6 Ağustos 2013 Salı

КЭЭ БИР ХРИСТИАНДАРДЫН МУСУЛМАНДАР ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫЛЫШ КӨЗ-КАРАШТАРЫ


Бир диндин талаптарын аткарып жаткандай көрүнүп, бирок чындыгында ал динге кийин кошулган кошумчаларга моюн сунган, ал тургай, кошумчаларды өзү чыгарган киши «фанат» деп аталат. Ар кайсы диндин ичинде фанаттар болушу мүмкүн. Фанат бир адамдын эң негизги өзгөчөлүгү – бул анын өзү тутунган диндин өкүмдөрү боюнча жашоону четке кагышы, ал тургай, ал дин койгон жоопкерчиликтерди кабыл албашы, өз оюнан чыгарган бир дин түшүнүгүн кабыл алышы жана аны өзүнө жана элдерге кабыл алдырууга аракеттениши. Ошондуктан фанат бир адам үчүн динде жок нерселерди оңой гана динге кошууга болот. Динге туура келбеген нерселер уялбастан жасалышы мүмкүн, ал тургай, динди жамынып кылмыштар жасалышы, элдер караңгылыкка түртүлүшү мүмкүн, кысымчылык көрсөтүлүп, сүйүүнү алдыңкы планга чыгарган акыйкат диндер жек көрүү диндериндей көрсөтүлүшү мүмкүн. Мына ушул себептен бир фанат өтө кооптуу.
Бир аз мурда да айтылгандай, фанат ар кайсы динден чыгышы мүмкүн. Христиан фанаттар чыгып, Христиандыкты такыр башкача көрсөтүп, бул сүйүү динин бир жек көрүү дининдей көрсөткөн сыяктуу, Исламды чыныгысынан башкача көрсөтүүгө аракет кылгандар да – бул фанаттар. Ислам атын жамынып кекенүү, жек көрүү, өзүн-өзү өлтүрүү, кыргын сыяктуу түшүнүктөр менен эскерилген; илимге, искусствого, сонун нерселердин баарына каршы болгон; немат-жакшылыктардан ырахат ала албаган жана Христиан менен Иудейлерге душман мамилесин кылган көз-караш – Мусулмандардын эмес, фанаттардын көз-карашы. Көп адамдар муну Ислам деп түшүнүп аны сындашууда жана ушул себептен Исламга каршы болушууда. Чындыгында болсо каршы чыгыла турган нерсе – Ислам эмес, фанатизм, радикалдуу көз-караш.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder