандардын Эфиопияга көчүшүн каалап, бул каалоосун төмөнкүчө айткан.
«Кааласаңар жана колуңардан келсе, Эфиопиядан башпаана сурагыла. Себеби ал жерде өкүмдарлык кылган хандын жеринде эч кимге зулумдук кылынбайт. Ал жер туура жана ишенимдүү бир жер, Аллах жеңилдик бергенге чейин ал жерде жашап тургула.» [Hamîdullah, el-Vesâikü's- Siyâsiye, (trcm.Vecdi Akyüz), Kitabevi, İstanbul 1997, s.115; Hamîdullah, İslâm Peygamberi, I, 297]
 
Пайгамбарыбыз (сав) Иудей бир адамдын жаназасы өтүп баратканда өйдө турган
Жабир б. Абдуллах (ра) мындайча риваят кылган:
Жаныбыздан бир жаназа өткөн эле. Расулуллах (сав) ошол замат ал жаназа үчүн өйдө турду. Биз да (аны ээрчип) аны менен кошо өйдө турдук жана: «Эй Аллахтын Пайгамбары! Бул бир Иудей аялдын жаназасы» дедик. Анда Аз. Пайгамбар (сав): «... Жаназа көргөнүңөрдө ошол замат өйдө тургула.» деди. (Müslim, Cenaiz, 78, Hadis no: 1593)
Кайс б. Саъддин (р.а.) риваятында Ибн Эбу Лейла мындайча риваят кылган:
Кайс б. Саъд менен Сехл б. Хунейф Кадисиййеде турганда жандарынан бир жаназа өттү. Алар өйдө турушту. Аларга бул жаназа жергиликтүүлөрдөн деп айтылганда Кайс менен Сехл: Расулуллахтын (сав) жанынан бир жаназа өткөн эле. Аллах Пайгамбары өйдө турду. Бул бир еврейдин жаназасы деп ага айтылганда: «Бул дагы бир адам эмеспи?» деди. (Müslim, Cenaiz, 78, Hadis no: 1596)
 
Пайгамбарыбыз (сав) зиммилерге кыйноо жасабагыла деген *
Куттуу хадисте Мырзабыз (сас) «Ким зимми (Ислам өлкөсүндөгү Мусулман эмес) бирөөгө кыйноо кылса, мен анын душманы болом.» деген.
 
Пайгамбарыбыз (сав)га алгач пайгамбарлык келгенде, Христиандар менен сүйлөшчү
Пайгамбар Мырзабыз (сав) Аллах Пайгамбары сыпаты менен динге чакырууну баштаган келде биринчи жолу Меккеде кээ бир Христиандарга жолуккан эле. Ал тургай, вахий келип баштаган алгачкы күндөрү Аз. Хатиже жана Пайгамбар Мырзабыз (сав) менен жолугушкан Варака б. Невфел да колунда Инжилдин кол жазмалары бар болгон бир Христиан эле. (Buhârî, Bedu'l- Vahy 3)
 
Пайгамбарыбыз (сав) эч кимдин динине кийлигишүүгө жол берген эмес
Дин тандоо эркиндигин билдирген «Ла икрахе фид-диин (Динде мажбурлоо жок)» аятын (Бакара Сүрөсү, 256) орундаткан Пайгамбарыбыз (сав) 630-жылы Мусулман болгонун кабар берүү үчүн Мединага келген Хымйер өкүмдарынын элчилерине төмөнкүдөй буйрук берген:
«Бир еврей же бир Христиан Мусулман болгон болсо, ыймандуулардан болушат (алар менен укуктук жактан тең болушат). Ким иудей дининде же христиан дининде калгысы келсе, ага кийлигишүүгө болбойт.» (İbn Hişâm, es-Sîre, II, 586)
 
Пайгамбарыбыз (сав) өзү түздөн-түз Иудейлер менен соода кылган
Аллах Пайгамбарынын адамдар менен болгон мамилелеринде негиз туткан баалуулуктардын бири чынчылдык болгон. Мындай сыпаты бар бирөөнүн башка динден болушу аны менен соода мамилелерин кылышына тоскоол болгон эмес. Өзү түздөн-түз Мединалык Иудей соодагерлерден тамак-аш азыктары менен карыз алган.
Аллах Пайгамбары (сав) көз жумганда, шаардагы бир Иудейден алган карызы үчүн сооту аманатта турган эле.
 
Пайгамбарыбыз (сав)дын Хайберди каратуу учурунда Иудейлерге көрсөткөн боорукердиги
Хайберди караткан соң алынган олжолордун арасында топ-топ Тоорот нускалары болгон. Аз. Пайгамбар (сав) ал нускаларды олжолордун арасынан бөлүп, нускалардын Иудейлерге кайтарылып берилишин буйрук кылган.
Ошондой эле, Хайбер каратылган соң Мусулман аскерлер Иудейлерге тиешелүү бактардан жана курма бакчаларынан жеп башташкан. Иудейлер Аз. Пайгамбар (сав)га муну арызданышат. Аз. Пайгамбар (сав) болсо аймактагы элдин мал-мүлктөрүнө, бак жана бакчаларына тийбегиле деп буйрук кылат.
 
Пайгамбарыбыз (сав) Медина Келишими менен Иудейлердин жана Христиандардын динине кийлигишилбешин айткан
Пайгамбарыбыз (сав) Христиан, Иудей жана мушрик коомдор менен кол койгон Медина келишими да маанилүү бир адилеттик мисалы. Медина келишиминин пункттарынын бири төмөнкүдөй:
«Бени Авф еврейлери ыймандуулар менен бирге бир үммөт, еврейлердин дини өздөрүнө, Мусулмандардын дини да өздөрүнө.»
Медина келишиминин 16-пунктунда болсо «Бизге моюн сунган еврейлер эч кандай адилетсиздикке туш болбостон жана душмандары менен да көмөктөшпөстөн, жардам менен колдообузга укуктуу болушат» деп билдирген.
Пайгамбарыбыз (сав)дан кийин сахабалары да Пайгамбарыбыз (сав) келишимге койдурган бул өкүмгө бекем болушкан жана ушул эле өкүмдү Бербери, Будист, Брахман жана ушул сыяктуу ишенимдеги кишилерге да колдонушкан.
 
Пайгамбарыбыз (сав) нажрандыктарга берген кепилдикте алардын Мусулмандардын коргоосунда экенин айткан
Түздөн-түз Пайгамбар Мырзабыз (сав) тарабынан Эдрух, Макна, Хайбер, Нажран жана Акабалык ахли китапка берилген кагаздар Мусулмандардын ахли китаптын жан жана мал-мүлк коопсуздугун кепилдикке алганын жана аларга ишеним жана ибадат эркиндигин бергенин көрсөтөт. Пайгамбарыбыз (сав)дын нажрандыктар менен түзгөн келишимде орун алган төмөнкү пункттар да маанилүү:
Нажрандыктардын жана алардын курамындагылардын жандары, мал-мүлктөрү, диндери, барлары жана жоктору, үй-бүлөлөрү, чиркөөлөрү жана колдорундагынын баары Аллахтын жана Аллахтын Пайгамбарынын кепилдиги астына алынат.
Эч бир епископ же монах чиркөөсүнөн же монастрынан чыгарылбайт жана эч бир пастор пасторлук жашоосун таштоого мажбурланбайт. Аларга эч кандай кыйноо же басмырлоо жасалбайт жана жерлери армиябыз тарабынан басып алынбайт. Акыйкаттык талап кылгандар бар болсо, Нажранда адилеттик менен өкүм берилет...
Алардын милдети туруктуулук жана милдеттерин аткарууга аракеттенүү. Зулумдук менен кысымчылыкка туш болушпайт.

Чыныгы аял душманы – бул фанаттар, эки жүздүүлөр, дарвинисттер, материалисттер, коммунисттер жана фашисттер

Аялдарга экинчи сорт адам мамилесин кылуу, ар бир мүмкүнчүлүктө аларды басмырлоо, аялдын немат катары баркын билбөө, кыскасы аялдарды жек көрүү – негизи дарвинисттердин, материалисттердин, коммунисттердин, фашисттердин жана фанаттардын өзгөчөлүгү. Мындай кишилер эч бир сулуулуктан ырахат албайт; искусстводон, сулуулуктан, сонун жыттан, жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн, музыкадан түшүнбөйт; жана бир немат-жакшылык катары жаратылган аялдын баркын да билишпейт. Өздөрү да руханий жактан бейпил болбогондуктан, жана тазалык менен сулуулуктан ырахат албаган бир жашоодо жашашкандыктан, сулуулуктарды да байкашпайт. Жашоолорунда ырахат эмес, азап бар, ушул себептен немат-жакшылыктарды жаман көрүшөт.
Фанатизмде аялды эң көп басмырлаган, аялга эң көп экинчи сорт адам мамилесин кылган адам өрнөк адам деп көрсөтүлөт. Бул үч диндин фанаттарына тең тиешелүү. Бирок Ислам атын жамынып чыккан фанаттар Куранга толугу менен карама-каршы келишип, Куран аяттарында жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын жашоосунда болбогон бир балээнин ичинде жашашууда. Ислам менен эмес, ойдон чыгарылган кошумчалардан турган негизсиз бир дин менен жашаган ал адамдардын көз-караштарын Исламга жүктөөнүн эч кандай мааниси жок.
Аялдар жөнүндөгү мындай туура эмес логика, албетте, түпкүрүндө атеизмдин булагы болгон дарвинизмден келип чыккан. Дарвин аялдарды төмөн көргөн көз-карашын апачык айтуудан тартынган эмес. Адамдын келип чыгышы аттуу китебинде аялдардын ой жүгүртүү, ылдам түшүнүү жана тууроодо «төмөнкү расалардын өзгөчөлүктөрүнө ээ экенин» жана ушул себептен «эскирээк жана төмөнкү бир маданият деңгээлине ээ экенин» (John R. Durant, "The Ascent of Nature in Darwin's Descent of Man" in The Darwinian Heritage, Ed. by David Kohn, (Princeton, NJ: Princeton University Press, 1985), 295-б.) жазган. Аялдарды өз ойлорунда эволюциялашып жаткан, өнүкпөгөн бир раса катары көргөн бул көз-караштын кандай үрөй учурарлык бир жашоо формасы экени заматта көрүнөт. Ушунчалык фанаттык көз-карашта болгон Дарвин аялдын үйлөнүүдөгү ролун төмөнкү тантык сөздөрү менен сүрөттөгөн:
«... ойной турган бир буюм – кандай болсо да бир иттен жакшыраак.» (Charles Darwin, The Autobiography of Charles Darwin 1809-1882 (Edited by Nora Barlow), W. W. Norton & Company Inc., New York, 1958, б. 232-233)
Дарвиндин мындай үрөй учурарлык көз-карашын уланткандар фанаттар, эки жүздүүлөр, коммунисттер, фашисттер жана атеисттер болгон. Караңгы жана фанат дарвинисттик көз-караштын бүт жактоочулары аялга карата мындай көз-карашты улантышууда. Коммунисттик коомдордун баары ушундай көз-карашта. Ислам атынан чыккан кээ бир дарвинист аалымдардын баары ушундай көз-карашта. Кыз төрөлөөр замат өлтүргөн, кыздуу болдум деп өзүн басмырлангандай көргөндөр да фанаттар. Куран дайыма аялды жактап, аялдын корголушуна басым жасаса; фанаттарда, эки жүздүүлөрдө жана дарвинисттерде бүт система эркекти коргоого жана аялды басынтууга багытталган. Ошондуктан аялды төмөн көргөн мындай бузуку көз-караш Исламдын эмес, Дарвиндин жана радикализмдин көз-карашы.
Учурда Ислам ахлагы талап кылынгандай орнобогон бүт коомдордо аялга экинчи сорт адамдай мамиле кылынууда. Аялды эң көп кадырлаган болсо – Ислам ахлагы жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын сүннөтү толук орногон чын ыкластуу Мусулмандардан турган коомдор. Ошондуктан жүзү кара, динсиз жана Куран менен эмес ойдон чыгарылган кошумчалар менен жашаган коомдордун терс түшүнүктөрүн Исламдан келип чыккандай көрсөтүүгө аракеттенген адамдар өтө жаңылышышат. Аял эң жогору тутулган, бүт укуктары менен жашоосу коргоого алынган, керектүү деңгээлде кадырланган жалгыз дин – бул Ислам.

Тоорот менен Инжилдеги аялдар жөнүндө айтылган терс сөздөргө мисалдар

Ислам дининин аялга болгон көз-карашы жөнүндөгү туура эмес маалыматтар өзгөчө акыркы убактарда кээ бир Христиан топтор тарабынан көп айтылууда. Чындыгында болсо, жогоруда терең баян кылынгандай, Курандын аялдарга болгон көз-карашы сүйүү, боорукердик, мээрим жана адилеттикке таянат.
Исламды ушундайча сындаган кээ бир Христиан топтордун бул темада эмне үчүн Тоорот менен Инжилдеги кээ бир сөздөргө эч көңүл бурбашы күмөн жаратат. Тоорот менен Инжилди караганыбызда, аялдарга карата өтө маанилүү сөздөрдүн бар экенин көрөбүз.
Мисалы, Христиандар да Ыйык Мыйзам деп санаган, биз да жооптуубуз деп ойлогон жана өз китебибиз деп кабыл алган Тооротто зина (никесиз байланыш) кылган бир аялдын жазасы – ташбараң кылып өлтүрүлүү. Бир катар Ислам өлкөлөрүнүн кылгандарынын тескерисинче, ташбараң кылып адам өлтүрүү Куранда эч бир жерде жок. Бирок Тооротто бар. Бул жөнүндөгү тексттер мындай:
Эгер бир адам башка бирөөнүн аялы менен жатканда кармалса, аял менен жаткан адам да, аял да, экөөсү тең өлтүрүлөт. Израилден жамандыкты жок кыласыңар. (Мыйзамды кайталоо 22:22)
Эгер бир адам шаарда башка бирөө менен убадалашып койгон бир кызга жолугуп, аны менен жатса, экөөсүн тең шаардын эшигине алпарып, ташбараң кылып өлтүрөсүңөр. (Мыйзамды кайталоо 22:23)
Эгер анын айтканы чындык болуп, кыздын кыздыгына бир далил табыла албаса, кызды атасынын үйүнүн эшигине алып барышсын. Шаар калкы кызды таш бараң кылып өлтүрөт. (Мыйзамды кайталоо 22:20)
Бирөө башка бирөөнүн аялы менен, б.а. коңшусунун аялы менен ойноштук кылса, ал да, ойноштук кылган аял да сөзсүз өлтүрүлөт. (Лебилер 20: 10)
Атасынын аялы менен жаткан атасынын намысына доо кетирген болот. Экөө тең сөзсүз өлтүрүлөт. Өлүмгө татыктуу болушат. (Лебилер 20: 11)
Бир адам келини менен жатса, экөө тең сөзсүз өлтүрүлөт. Уятсыздык кылып, өлүмгө татыктуу болгон болот. (Лебилер 20: 12)
Бир адам бир кыз менен да, кыздын апасы менен да үйлөнгөн болсо, начар иш кылган болот. Араңарда мындай начар иштер болбосун үчүн үчөөсүн тең өрттөгүлө. (Лебилер 20: 14)
Куранда болсо кандайдыр бирөөнү ойноштук (никесиз байланыш) менен айыптаган кишинин ошол учурда окуяны өз көзү менен көргөн 4 күбө алып келиши шарт. Ошол 4 күбө болгондо гана жана күбөлөр окуя болуп жаткан жерде ойноштукка өз көздөрү менен күбө болушканда гана бир адам ойноштук кылды деген анык өкүм чыгарылат.
Өкүм коюлган соң жаза болсо жүз балак уруу гана (Нур Сүрөсү, 2-8). Бул жердеги жаза өкүмүнүн коркутуу максатында коюлганы анык. Себеби бир кишини ойноштук кылып жатканда дал ошол учурда ачык көрө турган 4 кишинин болушу иш жүзүндө дээрлик мүмкүн эмес.
4 күбө алып келинбегенде болсо мындай айыптоонун толугу менен четке кагылаары аяттарда билдирилет:
Бир күйөө аялына ойноштук айыбын жапканда жана күбө алып келбегенде болсо аялдын Аллахтын атына беш жолу ант ичиши анын үстүндөгү бул айыптоону бүтүндөй алып салат. (Нур Сүрөсү, 8-9)
Тооротто болсо ойноштуктун жазасы – «ташбараң кылып өлтүрүү». Болгондо да күбө алып келүү мажбурлугу да жок. Жазанын ишке ашышы үчүн айтып койуу эле жетиштүү. Кээ бир Христиандар Исламга бул темада сын-пикир айтышып, бирок Тоороттогу бул өкүм жөнүндө эч нерсе айтышпайт. Мынчалык оор жана апачык бир өкүм кааласа бүт Иудейлерге жана Христиандарга жүктөлүшү мүмкүн. Булар Иудейлер менен Христиандар жөнүндө өтө кызыктай пикирлердин пайда болушуна жол ачышы мүмкүн. Бирок Мусулмандар бул жердеги өкүмдү коркутуу максатында коюлган, иш жүзүндө жасалбайт, убакыт ичинде өзгөртүлгөн деп өкүм кылышат жана Иудей менен Христиандарга болгон көз-карашы да ушуга жараша болот.
Буга дагы бир мисал курчалган шаарлардагы туткун аялдар менен байланыштуу. Куранда эркек болсун, аял болсун бүт туткундар корголуп, согуштун аягында койо берүү буйрук кылынган. Бирок Тооротто болсо курчалган бир шаардагы аялдар менен жаш балдар «душман мүлкү» жана «талап-тоноого болот»:
Бирок тынчтык сунушуңардан баш тартып, силер менен согушкулары келсе, шаарды курчагыла. Теңириңер КУДАЙ өз колуңарга тапшырганда ал жерде жашаган бүт эркектерди кылычтагыла. Аялдарды, жаш балдарды, жаныбарларды жана шаардагы бүт нерсени талап-тоносоңор болот. Теңириңер КУДАЙ силерге берген душман мүлкүн колдоно берсеңер болот. (Мыйзамды кайталоо 20: 12-14)
Ал тургай, курчалган бир шаардагы аялдар, ал тургай жаш балдар, ал тургай, наристелер да ӨЛТҮРҮЛҮШҮ КЕРЕК:
«Бул аялдар Балам берген кеңешти угуп Пеор окуясында израилдиктердин КУДАЙга кыянат кылышына себеп болушту. Ушул себептен КУДАЙдын коому арасында өлүмгө алып барчу оору жайылды. Эми бүт эркек жаш балдарды жана эркек менен жаткан аялдарды өлтүргүлө. Эркек менен жатпаган жаш кыздарды гана өзүңөр үчүн аман алып калгыла. (Мыйзамды кайталоо 20: 16-18)
Муса согуштан кайткан аскер башчыларына –миңбашыларга, жүзбашыларга- ачууланды. Аларга «Бүт аялдарды аман калтырдыңарбы?» деди... (Сандар 31: 14-15)
«Өкүмдар КУДАЙ мындай дейт: Алардын үрөйүн учура турган, мал-мүлктөрүн талай турган бир топту жөнөтөм аларга. Аларды ташбараң кылып, кылычтары менен кесишет; балдарын, кыздарып өлтүрүп, үйлөрүн өрттөшөт.» (Жезекиел 23: 46-47)
Эркектер менен аялдарды, жаш балдар менен улгайгандарды, уландар менен жаш кыздарды, чабан менен малдарын, дыйкан менен өгүздөрүн, шаар жана дубан башчылары менен жардамчыларын өлтүрөм. (Жеремия, 51: 22-23)
Кармалгандын денеси жебеге сайылат, колго түшкөн кылычтан өлөт. Балдары көз алдында өлтүрүлөт. Үйлөрү таланат, аялдарынын абийири тебеленет... Октору менен жаш балдарды өлтүрүп, наристелерди аябайт, жаш балдарды аяшпайт. (Ышайа 13: 15-18)
Беркилерге «Шаарды кыдыргыла жана эч кимди аябастан, эч кимге боор оорубастан өлтүргүлө» дегениңди уктум. «Улгайганды, жашты, жаш кызды, аялды, жаш балдарды өлтүргүлө...» (Жезекиел, 13: 5-6)
Эми бар да, амалыктыктарды талкала, анын эмнеси бар болсо, ошонусунун баарын жок кыл. Аны аяба, эркегинен аялына чейин, өспүрүмүнөн эмчектеги баласына чейин, өгүзүнөн коюна чейин, төөсүнөн эшегине чейин кырып сал. (Биринчи Шемуел, 15: 3)
Кешпон падышасы Сихондун бүт шаарларын талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып салгандай, аларды да талкалап, элин кырып салдык. (Мыйзамды кайталоо, 3: 6)
Теңирибиз КУДАЙ аны колубузга тапшырды. Аны, балдарын жана бүт элин жок кылдык. Бүт шаарларын караттык, баарын жок кылдык. Аял, эркек, жаш бала, эч кимди соо калтырбадык. (Мыйзамды кайталоо, 2: 33-34)
Согушкан бир шаардагы аял-жаш бала эч кимдин аман калтырылбашы керек экени да Тоороттогу өкүмдөрдүн бири:
Ал элдерге караштуу эмес, сенден өтө алыс жайгашкан шаарларды да так ушундай кыл. Ал эми Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан мына бул элдердин шаарларында жашаган адамдардын бирин да тирүү калтырба. Кудай-Теңириң буйругандай, хеттиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды толугу менен кырып сал. (Мыйзамды кайталоо 20: 15-17)
Исламда уурулукка каршы, аятта апачык билдирилгендей, «кайталанышын алдын алуучу бир жаза катары» кол кесүү жазасы бар. Бирок кылган кылмышынан улам бир киши тообо кылса анда жазаланбайт (Маида Сүрөсү, 38-39). Мындай бир жазага туш болоорун билип туруп эч ким тообо кылып кечирим суроо нематынан, албетте, баш тартпайт. Ошондуктан бул жердеги өкүмдүн иш жүзүндө колдонулбай турган, кишилерди коркутуу үчүн гана экени анык.
Мусулмандарды бул өкүмдөн улам сындаган Христиандар бул темада негизи Тооротту кароолору зарыл. Тооротто өтө кызыктай себептер менен кол кесүү жазасы бар, болгондо да бул анык өкүм катары ишке ашырылат жана кылмыш кылган адамды айоо жок:
«Эгер эки адам урушуп, бирөөсүнүн аялы күйөөсүн ургандын колунан куткаруу үчүн келип колун созуп, берки кишинин эркектин органын кармаса, аялдын колун кесесиңер; аны аябайсыңар. (Мыйзамды кайталоо 22: 11-12)
Аялдар жөнүндө Тоороттогу кызыктай иштердин бирөөсү болсо төмөнкүдөй:
Бир аял жыныстык байланыш түзүү максатында бир жаныбарга жакындаса, аялды да жаныбарды да сөзсүз өлтүрөсүңөр. Өлүмгө татыктуу болушкан болот. (Лебилер, 20: 16)



Мындай абал Инжилге да тиешелүү. Кээ бир Христиандар Мусулмандарды аялды экинчи сорт адамдай көрөсүңөр деп айыпташат. Бирок Инжилди караганда аялдын экинчи сорт адам кейпине салынганы жана эркектин болсо ага башчы кылып жаратылганы жөнүндө баяндарды көрөбүз. Инжилдеги бул жөнүндөгү сөздөр төмөнкүдөй:
...Месих ... чиркөөнүн башы болгон сыяктуу, эркек да аялдын башы. (Эфестиктерге кат 5:23)
Аялдар чогулуштарыңарда унчугушпасын. Сүйлөшүнө уруксат жок. Ыйык Мыйзам да айткандай, тил алчаак болушсун. Үйрөнгүлөрү келген бир нерсе бар болсо, үйдө күйөөлөрүнөн сурашсын. Себеби аялдын чогулуш убагында сүйлөшү уят. (Корунттуктарга биринчи кат, 14: 34-35)
Аялдын үйрөтүшүнө, эркекке башчы болушуна уруксат бербейм; унчукпасын. Себеби алгач Адам, анан Обо жаратылган; алданган да Адам эмес эле, аялы алданып күнөө кылган. (Тиметейге биринчи кат, 2:12-14)
Эркек аял үчүн эмес, аял эркек үчүн жаратылган. (Корунттуктарга биринчи кат, 11: 9)
Көрүнүп тургандай, Христиандыкта жана Иудейликте аялдарды төмөн көрүү жөнүндө өтө оор сөздөр турганда, кээ бир кишилердин ал сөздөрдү көрмөксөн болуп Исламды жамандаганга аракет кылышы түшүнүксүз. Ал кишилердин Куранда ансыз да жок болгон өкүмдөрдөн улам Исламды өз ойлорунда сындашы эч түшүнүксүз. Мусулмандар Христиан менен Иудейлер жөнүндө мындай көз-карашта болбогон сыяктуу, Иудейлер менен Христиандар арасында да аялдарды басмырлаган фанаттар бар экенин билип, муну эч качан бул эки диндин чыныгысына жүктөбөгөн сыяктуу; Христиандар да –Куранда болбогон ойдон чыгарылган кошумчаларды жана аларды жасаган фанаттарды далил көрсөтүп- Ислам жөнүндө туура эмес көз-карашта болбошу зарыл.

Куранда аялдын укуктары дайыма корголгон


Аллах адамдар арасында бейпилдик менен адилеттикти камсыздашы үчүн билдирген Куран ахлагы аркылуу аялдын коом жашоосундагы да, үй-бүлө жашоосундагы да бүт укуктары коргоого алынган. Албетте, бул аялдар үчүн өтө чоң бир мээрим, чоң бир жеңилдик жана жакшылык. Аллах билдирген ахлакка моюн сунулганда, аялдар эч кыйын абалда калбайт, келечеги жана бейпилдиги кепилдикке алынат.
Төмөндө Аллах Куран аяттары менен билдирген аялды жана анын коомдук укуктарын кепилдикке алган аяттардын кээ бирлерине токтолуп, Ислам ахлагында аялдын канчалык баркталаарын жана канчалык бапестелээрин көрсөтөбүз.
 
Ажырашканда аялдардын көңүлүнүн алынышы жана ыраазы кылынышы
Ажырашуу напсилеринин каалоосуна карап жашаган кээ бир адамдар үчүн экинчи тарап менен болгон бүт кызыкчылык байланыштарын үзүү маанисине келет. Мындай кишилер кызыкчылык байланыштары бүткөн жерде берки тарапты бапестеп, ага көңүл буруунун кажети жок деп ойлойт. Көбүнчө ажырашкан адамына болгон бүт сүйүү жана сыйлоо сезимдерин да жоготкондуктан өз кызыкчылыктарын гана көздөп, анын оор, муктаж абалда калышын көрмөксөн болуп коюшу мүмкүн. Улуу Раббибиз Куранда болсо ажырашкан соң аялдарга боорукердик жана мээрим менен, жакшы мамиле кылуу керек экенин мындайча сүрөттөгөн:
Аялдарды ажырашканда, күтүү мөөнөтүн аяктаган болсо, аларды же жакшы мамиле кылып алып калгыла же жакшы мамиле менен жибергиле...» (Бакара Сүрөсү, 231)
Эй ыйман кылгандар, ыймандуу аялдарды никелеп, анан аларга тийбестен ажырашсаңар, анда силер үчүн санай турган бир иддет (күтүү убактысы) жок. Анан (ылдам) аларды пайдаландыргыла (аларга жете турган көлөмдө бергиле) жана жакшы мамиле менен аларды жибергиле. (Ахзаб Сүрөсү, 49)
Ажырашуу учурунда жана ажырашкан соң эркектин аялга көрсөтүшү керек болгон сый-урмат, сылык мамиле, мээрим жана боорукердик – Курандын буйругу. Мындай адеп-ахлак Куран менен гана болот. Аялга эң чоң маанинин Исламда гана берилээри анык. Муну көрүү үчүн ойлорунан кошумчаларды чыгаргандардын калптарына эмес, Куран аяттарына жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын кылгандарына караш керек.
 
Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
Исламда ажырашкан соң аялдын материалдык мааниде келечегинин кепилдикке алынышы буйрулган. Ажырашкан бир аялдын ээнбаш, коргоосуз, материалдык жактан таянычсыз ташталышына Куранда тыюу салынган. Эгер бир киши чындап Куранга моюн сунган чын ыкластуу бир ыймандуу болсо, Аллах Куранда билдирген бул өкүмдөргө да толук моюн сунууга милдеттүү. Мындай адам муну Аллах сүйүүсү менен жакшылап жана чын ниеттен каалап аткарат.
Куранда ажырашкан бир аялдын материалдык кепилдикке алынышын шарт кылган аяттар төмөнкүдөй:
(Күйөөсү тарабынан) Ажырашкан (аял)дардын жакшы (шариятка ылайык) пайдалануу (жана күнүн өткөрүү)лөрү бар. Бул (Аллахтан коркуп) тартынгандарга бир акы (милдет). (Бакара Сүрөсү, 241)
... Аларды пайдаланткыла, бай адам өз күчүнө, жакыр адам да өз күчүнө жараша жакшы (шариятка жана салтка ылайык) абалда пайдалантсын. (Бул) жакшылык кылуучулардын мойнундагы бир акы (милдет). (Бакара Сүрөсү, 236)
Мүмкүнчүлүгү көп адам төлөмдү (алиментти) кеңири мүмкүнчүлүгүнө жараша берсин. Ырыскысы чектүү киши болсо Аллахтын ага бергенине жараша берсин. Аллах эч бир жанга ага бергенинен ашыкча жоопкерчилик жүктөбөйт. Аллах бир кыйынчылыктын артынан бир жеңилдик жасап-берет. (Талак Сүрөсү, 7)
Аяттардан көрүнүп тургандай, бай адам да, жакыр адам да ажырашкан аялын коргоого милдеттүү кылынган. Өмүр бою ал кишини көрбөй турган, материалдык жана моралдык эч кандай кызыкчылык албай турган болсо да, ажырашкан аялын материалдык жактан коргоого жана ага сыпайы мамиле кылууга милдеттүү. Улуу Аллах муну сөзсүз чын көңүлдөн, каалап кылуу керек экенин аяттарында белгилеген:
«Аялдарга мехирлерин (калың) чын көңүлдөн каалап (жана бир акысы катары) бергиле, бирок алар өз көңүлүнөн силерге андан бир нерсени кечсе, аны бейпил көңүл менен жегиле.» (Ниса Сүрөсү, 4)
 
Аялдарга берилген мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
Улуу Раббибиз аяттарында ажырашканда эркектин чогуу жашаган кезде аялына берген эч нерсени кайра албашы керек экенин билдирген:
«Бир аялды койо берип ордуна башка бирөөгө үйлөнгүңөр келсе, алардын бирөөсүнө (мурдакыга) өтө көп (мал-мүлк жана акча) берген болсоңор да, андан эч нерсе албагыла. Ага доомат кылып жана апачык бир күнөөгө кирип бергениңерди аласыңарбы? Аны кантип аласыңар, бир-бириңерге кошулган (кошулуп жакын болгон) элеңер. Алар силерден анык бир кепилдик (күчтүү бир убада) да алышкан эле.» (Ниса Сүрөсү, 20-21)
... Аларга (аялдарга) берген бир нерсеңерди кайра алышыңар силерге адал эмес... (Бакара Сүрөсү, 229)
Аллах аяттарда эркекке үйлөнгөндө аялга бир сөз жана кепилдик берилгенин эске салууда. Бул убада себебинен аялга «өтө көп мал-мүлк жана акча» берилген болсо да, баары бир аларды кайра алуу талабын койбоону билдирген. Ыймандуу, Аллахтан корккон жана ар бир ишти Аллахтын ыраазылыгына жетүү үмүтү менен кылган бир адам убаданын Аллахка берилгенин билет. Мындан улам бул жоопкерчилигин эң сонун орундатат. Бул – учурда дээрлик дүйнөнүн эч бир жеринде кездешпеген жогорку бир адеп-ахлак. Курандын тереңдигин, сүйүү жана боорукердик түшүнүгүн түшүнө албаган фанаттардын жана аларды Исламдын чыныгы өкүлдөрү катары көрүп жаңылгандардын эң чоң жаңылыштыктарынын бири мына ушул. Аялга ал татыктуу болгон кадыр-барк Куранда гана берилет.
Кээ бир Христиандар бул буйруктар эмне үчүн азыр Ислам өлкөлөрүндө аткарылбайт дешип, буга күмөн менен карашат. Мунун себеби – албетте, учурда Ислам өлкөлөрүндө чыныгы Куран ахлагынын аткарылбашы, жана көп өлкөлөрдө фанаттар чыгарган калптардын өкүм сүрүшү. Толугу менен Куранга ылайык жашаган бир Мусулман, албетте, Аллахтын бул буйруктарын чын көңүлдөн, кубануу менен орундатат.
 
Ажырашкан соң аялдардын жашай турган орун менен камсыз кылынышы
Куран аяттары боюнча, эркек ажырашкан соң да аялдын бейпилдигин жана коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү кылынган. Ажырашканга чейин материалдык-моралдык ар кандай муктаждыгын күйөөсүнүн же үй-бүлөнүн шарттары менен камсыздаган аял ажырашкан соң көп кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Ыймандуунун адеп-ахлагы мындай абалда кишинин болушунча түшүнүктүү болушун жана берки адамдын муктаждыктарын өз муктаждыгындай көрүп, кылдат ойлонуп көмөкчү болууга аракет кылышын талап кылат. Мына ушул себептен Раббибиз өзгөчө ажырашуу сыяктуу аял кыйын абалда кала турган абалдар үчүн алынышы керек болгон чараларды, кылынышы керек болгондорду, көрсөтүү керек болгон сонун адеп-ахлак өзгөчөлүктөрүн аяттары аркылуу белгилеген. Улуу Аллах ажырашкан соң аял оор абалда калбашы жана жетиштүү деңгээлде корголушу үчүн эркекке аны жакын жерде кармашын кеңеш кылат. Ал тургай, бул бир коркунуч учурунда көз кулак боло тургандай болушу керек экени аятта билдирилет. Ажырашкан соң өзүнө жашай турган ылайыктуу бир орун тапканга чейин аялга мүмкүнчүлүк түзүп берүү, ага кандайдыр бир зыян тийишине жол бербөө – ыймандуу адам үчүн абийирдик жактан маанилүү бир жоопкерчилик:
«(Ажырашкан) Аялыңарды күчүңөргө жараша жашап жаткан үйүңөрдүн бир тарабына жашаткыла, аларды «кыйынчылык жана азапка салуу максатында» зыян тийгизбегиле. Эгер алар кош бойлуу болгон болсо, жүктөрүн таштаганга (төрөгөнгө) чейин аларга төлөм (алимент) бергиле. Эгер силер үчүн (баланы) эмизсе, аларга акыларын төлөгүлө. (Абал жана мамилеңерди) Өз араңарда жакшы (Исламга ылайык) отуруп-сүйлөшкүлө. Эгер кыйынчылыкка түшсөңөр, анда (баланы) ал (атасы) үчүн башка бирөө эмизсе болот.» (Талак Сүрөсү, 6)
Бул жерде маанилүү болгону үчүн дагы бир жолу айтып кетүү керек: аяттарда айтылган мындай коргоо чаралары, албетте, аял өзүн бага албаганчалык алсыз деген мааниге келбейт. Бул – кээ бир стереотиптүү кишилердин Ислам динин сындоо максатында чыгарган тантырак пикирлери. Аяттарда жогорку бир адеп-ахлактан сөз кылынууда. Бул жерде сылык-сыпайы бир адеп-ахлак, аялды бийик тутуу жана барктоо жөнүндө сөз болуп жатат. Аялды колдоо, анын өтө барктуу жана баалуу экенин ага сездирүү. Аллахтын аялга берген маанисин жана боорукердикти иш жүзүндө көрсөтүү.
 

Аялдарга мажбурлуу мураскор болбоо
Куранда аялдын корголушу менен байланыштуу жоопкерчиликтердин бири – бул аялдарга мажбурлуу мураскор болбоо. Аллах аятында мындай дейт:
«Эй ыйман кылгандар, аялдарга мажбурлуу мураскор болууга аракет кылышыңар адал болбойт. Апачык «жаман бир уятсыздык» кылбаса, аларга бергендериңердин бир бөлүгүн кетирүү (кайра алуу) үчүн аларга кысымчылык кылышыңар да (адал эмес.) Алар менен жакшы мамиледе болгула...» (Ниса Сүрөсү, 19)
Аллах бул аят менен болсо аялга кысымчылык кылуудан жана материалдык жактан аны кыйын абалга сала турган бир иштен тоскон.
 
Эненин баркталышы
Энелик даражасы Куранда макталган. Эне-атаны урматтоо, аларга жакшы мамиле кылуу, аларды дайыма, улгайганда да коргоп-колдоо Куранда өзгөчө салих (чын ыкластуу) ыймандуулардын мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликтер жана бул жөнүндө өтө көп аят бар. Бул аяттардын кээ бирлери мындай:
Биз адамга апасы менен атасына (карата) жакшылыкты (эреже тутушун) кеңеш кылдык... (Анкебут Сүрөсү, 8)
Куранда ата-энеге урмат көрсөтүп, жакшылык кылуу Мусулмандарга кеңеш кылынган. Бирок эне өзгөчө бааланат. Аллах аяттарында төмөнкүчө билдирген:
Биз адамга апасы менен атасын (аларга жакшы мамиле кылууну) кеңеш кылдык. Апасы аны кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен (курсагында) көтөргөн. Анын (сүттөн) чыгышы эки жыл ичинде. «Мага да, апаң менен атаңа да шүгүр кыл, Мага гана кайтасыңар.» (Локман Сүрөсү, 14)
Биз адамга ата-энеңе жакшы мамиле кыл деп кеңеш бердик. Энеси аны кыйналып көтөрүп жүрдү жана аны кыйынчылык менен төрөдү. Анын (кош бойлуу кезде) көтөрүп жүрүлүшү менен сүттөн чыгышы отуз ай. Анан күчтүү (жетилген) убакка жетип кырк жыл (жаш)ка жеткенде: «Раббим, мага, эне жана атама берген нематка шүгүр кылышымды жана Сен ыраазы боло турган салих бир ишти кылышымды мага илхам кыл; мен үчүн салих (ыкластуу) урпактар бер. Чындап мен тообо кылып Сага бурулдум жана чындап мен Мусулмандарданмын» деди. (Ахкаф Сүрөсү, 15)
Чындап эле ар бир эне баласын дүйнөгө алып келүү үчүн көп ай бою өтө көп машакат тартат. Аллах аятта билдиргендей, кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен наристесин курсагында көтөрүп, андан соң аны кыйынчылык менен дүйнөгө алып келет. Жана анан өтө кыйналып баласынын бейпилдигин камсыз кылып, аны карайт. Ал тургай, буларды кылып жатканда эч кандай бир кызыкчылык күтпөйт, тескерисинче өз муктаждыктарын экинчи планга койот. Аллах бул чындыктарды биздин эсибизге салып, энелерибиздин өтө баалуу экенине көңүл бурууда.
Куранда аялдын бааланып-баркталышы ушунчалык анык өкүмдөр менен баяндалып, аял бүт тараптан корголгон, бирок кээ бир Христиандар өз ойлорунда Исламда аял басмырланган дешип, Куран Мусулмандарына каршы динге кошумча жасагандарды далил көрсөтүшүп, сындоого аракет кылышууда. Бул кишилер аяттарды жакшылап окуп, адилеттүү ойлонушу керек. Мындан тышкары, бул кишилердин Тоорот менен Инжилде орун алган аялдарга карата айтылган кээ бир сөздөрдү карабастан, Куранды сындоого аракет кылып өжөрлөнүшү да өтө таң калыштуу.

Исламда эркектер аялдардын башчысы эмес, коргоп-колдоочусу

Учурда бир катар чөйрөлөр, өзгөчө кээ бир Христиандар Ислам булактарында «эркектин аялга өкүмдарлыгы» сүрөттөлөт дешет жана кээ бир фанаттардын аялдарга болгон туура эмес иштерин ал пикирлерине негиз көрсөтүшөт. Мындай туура эмес көз-карашына өз ойлорунда далил катары көрсөткөн аят болсо төмөнкүдөй:
Аллахтын кээ бирин кээ бирине жогору кылышы жана алардын өз мал-мүлктөрүнөн каржашы себебинен эркектер аялдарга «жооптуу коргоочу»... (Ниса Сүрөсү, 34)
Бул аяттагы «каввам» сөзүнүн арап тилиндеги мааниси «коргоочу, колдоочу» дегенди билдирет. Ошондуктан аяттагы баян жогорудагы биздин түшүндүрмөлөрүбүзгө толук дал келет. Аллах эркекти кыйынчылыктардан аялды коргоого жана аны колдоого милдеттүү кылган. Бул, жогоруда да айтып кеткендей, аялдын алсыздыгы же коргоого муктаж болушу себептүү эмес, баалуу бир немат-жакшылык болушу себептүү. Адамдардын кээ бирлеринин кээ бирлеринен өйдө кылынышы сөзү аркылуу эркек менен аялдын табиятындагы айырмачылыкка басым жасалганы анык. Аял менен эркек, албетте, дене түзүлүшү жагынан бир-биринен айырмалуу. Бирок аялдын кара күч жагынан эркекке караганда күчсүзүрөөк болушу анын коом ичинде эркектен азыраак баркталышына себеп боло албайт. Албетте, күч-кубат жагынан жогорку өзгөчөлүктөрдөгү аялдар да бар. Бирок жалпысынан эркектердин оор иштерди кылууга дене түзүлүшү жагынан ыңгайлуураак экени анык. Бирок табиятындагы мындай физикалык айырмачылык эч качан адеп-ахлактык, акылдык же руханий бир өйдөлүктүн ишараты эмес, тескерисинче эркектин коргоочу сыпатын орундатышы үчүн керектүү.
Куранда эркектин аялдын башчысы экени жөнүндө эч кандай өкүм жок. Куран боюнча эркек да аялды, аял да эркекти башкара албайт. Экөөсү тең бир-бирин толуктоо үчүн Аллах алдында бирдей укук жана милдеттер менен жаратылган. Аялдын эркек тарабынан «корголуп, колдоо көрүшү» - Аллахтын аялды баркташынан улам.
 
Жогорулук такыбага жараша болот, жыныска жараша эмес
Аллах Куран аяттары менен аялдарга бир жакшылык-немат катары аларды коргоого алган, бирок ошону менен бирге Исламга кызмат кылууда Мусулман эркек менен Мусулман аялды тең туткан. Экөөсү тең Аллахка ибадат кылууга, Куран ахлагын жашоого, адамдарды жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайратууга жана Куранда билдирилген бүт буйрук менен кеңештерге моюн сунууга милдеттүү. Аллах Курандын «Эй ыйман кылгандар, Аллахтан коркуп-тартынсаңар, силерге туураны туура эместен айырмалоочу бир нур жана түшүнүк (фуркан) берет, жамандыктарыңарды жашырат жана силерди кечирет. Аллах өтө берешен.» (Энфал Сүрөсү, 29) аятында Аллахтан коркуп-тартынган ар бир адамга «туура туура эместен айырмалоочу бир нур менен түшүнүк» берээрин убада кылган. Адам аял болсо да, эркек болсо да баары бир. Чын ниетине, ыкласына жана ыйманына ылайык Аллах бир адамга өмүрүнүн бүт тармагында аны туура жолго жеткире турган, туура чечимдерди алышына жана жакшы иштерди кылышына шарт түзө турган бир акыл берет. Ошондуктан акыл адамдын жынысына жараша эмес, толугу менен Аллахка болгон чын ниеттүү жакындыгына жана коркуусуна жараша өсөт.
Аллах атынан атеист агымдарга каршы илимий күрөш жүргүзгөн эркек менен аял Мусулмандар арасында болсо жогорулуктун жалгыз критерийи – бул такыбалык (Аллахтан коркуу). Раббибиз бир аятта мындай дейт:
“Эй адамдар, чындап, Биз силерди бир эркек менен бир аялдан жараттык жана бир-бириңер менен таанышышыңар үчүн силерди элдер менен уруулар (абалында) кылдык. Күмөнсүз, Аллах Кабатында эң жогоркуңар – бул (улут же ата-баба жагынан эмес) такыбалык жагынан эң алдыңкыңар. Күмөнсүз, Аллах билүүчү, кабар алуучу.” (Хужурат Сүрөсү, 13)
Бул аят жогоруда сүрөттөлгөн фанаттарга да эң сонун жооп болот. Өз ойлорунда Куранды далил көрсөтүп эркектерди аялдардан өйдө көргөндөр калп айтышууда. Ойдон чыгарган жалгандары менен адамдарды алдаганга аракет кылышууда. Куран аяттарын жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын өмүрүн карап чыгуу фанаттардын аялдарга болгон көз-карашынын чыныгы Ислам дини менен эч кандай байланышы жок экенин түшүнүүгө жетиштүү болот.
Улуу Аллах көп аятында «ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардан» сөз кылат. Куранда аял менен эркек бир-биринен бөлүнүп каралган эмес. Аллах ыймандуулардан сөз кылып жатканда, алардын эркек же аял болушуна эмес, чын ыкластуу иштерди кылган кишилер болушуна көңүл бурат. Курандагы жогорулук айырмалоосу аял менен эркек арасында эмес, чын ыкластуу иштерди кылган ыймандуулар менен мушрик жана мүнафыктар (эки жүздүүлөр) арасында жасалган. Ыйман ага тартуу кылган акыл менен жашаган ар бир адам, аял болсун эркек болсун, жашоого байланыштуу ар тармакта ийгиликке жете алат, көп адамдын алдына озушу да мүмкүн. Бул толугу менен кишинин каалоосунан, чечкиндүүлүгүнөн көз-каранды. Ыймандуулар Ислам ахлагынын бир талабы катары өздөрүн эч качан эч кайсы багытта жетиштүү көрүшпөйт. Дайыма андан да акылдуураак, жөндөмдүүрөөк, жоопкерчиликтүүрөөк, жакшыраак мүнөздүү адам боло алуу үчүн аракеттенишет.
Улуу Аллах Мусулмандар арасында эркек же аял арасында айырма жок экенин, араларындагы жогорулуктун ыйманга, чын ниеттүүлүккө, ыкласка, Аллах коркуусуна, б.а. такыбалыкка жараша аныкталаарын аяттарында кабар берген:
Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар бири-биринин досу. Жакшылыктарга буйуруп, жамандыктардан кайтарышат, намазды туптуура кылышат, зекетти беришет жана Аллахка жана Анын Элчисине моюн сунушат. Аллах мына ушуларга ырайымын жаадырат. Шек жок, Аллах күч-кудуреттүү, даанышман, өкүмдар. Аллах ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга ичинде түбөлүк кала турган, астынан суулар аккан бейиштерди жана Адн бейиштеринде сонун үйлөрдү убада кылган. Аллахтан болгон ыраазылык болсо эң бийик. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 71-72)
Күмөнсүз, Мусулман эркектер жана Мусулман аялдар, ыймандуу эркектер жана ыймандуу аялдар, чын көңүлдөн (Аллахка) баш ийген эркектер жана чын көңүлдөн (Аллахка) баш ийген аялдар, чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар, сабыр кылган эркектер жана сабыр кылган аялдар, урмат менен (Аллахтан) корккон эркектер жана урмат менен (Аллахтан) корккон аялдар, садака берген эркектер жана садака берген аялдар, орозо кармаган эркектер жана орозо кармаган аялдар, намыстарын коргогон эркектер жана (намыстарын) коргогон аялдар, Аллахты көп зикир кылган (эстеген) эркектер жана (Аллахты көп) зикир кылган аялдар; (мына) ушулар үчүн Аллах бир кечирим жана улуу бир сыйлык даярдаган. (Ахзаб Сүрөсү, 35)
Аяттан апачык көрүнүп тургандай аял да эркек да Аллахтын алдында бирдей жоопкерчиликтүү. Аял менен эркек арасындагы теңдик Аллахтын аялга жана эркекке дүйнө жашоосундагы сыноо убагында бирдей укуктарды беришинен да көрүнүп турат.
«Күмөнсүз Биз жер жүзүндөгү нерселерди ага бир кооздук кылдык; алардын кайсысынын жакшыраак иштерди кылаарын сыноо үчүн.» (Кехф Сүрөсү, 7) жана «Ар бир жан өлүмдү татат. Биз силерди жамандык менен да, жакшылык менен да текшерип сынайбыз жана силер Бизге кайтарыласыңар.» (Анбия Сүрөсү, 35) аяттары менен Аллах кимдердин жакшыраак иштерди кылаары ачыкка чыгышы үчүн аялды да, эркекти да сынап жатканын билдирген. Башка бир аятта болсо Аллах «Ант болсун, Биз силерди бир аз коркуу, ачарчылык жана мал-мүлктөрдөн, жандардан жана түшүмдөрдөн бир бөлүгүн азайтуу менен сынайбыз. Сабыр кылгандарды сүйүнчүлө.» (Бакара Сүрөсү, 155) деп өмүрүнүн аягына чейин аялды да, эркекти да ар кандай окуялар менен сынаарын, алардын баарына сабыр кылгандарды болсо мээрими менен сыйлаарын сүйүнчүлөгөн.
Аллах аялга да, эркекке да бир өмүр белгилеп, экөөсүн тең Курандан жооптуу кылып, экөөсүнө тең өмүрлөрүнүн ар бир көз ирмеминде аларга туураны илхам кыла турган бир абийир берип, напси менен шайтанды экөөсүнө тең душман кылган. Дүйнө жашоосундагы сыноонун бир талабы катары аял же эркек болсун, ким сонун мүнөздүү болуп чын ниеттүү иштерди жасаса, Аллах ал кишилердин дүйнөдө жана акыретте эң сонун сыйланаарын билдирген:
Эркек болсун, аял болсун ишенүү (ыйман) менен ким ыкластуу бир иш (амал) жасаса, алар бейишке киришет жана алар бир “уруктун сыртындагы бүчүрчөлүк” да адилетсиздикке туш болушпайт. (Ниса Сүрөсү, 124)